Жылдын суперлерин аныктоо мезгили келди. SUPER.KG порталында жыл мыктыларына добуш бериңиз

2019-жыл соңуна жакындап келе жатат. Салтка айлангандай, "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы окурмандары менен биргеликте жыл аягында жылдын мыктыларын аныктайт.

Жылдын мыктыларын сыйлоо аземи концерт менен коштолот. Ал 14-декабрь күнү "BishkekPark" соода борборунда өтөт. Башталыш сааты 16:00дө. Кирүү акысыз.

2018-жылдын ноябрь айынан 2019-жылдын октябрь айына чейин маданият, шоу-бизнес тармагында жаралган эмгектерди жана ал эмгектердин жаратуучуларын, спорт тармагында ийгиликке жетишкен инсандарды тизмектеп чыктык. Талапкерлер сиздин добушуңуздун жардамы менен "супер" аталышат. Андыктан SUPER.KG порталынан өзүңүз сүйгөн ырчы, актёр, актриса, ыр, клип, тасма, көк бөрүчү, балбан, футболчуга добуш бериңиз.

Порталга катталган жаӊы колдонуучулар 3 суткадан кийин добуш бере алышат. Катталуунун эрежелери тууралуу ушул шилтемеден окуй аласыз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (64)
bahabaike
2019-11-14 20:12:54
Аа
-1
DanilAylin
2019-11-17 16:57:55
Биз добуш берген боюнча жыйынтык чыгабы анан,акырында озгоруп кетпесин да
-1
ArgenMers
2019-11-18 04:15:00
Бул менин жеке ойум албетте
Супер ырчы мырза Гүлжигит Сатыбеков
Супер ырчы айым Самара Каримов
Супер ыры Эрлан Андаш & Ирино Шотт
Супер Көк бөрүүчү Манас Ниязов
Супер Балбан талашсыз Айлууга берилсин
-4
KG_7755
2019-11-19 07:49:14
Ар бир адамдын тандоосу бар. Кыйратты, кыйратпады деп эксперт болбой эле койгула. Жакпаса орустар айтмакчы "завидуем молча".
-4
Tamara.99
2019-11-21 00:22:36
Неге Ильяз Абдыразаков жок акча же болунгонунорбу, былтыр да кошкон эмессинер Кыргыздар ушундайбыз кучтуу аранжировшик кучуу ообончу, аты чыгып келе жаткан спортчуларды жок кылабыз коро албастык кылып.
0
aiza.kyrgyzkyz
2019-11-22 03:18:53
Сыймык Бейшекеев деле татыктуу
+4
alizat1618
2019-11-26 00:21:55
супер ырчы айымга Самара Каримова татыктуу!!!
-4
Argen9899
2019-11-27 08:45:27
Эрлан андашев татыктуу быйыл катуу иштеди
+1
Erkinai7479
2019-11-29 12:50:09
Данияр Эрматовко добушумду берем
-2
prorab
2019-11-30 22:28:12
Добуш берүү токтогонбу, тизме чыкпадыго
0
Umka22
2019-12-04 13:53:24
Шаттык бийчилерге добуш берем
0
Isikkolumkeremet
2019-12-06 01:19:36
Урматтуу админ."делбирим"киносу [moderated]да да жок экен.корбосок неге кошосунар ким корду эле
+1
ola
2019-12-08 18:46:35
Өзүнчөле шайлоо го 1т көмүр шагыл түшүрүп көпүрөнү оңдосун анан добуш бергиле кыргыз элим
0
ola
2019-12-08 18:47:39
Пускай 1000ден единица салып берсин болбосо добуш бекер бербегиле ансыз да тойдогу акчаны фонограмма мн шыпырып кетип атышат
+2
Nurgazy80
2019-12-10 12:25:57
Добуш берүү токтотулган дейт го, кечигип калбадымбы ошондо?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан