Баткенде эки унаа сүзүшүп, 2 адам каза болуп, 4 адам жабыркады

Баткен облусунда катуу тумандан улам эки унаа сүзүшүп, эки адам каза болду. Бул тууралуу республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 6-декабрь күнү Ош-Исфана унаа жолунда болгон. Анда Мерседес-Бенц унаасы менен Хонда Фит унаасы сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Лейлек районунун эки жараны каза болуп, дагы 4 адам жабыркаган.

Учурда кырсык боюнча материалдар чогултулуп, териштирүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Seitek90
2019-12-09 01:54:07
Кудайым сактасын өлкөбүздөгү жол кырсыгы качан токтойт,дегеле токтотууга кандай иш аракеттер көрүлүүдө ушул маселеде алгылыктуу иш алып барылбай жаткандай.Өлкөбүздөгү эң орчундуу маселелердин бири бул жол коопсуздугу.ансызда чет эл чет жерде иштеген боордошторубуздун көбү ал жакта кырсыктап каза болуп жатса,минтип жарымыбыз жол кырсыгынан каза болуп азайып бараткандайбыз,ушулардын баарын жогорку атка минерлерибиз ойлонуп да койбоду.өлкөбүздүн келечегин көрө албай калдык го..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан