Кыргыз-Өзбек чек арасында кечээ, 7-декабрда мыйзам бузуу катталган жок. Мындай маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
"Жалал-Абад облусунун Ак-Курча аймагында Кыргыз жаранынын малы Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен. Эки өлкөнүн ортосундагы келишимге ылайык, чек арачы мындай убакта малды кайра айдап коюшу керек. Мындан улам Кыргыз жаранынын малын өзбек чек арачысы айдап келгенде жергиликтүү тургундар менен кайым айтышуу болгон. Окуя болгон жерге чек арачылар келишип, ортодогу пикир келишпестикти чечишкен. Учурда чек арада абал тынч", - деп жазылат маалыматта.