Америкалык ырчы Тейлор Свифт "Качан турмушка чыгасың?" деген суроодон тажаганын "People" журналына маек берип жатып билдирди. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.
"Турмушка чыга элек кыздарга берилчү соболго "Биз инкубатор эмеспиз" деп жооп бергим келет. Эртерээк турмушка чыгып, балалуу болууга кеңеш бергендерге каршылык көрсөткүлө. Кыздар мындай суроолорго каршылык көрсөтүүдөн тартынбашы керек. Бара-бара кадыресе көрүнүшкө айланып калат. Кыздарга 25 жашка толору менен "качан үй-бүлө курасың?" деген суроолор туш келди адамдан бериле баштайт. Бул бир аз орой мамиле кылуу болуп саналат", - дейт Свифт.
Дүйнөгө атактуу болгон Тейлор Свифт 13-декабрь күнү 30 жашка толот.