Бүгүн, 8-декабрда Оренбург-Акбулак унаа жолунда Кыргыз жарандарынын катышуусундагы жол кырсыгы катталды. Маалыматты Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги тастыктап, буларды билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Оренбург-Акбулак унаа жолунда болгон. Анда Тойота Превна жана Мерседес Спринтер унаалары сүзүшүп, кырсыктан улам унаалар күйүп кеткен. Унаада бара жаткан Кыргыз жарандары тактап айтканда, төрт адам каза болгон. Алар: 30 жаштагы Ж.А., 35 жаштагы Д.С., 23 жаштагы Б.Я. жана 38 жаштагы А.Т. аттуу жарандар болгон. Ошондой эле үч жаран Соль-Илецк шаарынын ооруканасына жеткирилген. Алар: 28 жаштагы А.Р., 32 жаштагы Ж.А. жана 31 жаштагы Ч.Н. аттуу жарандар.
"Учурда кырсык болгон жерде Кыргыз өлкөсүнүн Оренбург шаарындагы консулу жана диаспора өкүлдөрү иштеп жатышат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.