Акчасыз жашоону элестетүү мүмкүн эмес. Ичкен тамак-ашыӊ, кийимиӊ, түшкөн унааӊ, окуганыӊ, баары акчага барып такалат. «Тытынып эле иштейбиз, бирок жыйынтык жок» деп кейип калгандар да арбын. Акчабыз канткенде жугумдуу болот, акчанын келишине эмне тоскоолдук кылат, психологдун негизги кеӊештерин окуп, жыйынтык чыгарыӊыз.
ФЭНШУЙ БОЮНЧА...
1. Капчыгы жок жүрөсүзбү, бүгүнтөн калбай дүкөнгө барып сатып алыӊыз. Акчаӊызды үнөмдөбөстөн кымбатын, коозун, көлөмдүүсүн сатып алыӊыз. Ичине байлыктын символдорунун бирин, мисалы, кызыл лента байлап коюӊуз.
2.Капчыктын өӊүнө да көӊүл буруӊуз. Акча кызыл өӊгө тартылат. Ошондуктан капчыгыӊыздын өӊү кызыл болгону жакшы.
3. Дайыма капчыгыӊыздын ичин керексиз буюмдардан тазалап, акчаны ирети менен салганга көнүӊүз. Жиниӊиз келип жатса да ыргытпаӊыз.
4. Акча дагы өз үйүн жакшы көрөт. Анын үйү, албетте, капчык. Ошондуктан акчаны өз үйүндө жана ашканада сактаганыӊыз туура.
5. Тыйынга окшогон тегерек жалбырактуу гүлдөрдү өстүрүӊүз. Баканын статуэткасын сатып алыӊыз.
6. Акчаӊызды интуицияӊызга таянып коротуӊуз.
7. Эски, колдонуудан чыгып калган кийимдериӊизди кереги тиет деп сактай бербеӊиз, акчанын келишине жол тосот.
Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg