Жашоодон алган шыбагасы канааттандырбай калган пенделер үчүн ийгилик качан жылмаят деп ойлоносуң. Буга чейинки жазылган адамдардын тагдырларына окшошпогон кийинки каарманыбыз мына ушундай ойго түрткү берет. 45 жаштагы Мирлан Канаев 10 жылдан ашык убакыттан бери «Дордой» базарында араба түртөт. Ал тубаса ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, сүйлөй албайт. Биз Мирлан Канаевдин 1 күндүк жашоосун чагылдырып берели деп чечтик.
ЖӨЛӨК ПУЛУН ӨЗҮ АЛБАЙТ
Мирлан Канаевди базардагылардын баары Мурат деп таанышат. Ал Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунда туулган. Анын балалыгы, ата-энеси, бир туугандары тууралуу кенен маалымат ала алган жокпуз. Базарда соода кылгандардын билиши боюнча, Мирлан Канаев төрөлгөндө эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү болгон. Ата-энеси каза болуп калышкан, айылда агасы гана турат. Каарманыбыз колунан келишинче жаңсап түшүндүрүп берүүгө аракет кылды. Мамлекеттен берилген жөлөк пул 2000 сомго жетпеген акча дейт. «Аны айылдан алышат, менин колума тийбейт» дегендей ишарат кылды. Буга чейин "Дордой" базарына жакын жайгашкан Эне-Сай конушунун жанындагы сайдын жээгинде коробкадан алачык жасап алып баш калкалап келген экен. Калган маалыматты Мирлан Канаевди базарда таанып-билгендер айтып беришти.
«ИЧПЕЙТ, ТУРМУШУН ТЫҢ КЫЛАТ»
Суусар Муратбекова, «Жунхай» базарында соодагер:
– Өзү оорукчан болсо дагы ичип-чегип, бурч-бурчта уктап калган алты саны аман адамдардан айырмаланып оокатын тың кылат. Таң калычтуу, жашы 40тан ашып калганын ушу силер келгенде билип жатам. Бул жакта соода кылгандар жардам берип турушат. Биз турган 2-өтмөктүн соодагерлери ынтымактуу. Лира деген келин бар, ал Муратка кээде эски-уску эмес, жаңы кийим деле сатып берип коёт. Акчадан жардам кылып, тамак алып бергендер бар.
Мына, базар миңдеген адамдарды багып жатат. Бул жакта Муратка окшогондор эле араба түртпөйт, чындап келсе баарыбыздын моюнубузга турмуш арабасы каамыт болуп илинген да. Мен деле 6 баланы багам деп соода-сатык кылып жатам. Бизге окшогон эл тапкан каражатынан салык төлөп мамлекетти багып жатат деп так кесе эле айтам. Маңдайымдагы контейнерде чемодан, сумка сатылат. Бир күндө бир нече жаш жигиттер, кыз-келиндер «Орусияга кетип жатабыз, сапаттуусун бериңиз» деп чемодан алып кетишет. Тобо, өлкөбүздө ишке жарамдуу киши калабы деги деп калам. Баарыбыз эле иш жок темселеп жүрсөк Муратка окшогон багар-көрөрү жокторго ким каралашып, башынан сылап «жаша» деп үй бермек эле? Ошентсе деле бул дагы Кыргызстандын жараны. Сизге, мага тең карагандай эмне үчүн Муратка окшогон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга да өкмөт тең карабайт?!
«КЕНЕДЕЙ ЖЕРГЕ 1500 СОМ ТӨЛӨЙТ»
Үй демекчи, Мирлан Канаев учурда кандай жайда баш калкалайт билгибиз келди. «Дордойдун» айланасында кимдер жашайт? Соодагерлерге тамак, чай, суусундук, май токоч саткандар, коробка терип тиричилик кылгандар, араба түрткөндөр, тигүү цехтеринде иштеген тикмечи кыз-келиндер жана башкалар. Узунунан салынган там, 5тен 8ге чейин эшик ачып, ар бирине бирден үй-бүлө кирет. Ошондой бир короого кирип келдик. Каарманыбыз узун салынган тамдын бир бөлмөсүндө жашайт го деп жатсак, түз эле короодогу мончонун көмүрканасына кирип кетти. Туурасы 2 метр, узуну 4 метр болгон жерде жашаарына күбө болдук. Атын айткысы келбеген келин кошунасы тууралуу буларды айтты:
– Бул жерде мурда жашачу. Кийин эмне себеп болду билбейм, кетип калган. Ар кай жакта жашап жүрчү экен, сайдын боюнда, таштанды төгүүчү жайга жакын жерде коробкалардан алачык жасап жашайт деп угуп калчубуз. Мурат кеткенден кийин бир жаш кыз кожойкеге айтып ушул жерди актап, тазалап жаңы жашап баштаган эле, кайра кетип калды, ал бекер жашачу.
Мураттын кайтып келгенине 1 айга жакындап калды. 1500 сом төлөп жашайт. Электр энергиясына кандай төлөйт билбейм. Кышкысын жылыткыч сайыш керек да. Анын үстүнө алды ным тартат. Кире беришине казан-аяк, шыпыргы, дагарасын коёт, төркү бөлмөсүнө уктайт. Айтор, тиричилиги ушундай. Эртең менен эрте туруп кетет. Ошол боюнча базар жабылганда келет. Өзү ичпейт, кайсы бир учурларда ооруп үйүнөн чыкпай калат. Жакында эле айылына барып келди окшойт.
«ЖАКШЫ СООДАЛАШАТ»
Мындан соң базардын четиндеги коробка кабыл алган жерге келип, Мирлан Канаевдин жердешине жолугуп калдык. Өзүн Улан Молдокеев деп тааныштырган маектешим буларды айтты:
– Муратты айылда жүргөндө билчү эмесмин, бул жакка келип билдим. Бишкекке илгери эле келген окшойт да. Бизге коробка терип келип өткөрөт. Килограммын 3 сомдон алабыз. Мурда мага өткөрчү, азыр өткөрбөйт, балким, баасы жакшы чыккан башка жерди таап алгандыр. Катуу соодалашып коёт (күлүп). Мындан сырткары целлофан, полиэтилен баштык жана кытай каптарын да чогултуп өткөрөт. Аларды коробкага салыштырмалуу кымбатыраак алабыз. Айылдагы туугандары деле каралаша турган абалда эмес. Ар кимдин өз жашоосу бар да. Бирок жол кире камдап алып каттап турат экен.
«ЖАШЫ ӨТКӨН АДАМДАР КӨП АРАБА ТҮРТҮШӨТ»
Араба түртүү жумушун жон териси менен сезген маектешимдин бири атын жашырып коюуну суранды:
– Араба түрткөндөрдү билесиңер, кыйкырып, бирөөнүн бутун тебелетип албайын деп эскертип жүрмөй. Бул бала болсо ар түрдүү үн чыгарып айдайт. Кээде жалдаган кишиси өзү ээрчип жүрөт. Арабачылар жүктү айтылган дарекке ылдам жеткирип, кайра кийинки кардарына кызмат көрсөтүшү керек. Аралыктын алыс-жакынына жараша 100 сомдон жогору баага жүк ташыйбыз. Кампасынан товар ташытып келген соодагерлер бар. Алар белгилүү эле араба түртүүчүлөр менен иштешет. Базарда ички тартиптер бар.
Бир аз жашы өтүп калгандарга бооруң ооруйт. Кыйраңдап оор жүктү жүктөп, кайра түшүрүш оңой эмес. Шаар ичинде ишке жарамдуулар үчүн жарыяланган жумуш ордулары эң улуу дегенде 40 жашка чейин гана деп жазышат. 60ка таяп калгандар же курулуш иштерине жарабаса, же жүк ташуучу кызматына жарабаса, эки дөңгөлөктү сүйрөп араба түртүүгө көп келишет.
2-3 күн мурда жааган жаандан суук тийип калганбы, ооруп жумушка чыкпай калган дешти кесиптештери. Өзүнүн жаңсап түшүндүргөнүнө караганда айылда бир жума жүрүп, кечээ жакында эле келиптир. «Барып ийне сайдырып дарыландым» дейт. Кабагын чытып, ичин көрсөтүп ушалап, колуна ийне сайылган жерлерин көрсөтүп, үнүн чыгарып койду. Сыягы ичи ооруган өңдүү. Күнүнө канча сом табарын сурасам, колунун манжаларын ачып-жумуп «жакшы дегенде 500 сом» деди. Кабыргасы кайышып өзүнөн 2-3 эсе оор жүктү сүйрөп жүргөн каарманымды көрүп, боорум ооруп турду.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg