Бул жигитти «Кудача кыздан» баштап тааныйбыз. Өзгөчө башы домбра же комуз менен кошо кыймылдап кеткени жагат. Маегибиз кызыктуу болду, каарманым эмнеден «кайф» аларын, келинчегине эмнеге ыраазы болгонун, атак-наам ага эмнеге керек болбой калганын айтып берди.
– Султан, көптөн бери интервью бергиң келбей кетенчиктеп жүрдүң, эл көзүндө болгуң келбей калдыбы?
– Мен интервью берүү кызык болгон маалдан өтүп кеттим окшойт. Көп эл алдында болгум келбейт. Бирок чыгармачылыгым токтоп калган жок. Тасмаларга саундтрек жазып жатам, ырдын сөзүн, обонун өзүм чыгарам. Ырлар чыгып жатат. Мени тойдо, концертте, көп эле жерде көрүүгө болот (күлүп). Жакын арада жеке концертимди берейин деп турам. Мага ини, бир тууган болуп жүргөн Бакыт Аалиев деген жигит бар. Ал «байке, чогуу иштешели» деди, экөөбүз чогуу иштешүүнү туура көрдүк.
– Расмий түрдө продюсериң болдубу?
– Азыр иштешип жатабыз. Келечекте пландар бар. Жаңы жылдан кийин расмий жарыялайбыз.
– Акыркы ырларыңдан, тарткан клибиңден жанданууну байкадым...
– 4-5 жылдан бери өзүм ырлардын сөзүн, обонун жазып жүрөм. 2010-жылдан бери жандуу ырдаганды максат кылдым. Жандуу ырдоо өсүүгө түрткү берет экен. Ооруп калганда, тартуу иштеринде эле фонограмма болбосо жандуу ырдап келе жатам. Андан ырахат алам. Фонограмма менен ырдаганда бир нерсенин ичине түшүп калгансып кыйналып кетем.
– Чыгармачылыгыңда бурулуштар болушу мүмкүнбү?
– Жок, чукул бурулуш болбойт. Чачымды бузуп, кашымды терип, башка стилде ырдап хайп менен элди алгандан алысмын. Ушул ырларым менен эле элден колдоо таап келе жатам. Тескерисинче, азыр дастан айтып ошол өнөргө көбүрөөк басым жасасамбы деп жатам. Анткени жоголуп бара жаткан өнөр, өзүмө комуз менен дастан айткан жагат.
– Ырчылар акыркы кезде оор уйкуда жаткандай сезилет, бул эмнеге байланыштуу деп ойлойсуң?
– Тойго байланып калдык. Ырчылардын көбү тойго ылайыктап ыр жаздырып калышты. Азыр шарт ушундай болуп жатат. Жаш ырчылардын көбүн тойдон көрөсүң. Биз жаш кезде тойго барып ырдачу эмеспиз. Концертке иштечүбүз. Тойго мен кийин эле бара баштадым. Азыркы ырчылардын көбү той менен бутуна туруп жатышат.
– Тойлор бир күнү токтоп калса ырчылар эмне кылат болду экен деп көп ойлоном...
– Мен да ойлоном. Бирок той токтосо концерттер башталат. Чыгармачылык баары бир токтобойт. Көп таланттуу жаштар өсүп келе жатат. Тойлордон көрүп, «ушу сахнада ажары ачыла турган бала экен» деп калам. Буюрса, ал дагы болуп калар.
– «Ыраазымын сага» деген ырың жакты, канча жылдан кийин жубайыңа ыраазычылык билдирдиң?
– Үйлөнгөнүбүзгө 10 жыл болду. Үч балам бар. 10 жылдан бери менин кандай гана мүнөзүмө чыдаган жок. Бул ырды дем-күч берип келген келинчегиме арнап чыгардым.
– Келинчегиң өзү ыраазы болдубу бул ырга?
– Албетте, ага жакты.
– «Эгиз жүрөк» деген ырыңдын клибин тарта турган болгондо экөөң урушуп кетип тартылбай калды дедиң эле, бул жолу урушпасаңар керек, ээ?
– Ал кезде жаш болчубуз. Негизи жубайлар жаңы үйлөнгөндө ысык болот эмеспи, ысыгы кийин-кийин тарайт дешет. Биздики тескерисинче болду, үйлөнгөндөн кийин эки жыл экөөбүз бири-бирибизди түшүнүшө албай жүрдүк. Мен да айтканымды бербей, ал дагы айтканын бербей, көнүшө албай жүрдүк. Үй-бүлөбүздү ортодогу чоң сүйүү куткарып калды окшойт. Азыр сүйүүбүздүн эң керемет жериндебиз. Аябай жакынбыз. Үй-бүлө болгондон кийин азыр деле бир нерсени талашып кетесиң, бирок экөөбүз бири-бирибизди аяп, аярлап мамиле жасап калдык. Бул жолу «үй-бүлөгө арналып жаткан ыр, клипке түшүп бер» десем макул болду. Элдин арасында ээн-эркин боло албай калам дейби, келинчегим «мени чыгармачылыгыңа аралаштырба» деп суранып келет. Таанымал болгусу келбейт. Ырчылардын аялдарындай болуп бирөө менен дос боло калгысы деле жок. Клипке тартылууга үй-бүлө менен архив катары калсын деп көндүрдүм.
– Чыгармачыл адамдар муза издеп кетишет эмеспи, сен токтолгон окшойсуң...
– Издеп деле бүттүк, муза үйдө эле экен (күлүп). Токтолгонума келсек, бул жашка деле байланыштуу эмес, айрымдар 40 жашында деле кутуруп кетишет. Мен жаш кезимде кутуруп чыгарып алдым окшойт. Ошол жакшы экен. Анан да мурунку чыгармачылыгымдан азыркы чыгармачылыгымды жакшы көрөм. Ар бир ырыма жакшы мамиле жасап, толгонуп чыгарам. Салмактуу, маанилүү сезилет.
– Ар бир адамда жашында «менин жашоом ушундай болсо» деген кыялдануу болот эмеспи. Сенин жашооң кыялдангандай болдубу?
– Жашоом кыялдангандан да сонун болду. Кыз десе кыз, уул десе уулум, сулуу жарым бар. Мен боёнбогон, үйдө отурган, назик аялым болсо дечүмүн. Мени кызганбаса деп ойлочумун, азыр мени такыр кызганбайт. Балдарым зээндүү, акылдуу. Үстүмдө бир үйүм болсо дечү элем, ал дагы бар. Эл менин бир-эки ырымды тааныса деп да кыялданчумун, эки эле эмес, азыр 50 ырымды билгендер бар. Ата-энем кашымда, бир туугандарым аман. Бардык жерде сый-урматтамын. Адамга өзү көп нерсенин кереги жок, жөн эле жашагың келет экен.
– Эркектер табиятыңардан атак-даңк болобу, байлык, сүйүү болобу, кууганды, ага жеткенди, багындырганды жакшы көрөсүңөр. Сен эч нерсенин аркасынан кубалабай калдыңбы?
– Жок, кубалабайм. Мисалы, 4-5 жылдан бери ММКлар кубалап эле интервьюга чакырып жүрүшөт. Дайыма баш тартып келем. Бул бой көтөргөндүк эмес, бул атакты кубалабаганымдан. Жакшы чыгарма жараткым келет, кичине болсо да бир адамды сүйүнткүм келет. Элдин эсинде жакшы чыгармаларым менен калсам дейм. Менден 10 жыл кийин чыккан ырчылар «эмгегин сиңирип» салышты. Эгерде бийликке кызмат кылып бекер барып ырдап «подход» жасасам мен деле алмакмын. Мен антпейм. Бирөөгө жалдырап «Эмгек сиңирген артист» наамын алсам, 2-3 күндө өрттөп жиберсем керек. Басынып жүрүп алгам деп жаман болмокмун. Андан көрө мен элдин арасында ырдасам ошолордун эргүүсүнөн «кайф» алам. Эч кимден коркпойм, көз каранды эмесмин. «Чёрныйы» болобу, «красныйы» болобу, өнөрүмдү сыйлашат.
– Үй-бүлөлүү болгонуңа карабай элдин, өзгөчө аялзатынын дагы деле сүймөнчүгүсүң. Сыры эмнеде?
– Менин жөнөкөйлүгүмдөн болуш керек. Кооздоп кийим кийип, кооз сүйлөбөйм. Кандай болсом болгонумдаймын. Жасалма жашоомду көрсөтүп менде баары укмуш дебейм. Айрымдар жашоосунун кооз тарабын эле көрсөтө алат, мен кандай болсо ошондой, чыныгы тарабын көрсөткөндөн коркпойм. Аялдар кооз, жасалма эркектерди жакшы көрбөйт. Эл аялдар үчүн ошондой жүрөт экен деп ойлоп калбасын, болгонум ушул.
– Демек, кыздардын көз караштарын сезесиң...
– Сезем, бул нерсе мен үчүн жагымдуу гана болот. Ары жол жок.
– Маегиңе рахмат!
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg