БЫЧАК МИЗИНДЕГИ ЖАШОО (Тынч жашоосу күтүүсүз бузулуп, Казакстанда оор күндөрдү баштан кечирген жигиттин жашоосу тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Адыл ушинтти да, унчукпай калды. Канат экөөбүз бөлмөдөн чыгып залдагы бир столдун жанына келдик, музыкадан угулбайт эле, кулагыма "таякең ушул жерде отурат, мен керек болсом бардын жанында болом" деп кыйкырды да кетип калды. Таякем сыртка чыгып кетиптир.

Cтолдун үстү толо. Бир бөтөлкө арак, бир бөтөлкө коньяк, колбаса, салаттын, суусундуктардын түрү турат. Ичиндегисин жеп бүткөн окшойт, бир бош чыныны четке жылдырып коюптур. Тарелкада узундугу жарым метрдей болгон эки чоң шишкебек. Аңгыча официант кыз жыты буркураган ысык шорпо алып келип, столдун үстүн бир сыйра аарчып, тазалап кетти. Курсагым аябай ачкан экен, шорпону бат эле түгөтүп, шишкебекке кириштим. Спорт менен машыгып жүргөндө тамакты көп жеп көнгөм, шишкебекти бат эле жеп жибердим.

Ой баса түшкөн экен, таякемдин келгенин байкабай калыптырмын, далымдан таптаганда гана көрдүм. Маанайы жакшы, коньяктан чоң стаканга толтура куйду да бир дем албай тартып жиберди. Артынан лимон жеп, мага бирдемелерди сүйлөп жатты. Бирок музыкадан эч нерсе угулган жок. Таякем арык, бою кичинекей адам, биртке эле спирт ичимдигин ичсе мас болуп калат. Карапайым, эч кимге зыяны жок, ак көңүл адам. Биринчи алма алып келгенибизде таякемдин акчасына алып келип, жакшы эле пайда көргөнбүз. Ошондо таякем пайданы тең бөлөбүз деп, “жок” дегениме болбой пайданын жарымын колума карматып койгон.

Таякемди "эс алып алсын" деп айтканы Канатка барсам эки-үч жигит болуп тамеки чегип турушкан экен, мени көрүп бери карай басты:

– Эмне керек, Самат, эмне кемчилик?

– Биз эс алалы, Канат, таякем да мас болуп калыптыр.

– Биздин балдар үчүнчү кабатта чогулуп жатышат, таякеңди жаткызып коюп жүрбөйсүңбү биз менен? Бир балабыз жаңы машина алыптыр, ошону жууп бергени жатат.

– Эс ала берейин, чарчадым.

Канат негедир күлө карап:

– Жүрө бер биз менен. Баары сени сөз кылып жатышат. “Келемишти”, шефтин ишенген эки жигитин өзүң жалгыз уруп салганыңды угушуп, сени менен таанышалы деп жатышат. Таанышып ала бер, кийин сөзсүз кереги тиет,- деп калды.

Чарчагандыктан, 3-4 саат жакшы уктап алсам деп тургам. Бир жагынан барганда деле мен тааныбаган адамдар. Бүт эле ууру-кескилер болсо булар менен мамиле түзүп эмне кылам дедим ичимден.

– Чакырганыңа рахмат. Эртең жолго чыгышыбыз керек, бир аз уктап алайын.

Канат "макул, өзүң бил" деди да таякемди колтуктан ала ошол эле ресторандын үстүңкү кабатындагы мейманканага жеткирип койду. Бир бөлмөсүн даярдатып коюптур. Канат эшиктин ачкычын сунуп:

– Жүрө берсең болмок, балдар таанышып алалы деп жатышкан, кийин иштериң чыгып калса да кереги тиет эле.

Кайра-кайра чакырып жатса барбаганым кандай болот, жолдо деле уктап алармын деп ойлоно түштүм.

– Макул, бир аздан кийин барам,- дедим.

– Ооба да, жүрө бер, биз менен бир аз чер жазып отуруп келесиң да. Кыздар болот, таанышасың. Эртең поездде деле уктап аласың. Макул, мен бир сааттан кийин келем,- деп чыгып кетти.

Мейманкананын люкс номери экени көрүнүп турат. Ичинде баары бар. Джакузиде жарым сааттай жаттым, чыккың келбейт. Бир сааттан кийин Канат кирип келди, жүзү кызарып, ичкени байкалып турат.

– Жүрү, досум, балдар сени күтүп жатышат,- деди. Үчүнчү кабаты төрт бөлүккө бөлүнүптүр. Канаттын шериктери эң четкисинде экен. Залдын төрүндө ырчылар казакча шаңдуу ырдашып, коноктор ортодо бийлеп жатышат. Канат мени төрдөгү чоң столго алып барды.

Төрдө Серик сулуу, арыкчырай кыз менен отуруптур. Бир күлкүлүү окуя айтып берген го, жанындагы кыз токтоно албай күлүп жатат. Серик ордунан тура мени менен учурашып, жанынан орун берди. Музыка жаңырып жатат, Серик жанындагы кызды көрсөтүп кулагыма кыйкырды:

– Таанышып алгыла, аты Алина. Алина бул жигит жана мен сага айткан бала, аты Самат, Кыргызстандан.

Алина колун сунуп, башын ийкеп койду.

Аңгыча музыка токтоп, жарыктар күйүп, ар ким өз ордуларына тарай баштады. Биз отурган столго төрт жигит, үч кыз келип кошулду, турайын десем Серик далымдан кармап:

– Отура бер, батабыз баарыбыз,- деп койду. Жигиттерге карап:

– Жанагы мен айткан Самат ушул жигит, таанышып алгыла,- деди эле баары колун сунуп аттарын айтып таанышып жатышты.

– Самат иним, өзүңдү кенен алып отура бер кысылбай. Бул жерде баары өзүбүздүкүлөр. “Келемиш” ошону көрө турган болуп жүргөн. Макул эми, Русик, куй баарыбызга, мен тост айтып коёюн,- деп ордунан турду.

Сөзгө тапан, ыңгайы келгенде анекдот кошуп күлдүрө сүйлөгөн адам экен. Тостту да күлкүлүү кылып айтып, отургандардын баары ичип жиберишти. Канат мени “жүр” дегенде буларды ызы-чуу, жалаң жаргондор менен сүйлөп керсейгендер болуш керек, масчылыкта мага да асылып мушташып кетпес бекем деп чочулаган элем. Мен ойлогондон башкача болуп чыкты, ал жерден бири да сөгүнгөн жок, тамашалары да орду менен, кыздарга да сый мамиле. Чеги менен бийлеп, ыңгайы келсе ырдап, көңүлдүү отурушту.

Бул балдар бандиттер эмес, жөнөкөй жигиттер экен. Жайсаңды көрүп эле баарын “бандиттер, рекэттер” деп ойлоптурмун. "Бир кумалак бир карын майды чиритет" болуптур.

Коньяктын күчүбү же отурган адамдар көңүлүмө жактыбы, айтор, бара-бара мен да өзүмдү кенен сезип, сөзгө аралашып кеттим. Алар казакча, мен кыргызча, кээ бир түшүнбөгөн сөздөрдү орусча түшүндүрүп сүйлөшүп жаттык. Башка столдо отурган жигиттер да келишип, мени менен таанышып, далымдан таптап кетишсе таң калып калам.

Түнкү саат бирлерде баарыбыз сыртка чыктык. Бирөөсү Мерседес алыптыр, капкара, дээрлик жаңы эле. Баары отуруп көрүп, ары-бери айдап да көрүштү. Мен да рулга отуруп, мотордун үнү угулбай жүрүп турган машинада өзүбүздүн машинаны эстеп кеттим. Атамдын да кара түстүү 06 Жигулиси бар эле. Аны кийин Жалал-Абаддан бир-эки жолу көрүп калдым, банктан аукцион аркылуу сатып алгандар минип жүрүптүр.

Үйүбүздү болсо өзүбүздүн эле алысыраак тууганыбыз сатып алган.

Түнкү саат үчтөрдө тарадык.Келсем таякем коңурукту кош тартып уктап жатыптыр. Көпкө чейин уктай албай ар нерсени ойлонуп жаттым. Айылга барганым менен жумуш жок, баягы эле жашоо. Негедир үйүбүздүн эшиги көз алдыма элестеди. Азыркы жашап жаткан үйүбүз Союз маалында дүкөн болгон, төрт бөлмөлүү чакан там эле. Эшиги да ошол маалда коюлган бойдон алмаштырылган эмес. Бир убактарда көк сырга боёлгон экен, сырлары эбак көчүп, бир-эки жери сынып да кеткен. Жакшы жабылбайт эле, кечинде жатарда ичинен туткасын жип менен тарттырып дубалга кагылган мыкка байлап койчубуз. Азыр деле ошол бойдон турса керек...

Көпкө ойлонуп, акыры Казакстанда калам деп чечтим. Кандай жол менен болсо да акча таап, үйүбүздү кайра сатып алам, апамдарды кайра ошол үйгө алып барып, карындашымды ошол үйдөн турмушка узатам. Калганын көрө жатармын. Кайсы маалда уктап кеткенимди билбейм, таякем ойготту, жуунуп-таранып алыптыр.

– Тур, жээним, кеттик. Эртерээк акчаны алалы да, вокзалга бара берели.

Таякеме “мен калам” деп айтайын деп баратып, адегенде Адыл менен сүйлөшөйүн, анан деле айтармын деп токтоп калдым. Залга чыксак Канат күтүп туруптур. Машина менен базарга бардык. Ал жердеги имараттардын биринин экинчи кабатына көтөрүлүп, бир эшиктин жанына барганда Канат "азыр чыгам" деп ичкери кирип кетти. Таякем "Жайсаңдын кабинети" дейт. Бөлмөнүн ичинен бири-бирине катуу сүйлөп, талашып-тартышып жаткан адамдардын үндөрү угулуп жатты. Ойлоно түшкөн экем, бирөө жаныма келип "Самат, кандайсың?" дегенинен карасам Адыл ага. Жанында эки жигит турат, бирөөсү кечээги мушташта көзү жарылган бала. Башын, бир көзүн кошуп бинт менен таңып алыптыр. Мени жаман көрүп калды го десем андай деле түрү көрүнбөйт, мени менен күлүп учурашып, колумду кысып койду. Экинчисин көрбөгөн экенмин.

– Отура тургула, өзүм чакырам,- деген Адыл ага ичкери кирип кетти.

Жыйырма мүнөттөн соң эшик ачылып, бөлмөдөн колуна папка, калькулятор кармаган, көз айнекчен арык киши, артынан бир жигит, анын артынан башын жерге салып Жайсаң чыкты.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
akmanai
2019-12-16 14:12:04
Мыкты рахмаат.
+1
manatova
2020-02-13 15:19:38
жакшы
0
№ 893, 12-18-декабрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан