АЙТМАТОВДУН ТАСМАДАГЫ КААРМАНДАРЫ КЕЧЭЭ ЖАНА БҮГҮН

Танабай, Толгонай, Дүйшөн, Данияр, Казангап, Мылгун, Ильяз, Нургазы, Ысмайыл, деги койчу, адабияттын алпы Чыңгыз Айтматовдун каармандарын санап отурсак тизме узундан узун. Ал каармандардын образы менен бир гана кыргызга эмес, бүтүндөй адам баласына таасирдүү тарбия бере алат.

12-декабрь улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Анын көзү тирүү болгондо бүгүн 91 жашка чыкмак. Бул күндү 2011-жылдан бери Улуттук адабият күнү деп белгилеп келебиз. Адабият күнүнүн урматына кино тасмаларда Айтматовдун каармандарынын образын чагылдырган инсандар тууралуу жазууну туура көрдүк.

БУСУРМАН ОДУРАКАЕВ: «ЫСМАЙЫЛ СОГУШТАН КОРККОНУНАН КАЧПАПТЫР» («КУШ ӨМҮР» – ЫСМАЙЫЛ)

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Бетме-бет» повестинин негизинде 1990-жылы режиссёр Бакыт Карагулов «Куш өмүр» деген аталышта тасма тарткан. Анда баш каарман Ысмайылдын ролу Бусурман Одуракаевге буюрган. Бусурман Одуракаев азыркы күнгө чейин кино тармагында эмгектенип, учурда режиссёр катары тасма тартуу иштери менен алек.

Актёрдун айтымында, бул чыгарма менен алгач ал 7-классында таанышкан. Ал кезде тасмага тартылып Ысмайылдын ролунда экранга чыгам деген ой үч уктаса түшүнө кирген эмес. 1989-жылдын аягында чыгарманы экрандаштыруу чечими чыгып, кастинг жарыяланган. Актёр алгач фото, видео сынактан, андан кийин көркөм кеңештин сынынан өткөн. Баары бүткөн соң Чыңгыз Айтматов өзү дагы баш каармандарга тандалган актёрлорду карап, макулдугун бергенден кийин гана аталган ролго бекитилген. Тартуу иштери башталарда чыгармадагы чыныгы Ысмайылга жолугуу үчүн Таластагы Көк-Сай айылына барышат. Бул тууралуу актёр буларды эскерет:

– Ысмайыл чыныгы жашоосунда узун бойлуу, чап жаак, тамашакөй киши экен. Биз барганда аттан жыгылып, буту сынып төшөктө жатыптыр. Ал бизге согуштан коркконунан качпаганын айтып берген. Эки адамга бирден эле мылтык. Окоптон баш баккан эле киши өлүп жатса же согушайын десе колунда куралы болбосо, андан көрө айылыма барып эле өлөйүн деп качып келе бериптир. Качканы үчүн көп жыл түрмөдө жатып жазасын алган экен. Ал адамга жолуккандан кийин тартуу иштери 6 айга созулган. Таластын Беш-Таш айылындагы үңкүрдөн баштап, акыры үйдүн ичинде тартылган эпизоддорду Ташкенттеги «Өзбек фильм» павильонунан тартып аяктаганбыз.

ШАЙЫР КАСЫМАЛИЕВА: «СЕЙДЕ МЕНИН ДЕБЮТТУК РОЛУМ, АНДЫКТАН БИР АЗ КООПТОНГОМ» («КУШ ӨМҮР» – СЕЙДЕ)

«Бетме-бет» тасмасындагы Сейденин образын Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Шайыр Касымалиева чагылдырган. Актриса бүгүнкү күндө дагы байма-бай кинотасмаларда роль жаратып, режиссёрлук өнөрүн да эл назарына алып чыгып жүрөт. Актриса Сейденин ролу тууралуу төмөндөгүлөргө токтолуп өттү:

– Сейденин ролу менин кинодогу дебюттук ролум болгондуктан, башында бир аз коркуу, кооптонуу сезимдери курчап турду. Бирок режиссёрдун жетегинде камера алдындагы ишимди талапка ылайык аткарып кете алдым деп ойлойм. Ал учурда азыркыдай шарттардын болбогондугуна байланыштуу бир топ кыйынчылыктарды басып өттүк. Мисалы, кинонун бир бөлүгү тартылып бүткөндөн кийин плёнканын, кадрлардын сапатын текшерүү үчүн тасманын ал бөлүгүн Санкт-Петербургга же Ташкентке жөнөтүшчү. Эгер ал жактан бир мүчүлүштүк болгондугу аныкталса, тасманын ошол бөлүгүнө кайра башынан тартыла баштачубуз. Анткен менен улуу жазуучунун чыгармасындагы баш каармандын ролун ойноо бактысы мага буюрганына азыркы күнгө чейин кубанам.

НАЗИРЕТ ДУБАШЕВ: «ЧЫН ЭЛЕ ӨЛҮП КАЛГАН ЖОКМУНБУ ДЕП ИЧИМДЕН КОРКУП КЕТКЕМ» («ЖАМИЙЛА» – СЕЙИТ, «БИРИНЧИ МУГАЛИМ» – СУБАН)

Назирет Дубашев атактуу жазуучунун бир эмес, эки чыгармасындагы эки каармандын образын тасмада калың элге татыктуу чагылдырып берген инсан. Назирет Дубашевдин эки гана ролу бар. Кийин дагы тасма тартуу иштерине аралашып жүргөнү менен, актёр катары роль жараткан эмес. Учурда ата конушунун очогун өчүрбөй Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында жашап келет.

Айтматовдун каармандары тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:

– Мен Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатында окугам. Ал жакка кээде тасмага тартуу үчүн таланттуу балдарды издеп келип калышар эле. Ошондо мени менен кошо 3-4 баланы алып кетишкен. Ырдатып, бийлетип, сүйлөтүп сындашат экен. «Ырдап бергиле» дегенде чогуу барган балдардын баары эле уялып ырдабай коюшту. Эки жагымды карасам бир шкаф турган экен, мен «ырдайм, бирок тетиги шкафтын ичине кирип алып» дедим. Шаршен Термечиковдун «Ой тобо» деген ырын ырдап бердим. Ошентип «Биринчи мугалим» тасмасындагы Субандын ролуна тандалып калгам. Ал кезде болгону 9-10 жаш курагым болчу. Эсимде калганы, Субан кырсыктан каза болгондо, башында кемпирлер кошок кошуп отурушкан жери бар эмеспи. Ошондо чын эле өлүп калган жокмунбу деп ичимден коркуп кеткем. Кийин «Жамийла» тасмасына сынап көрүшүп, бардык сындан өткөн соң бир өзбек бала экөөбүздү алып калышты. Акыры мени Чыңгыз Айтматов өзү тандап, «Жамийла» тасмасында Сейиттин ролуна бекитилгем. Тасма иштери буга чейин да мага тааныш болгондуктан бул ирет бир аз жеңилирээк болду. Жамийла кетип калганда Сейиттин ыйлап чуркаган жери бир эле дубль менен тартылган. Баары даяр турушту, башкы коюучу «даяр болгонуңда айтып кой» деди. Ары-бери бир аз басып туруп ичимден даяр болгонумду сездим да, «баштадык» дегендей ишарат кылдым. Шар эле тартып койдук.

НАЗИРА МАМБЕТОВА: «КАДИЧА ШАМ ЖАГЫП ИЛЬЯЗДЫ КҮТКӨН ЭПИЗОДДУ МЕН ОЙЛОП ТАПКАМ» («МЕН ТЯНЬ-ШАНЬ» – КАДИЧА)

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, театрдын, кинонун жылдызы Назира Мамбетова Ч.Айтматовдун «Кызыл жоолук жалжалым» чыгармасынын негизинде тартылган «Мен Тянь-Шань» кинофильминде Кадичанын ролун жараткан. Ал учурда актриса Москвадагы Луначарский атындагы театралдык институттун 4-курсунда окуп жаткандыгын айтат. Актёрдук чеберчилик сабагы жүрүп жаткан жеринен "Мосфильмдин" режиссёру Ирина Поплавская кирип, бардык студенттерди фото сынакка чакырган. 24 кыргыз студенттин ичинен видео сынакка Наталья Аринбасарова, Таттыбүбү Турсунбаева жана Назира Мамбетова тандалып алынган. Жыйынтыгында аталган ролго Назира Мамбетова бекитилген. Бул тууралуу актриса мындайча баяндайт:

– Видео сынактан бизге «Төө-Ашууну ашканга жогору жактын уруксаты жок чиркемени бердиң, эми автобазанын башчысы билип калса, Ильязды да, сени да иштен айдайт. Сенин абалың? Ошону көрсөтүп бер» деген тапшырма беришкен. Ойлонуп жатып бул тапшырманын негизинде Кадича шам жагып Ильязды күтүп отурган жерин ойлоп таап, даярдап баргам. Кийин режиссёр ал этюдду тасмага киргизем деп Чыңгыз Айтматовго айтып, кадр сыртындагы текстин жаздырган. Ушул күнгө чейин бул ролум үчүн мактагандар да, ошол эле учурда терс каармандын таасири менен жек көргөндөр да бар. Кийин Ош кыргыз драма театрында иштеп жүргөндө Болот Шамшиев «Ак кеме» тасмасындагы Бекейдин ролун сунуштап, ал тасмада да роль жараткам. Ошентип, Чыңгыз аганын 2 каарманын тасмада ойнодум деп сыймыктанып келем.

НАТАЛЬЯ АРИНБАСАРОВА: «АТТЫН ҮСТҮНӨН ЭСИМ ТАНА ЖЫГЫЛГАМ» («БИРИНЧИ МУГАЛИМ» – АЛТЫНАЙ, «ЖАМИЙЛА» – ЖАМИЙЛА)

«Биринчи мугалим» жана «Жамийла» повесттериндеги баш каармандар Алтынай менен Жамийланын образдарына жан киргизген актриса – Наталья Аринбасарова. Советтер Союзунун жана Орусиянын Эмгек сиңирген артисти Наталья Аринбасарова учурда 73 жашта. Бир уул, бир кыздын энеси. Эки баласы тең режиссёр болгондуктан, шарты келе калганда тасмаларга тартылып жүргөнүн айтып келет. Режиссёр Андрей Кончаловскийдин «Биринчи мугалим» тасмасындагы Алтынайдын образы анын кино дүйнөсүндөгү эң алгачкы ролу. Аталган тасмада роль жаратып калуусу боюнча актриса өз маектеринде мындай баяндайт:

– Тартуу иштери жүрүп жаткан учурда өзүбүздүн ден соолугубузду тобокелге салганбыз. Мисалы, Болот Бейшеналиев менен жаанда аткарган эпизоддордо өрт өчүрүүчү машина менен дарыядагы аккан суудан эле алып чачып турушкан. Бир күн бою жаан алдында иштөө оңой эмес. Анан да Дүйшөн Алтынайды күмүш менен бетке чапкан эпизодду 10 жолу тартканбыз. Ошол күнү тартуу иштери бүткөндө жаагым көгөрүп, шишип, үстү-башым суу болуп, аттан эсим тана жыгылгам. Эс-учумду жыйып өзүмө келгенде «жасалма чачты жаратпай салдың» деп гримёрдон да жеме укканым эсимде. Бирок бул эмгегим бааланып 20 жашымда Венеция кинофестивалынан сыйлык алгам.

ЭМИЛ БОРОНЧИЕВ: «СУЛТАНМУРАТТЫН СҮЙҮҮСҮН ЧАГЫЛДЫРУУ КЫЙЫН БОЛГОН» («ЭРТЕ ЖАЗДАГЫ ТУРНАЛАР» – СУЛТАНМУРАТ)

«Эрте жаздагы турналар» чыгармасындагы баш каарман Султанмуратты жакшы билебиз. Бул каарманды тасмада ийине жеткире ойногон Эмил Борончиев мындай дейт:

– Роль жаратууда мага Султанмураттын Мырзагүлгө болгон сүйүүсүн талаптагыдай аткарып берүү эң оор болгон. Баарын жакшы эле аткарам да, ошол жерине келгенде кыйнала берем. Анан да тартуу иштери кыштын күнү жүргүзүлгөн учурларда суук бир топ эле жүдөткөнү эсимде. Бул тасмадан кийин менин кино дүйнөсүнө болгон кызыгуум артып, кийин Москвадан бул жаатта билим алгам. Ал тургай балалуу болгонумда энем тасманын таасири менен уулумдун атын Султанмурат койгон. Учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство университетинде кино кафедрасында мугалиммин.

ДОГДУРБЕК КЫДЫРАЛИЕВ: «ТАНАБАЙДЫН ОБРАЗЫ ҮЧҮН 13 КИЛОГРАММ АРЫКТАГАМ» («КОШ БОЛ, ГҮЛСАРЫ» – ТАНАБАЙ)

«Гүлсарат» повести алгач 1970-жылы режиссёр Сергей Урусевский тарабынан экрандаштырылган. Кийин 2008-жылы казакстандык режиссёр Ардак Амиркулов кайрадан бул повесттин негизинде «Кош бол, Гүлсары» деген аталышта тасма тарткан. Анда баш каарман Танабайдын ролун кыргызстандык актёр Догдурбек Кыдыралиев ойногон.

– Бир күнү эле Ардак Амиркулов «Доха, Гүлсаратты тасма кылып тартам, сен Танабайдын ролун ойнойсуң» деп калды. Андан көп өтпөй, Чыңгыз Айтматов агабызга барып уруксатын алып келишти. Ошо менен эле тынчып калышкан, көрсө, сценарийин абдан дыкаттык менен 3 жылда 3 жолу жазып чыгышыптыр. Ал үч жыл аралыгында мен да камданып жүрдүм. Ата-тегим жылкы баккан, тоодо жашап, карышкыр аткан кишилер болушкан. Туугандарымдын жанында тоодо жүрүп укурукту кантип кармашты, кантип жылкыга салышты үйрөнүп жүрдүм. Танабайдын образына дал келүү үчүн 13 килограмм арыктадым. Ошентип убакыт өтүп тасманын тартуу иштери мына бүттү деп, кино даяр болгондо агабыз Чыңгыз Айтматовдун көзү өтүп кетпедиби. Тасманын тартылганын билгени менен, көрө албай калды.

ТОКТОГУЛ КАКЧЕКЕЕВ: «КИНО ТАРТУУ ТАТААЛ ИШ ЭКЕНИН ОШОНДО ТҮШҮНГӨМ» («САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ» – ЖАЙНАК)

Чыңгыз Айтматовдун дагы бир керемети «Саманчынын жолу» чыгармасын режиссёр Геннадий Базаров өзүнүн дипломдук иши катары тасмага тарткандыгын билсеңиз керек. Андагы атактуу каармандардын ролун жараткан Бакен Кыдыкеева, Болот Бейшеналиев, Таттыбүбү Турсунбаева, Насыр Кытаевдердин катарында Жайнактын ролу менен учурда кыргыз элине төбөсү көрүнгөн инсан, аскер кызматкери Токтогул Какчекеев да бар. Токтогул Какчекеев Жайнактын ролунан кийин бир дагы тасмага тартылган эмес. Ал каарман тууралуу буларды айтып берди:

– Ошол жылдары «Кыргыз фильм» киностудиясында киномеханик болуп иштеп жүргөм. Геннадий Базаров өзү «режиссёрдун жардамчысы катары иштеп бер» деп чакырып калды. Ошентип бул тасмага аралашып калгам. Бир күнү эле Жайнактын ролун сунуштады. Эзели роль жаратып көрбөгөн жаным бир аз кооптондум. Бирок кер мурут, салабаттуу, келишимдүү, шайыр жигиттин образы дароо жакты. Кочкор районунун Коммунизм деген айылында көпчүлүк бөлүгү тартылса, Толгонай ортончу уулу Майсалбекти поезд жолдун боюнда күткөн жери Кенес-Анархайдан, үркүндү чагылдырган бөлүгү Кажы-Сайдан, Тоң районунун Туура-Суу айылынан, айтор, бир топ жерде тартуу иштери жүргөн. Кино тартуунун ушунчалык татаал иш экенин ошондо түшүнгөм. Бирде ток, бирде ачкасың, бирде ысып, бирде тоңуп дегендей. Чыгармада Жайнак эки агасы каза болгондугунан кабар алган соң апасы Толгонайга да айтпастан, жашынын жетпегенине карабай фронтко кетип дайынсыз жоголот эмеспи. Мен дагы аскердик кызматкер болуп калганымды тамашалап «ошондо Жайнак качып барып Ленинграддагы аскердик окуусунда окуп, бүгүнкү күнгө чейин полковник болуп жүрөт» деп айтып калам.

Албетте, жогоруда биз сөз кылган инсандардан тышкары да Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы каармандарга жан киргизген актёр, актрисалар көп. Мисалы, Нургазы Сыдыгалиев («Ак кеме» – бала), Айтурган Темирова («Ак кеме» – Гүлжамал), Нургүл Кендирбаева («Эрте жаздагы турналар» – Мырзагүл), Динара Чочунбаева («Мен Тянь-Шань» – Асел), Гүлсара Ажибекова («Кызыл алма» – Сабира), Жамал Сейдакматова («Акбаранын көз жашы» – Көктурсун), Асел Эшимбекова («Махабат дастаны» – Бегимай) жана башка. Санай берсек, тизме абдан узун. Көзү өтүп кеткен таланттарыбыз Сабира Күмүшалиева, Болот Бейшеналиев, Сүймөнкул Чокморов, Таттыбүбү Турсунбаева, Бакен Кыдыкеева, Орозбек Кутманалиев, Асанкул Куттубаев, Дүйшөн Байдөбөтов жана башкалардын Айтматов ааламын ачып берүүдө орду чоң экени талашсыз.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
knk
2019-12-16 12:55:31
Өзүнчө рубрика ачып ушул айтылбаган актер, актрисалардан да маек алууңуздарды сунуш кылат элем.
+11
akmanai
2019-12-16 14:05:31
Эн жакшы макала болуптур. Айтматов менен бир столдо отуруп маектешем деген кыялыма жетпей калгам((( Адабияттын алпы, кыргыздын чыгаан уулу Айтматов жана анын чыгармалары жонундо канча жазса да аздык кылат. Тоо которо алгыс зор эмгектери калды артында.
+8
Akylai_aktan
2019-12-16 22:15:37
Бир эле адам ушунча каарман жаратып,ар бир каарманга өмүр бергени кандай гана даңк!Айтматовдун бардык чыгармалары жүрөгүмдө.Саманчынын жолун он жолу окусам,он жолу тең ыйладым.Жамийланы болсо түк эле жакшы көрө албай койдум.Чыңгыз атабызды айтып олтурсак казына сыяктуу.Азыркы жаштарга көбүрөөк Айтматовдун чыгармаларына басым жасашса демекмин.
+4
allia
2019-12-17 11:43:33
Сүрөттөрдү бир аз чоюп койгула. Былчыйып калыптыр
+2
Shahrizaada
2019-12-20 23:31:46
Эн акыркы каармандарды окуганда ыйлагым келип кетти. Кинонун эле эмес, кыргыздын каймактары эле. Баары жер жазданып жатышат.(((
+2
№ 893, 12-18-декабрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан