Гүлзада Рыскулова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «ЫРЧЫ БОЛОМ ДЕП ЭРКИНДИГИМДИ ЖОГОТТУМ»

Дайыма изденүүдө жүргөн, ар дайым өзгөчө образдары, олуттуу ырлары менен элдин эсинде кала алган ырчы Гүлзада Рыскулова конок төрүбүздө. Сөздүн гүлүн терип, ырааты менен сүйлөгөн чыгармачыл адам менен жагымдуу маектештик.

– Кандайсыз? Бул жылы чыгармачылыкта кандай иштерди жасадым деп жыл аягы өзүңүзгө отчёт берип жатсаңыз керек...

– Жакшымын, рахмат. Бул жыл мен үчүн жемиштүү жыл болду. Көчмөндөр оюндарына катыштым, «Түрксой» уюму уюштурган «Ош-түрк элдеринин маданий борбору» аталышындагы иш-чарада ырдадым. Түркиянын Ван шаарында жашаган кыргыздарга концерт бердим. Швейцарияда өткөн БУУнун «Пекин +25» аталышындагы бүткүл дүйнөлүк конференциясына катышып, кыргыз музыкасын жаңыртып келдим. Бул жылды жеке концертим менен жыйынтыктайын деп, 19-декабрь күнү борбордо концерт берүүгө даярданып жатам.

– Концерт берүү оңой иш эмес. Даярдык кандай жүрүүдө?
– Бир кезде Бишкекте тааныштарым жок кыйналып турганда качандыр бир учурда мени колдогон ушунча дос, идеяларымды бөлүшкөн адамдар болот деп ойлобосом керек. Туура, концерт өткөрүү оңой иш эмес. Концерттен байып кеткен кыргыз ырчысын да көрө элекмин. Концерт берүү – чоң эрдик жана чоң чыгым. Аны пайда табуу үчүн эмес, чыгармаларыбызды топтоп элге көрсөтүп, бир жеңилдеп алуу үчүн өткөрөбүз. Мурдагыга салыштырмалуу азыр концертиме колдоо көрсөткөндөр көп. Бул ирет жүгүм жеңил болгондой сезилип жатат. Мыкты деңгээлде концерт берүүгө даярданып жатам.

– Сизди көп кыйынчылыктарды башынан өткөргөн адам катары билебиз. Ошол кыйынчылыктар сизди чыңалттыбы?
– Адам болгондон кийин ар кандай учур башыңдан өтөт экен. Ал учурда адамдын кыйынчылыкты кандай кабыл алганы маанилүү. Оор учурда майтарылып калбай, максаттарыңды жоготуп койбой, артка чегинбей, кыйынчылыктан да жакшылык издеп, алдыга умтулуу – бул кыйын адамдын иши деп билем. Тоскоолдук, кыйынчылыктардан чоң жеңиштер менен чыгууну жашоодогу чоң жетишкендик деп ойлойм. Адамдын эң жакын душманы адамдын өзү. Эгер адам максатынан тайып, өзүнө кайдыгер карап, өзүн таштап жиберсе, жеңил жол тандап кетсе, аны жашоого жеңилүү деп кабыл алам. Мен ийгиликте өтө сүйүнүп кетпей, кайгылуу учурда өтө кайгырбай тең салмактуулукту сактаганга аракет кылам.

– Ошончо жолду басып өткөндөн кийин ырчы болуунун даамы кандай экен?
– Ырчы болом деп эркиндигимди жоготтум. Мен бала чагымдан эле ырчы болууну Кудайдан тилеп, максат кылып жүрсөм да, белгилүү болуудан коркчумун. Эркиндигимди жоготуп, коомдун туткунунда кала тургандай сезимдер болчу. Ал сезимдер алдабаптыр. Белгилүү болгон адам элдин көзүндө, сөзүндө болот. Атактуулуктан качып максаттарымдан кайткан учурум болгон. Жөн гана бактылуу аял, эне болгум келген. Бирок өнөрү бар адамды тыйганга мүмкүн эмес экен. Жашоонун буйругубу же жан дүйнөмдүн катуу каалоосубу, болбой эле ыйык сахнага келдим.

– Сиз айткан ыйык сахнанын жоопкерчилиги канчалык?
– Мен үчүн сахнага кадам таштоо, эл алдына чыгуу чоң жоопкерчилик. Ошондуктан чыгармаларымды дыкаттык менен тандайм. Элге эмне бере алам, бергеним канча убакыт жашайт, ырларым угарманыма канчалык таасир берет, пайдасы болобу, ушунун баарын таразалап чыгам. Сахна мен үчүн бийик, сахна мен үчүн таза. Не бир залкарлар сахнада өнөрлөрүн тартуулашкан. Залкарлардын артында кичинекей кадамдап болсо да басып, өнөр адамдарынын өргөөсүндө аз да болсо талантымды тартуулап жатканыма сүйүнөм.

– Өзгөчө образ жаратууга аракеттенесиз. Аныңызды башкалар түшүнбөй калган учурлар болсо керек?
– Көпчүлүк алпаруучулар «өзгөчө үнү бар, өзгөчө таланттын ээси» деп мага карата өзгөчө деген сөздү көп колдонушат. Буга кубанам. Бирок ошол өзгөчөлүк алгач сахнага кадам таштаганымда мага көп кыйынчылык жаратты. Сиз айткандай, көбү түшүнбөй калчу. Ошондуктан чыгармаларым жаңыра турган жайларда мен үчүн эшиктер жабык болчу. Бирок көктүгүм, сабырдуулугум, бир максатты коё бербегендигимдин аркасы менен ал дарбазалар бүгүнкү күндө ачылып, мени түшүнүп, колдогондор көбөйдү.

Агымга каршы сүзүү оңой эмес. Бирок чыгармачылыкта эксперимент жасалып, өзгөрүү болуп турушу керек.

– Жылдыздардын шеринелеринде сизди көп көрбөйбүз. Жалгыздыкты жактырасызбы? Кимдер менен жакынсыз?

– Шаан-шөкөттөн алыс адаммын. Жакындык чогуу шапар тебүү, туулган күнүндө куттуктоо менен чектелбейт. Алыстан деле жакын, пикирлеш болсо болот. Ал эми жалгыздыкка келгенде андан көп нерсе тапса болот. Чыгармачылык жалгыз болууну көп талап кылат.

– Демек, турмуш кура элек кезиңизде жалгыздык сизге көп жардам берчү десек туура болобу?
– Бойдок кезде мен жалгыздыкты сезчү эмесмин. Ал нерсени түшүнбөйм. Такыр жалгыз калгандан Кудай сактасын. Бирок жалгыз калганда көп чыгармаларым жаралчу. Көп идеяларды, кыялдарым, ойлорумду топтогонго мүмкүнчүлүк бар эле. Азыр болсо үйгө келсем, ойлорум чачырайт, жалгыз отуруп ой бакканга мүмкүнчүлүгүм жок. Балдар уктаганда өзүмчө калайын десем, анда өзүм чарчап калган болом.

– Турмушка чыккандан кийин аял каалабаса да өзүн экинчи планга коюп, үй-бүлөсүнө сиңип кетет эмеспи. Бирок сиз дайым биринчи планга чыгармачылыгыңызды коюп келе жатасыз. Туура баамдадымбы?
– Ооба, мен үй-бүлө курганда, балалуу болгондо деле тынып отуруп калбай, кече, концерттерден калган жокмун. Бул жолдошумдун колдоосу күчтүү экенинен кабар берет. Мен үчүн үй-бүлөм бир канатым болсо, сахна экинчи канатым. Жашоомдон экөөнү тең өзүнчө бөлүп карай албайм.

– Жолдошуңузда аялымдын көлөкөсүндө калдым дегендей сезим болбойбу?
– Ошондой ойлору болсо, анда байкасам керек эле. Тескерисинче, жолдошум чыгармачылыгымды колдойт. Менин чарчабай эмгектенүүмдү, чыгармачылыгымдын кенен жайылышын каалайт. Ал мен үчүн чындап күйүп-бышкан, мен үчүн жанын, өмүрүн, көмөгүн аябаган адам. Кандай учур болбосун түгөйүм мага түркүк. Жыгылып баратканда жөлөнө турган эң ишенимдүү адамым. Ал мени менен кошо аралашып жүрүп чыгармачылыкты жакшы түшүнүп калды. Кеңештерин айтып турат.

– Бир катар өлкөлөрдү кыдырдыңыз. Ичиңизден ал өлкөлөрдү өз мекениңиз менен салыштырсаңыз керек...
– Дүйнө кезип, кандай гана сонун жайларда эс алдык, укмуштуудай өнүккөн өлкөлөрдү көрдүк. Ал өлкөлөрдөн таасирлендим, суктандым. Бирок мага биздин айылдардагы карапайым адамдар берген көз карашты, алардан көргөн жөнөкөйлүк, улуулукту, биздин тоолор берген бийиктикти, айыл берген аруулукту башка жерден көргөн жокмун. Балким, жөн гана байкаган жокмун.

– Концертиңиз ийгиликтүү өтсүн! Маегиңизге рахмат.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
prorab
2019-12-16 21:30:46
Турушу эле жакпайт ушунун
+1
ainura220888
2019-12-16 21:53:01
Озгондун онорпоздору менен журотго бар шеринелештерим жердештерим дпп айтып койсо олобу?!
+3
ajos
2019-12-17 01:38:32
Онорун оркундой берсин, талантын ташкындай берсин! Эн жакшы чыгарман "Мен кыргыздын кызымын" деген. Ошондой чыгармаларды дагы кутобуз!
+1
aika0906
2019-12-18 00:48:01
Эркиндигимди жоготтум деп ушу ырчылар куйдурду, мен тушунбойм ушуларга буларга кочого чыкса эле жабышып кокуй ырчы кол коюп бер, суротко тушуп коелу деген анча мынча обу жоктор жабышса эле , эркин болбой калдым дешет. Эвропаныкындай папарции кылып ар жерде суротко тартып чыгарган эч ким деле жок го.
+3
jon.as
2019-12-18 04:19:23
Обу жок катын орсок уй саайт.
0
Zamkojan
2019-12-18 16:32:26
Ушу эжени таппай журдум эле ырчы болбой калган окшойт дедим эле эркиндигин кайда жоготуптур поликлиникага келгенде кором элементарно столго отурушту билбейт жатып алат ламка койнокторду кийип алат бар жогун корсотуп анализге дайым бирге туруп калабыз чон адамдарды каратып коюп диванга жатып алат го жакшына отурушту да билбейт озун коомдо алып журушту билбейби же жаны турмушка чыкканында да коргом банктын ичинде куйоосу экообу эркелешип отурат айрым адамдар кылыгынды айтат окшойт
+2
Tiken
2019-12-19 14:02:52
Вам тогда в Европу скорее )))) там Свобода выбора...
0
Birimdik5555
2019-12-22 11:48:54
Ото жакшы ырдайт,чындап эле озгочо ун. Талантын ташкындай берсин,азаматсын
0
Nur777
2019-12-23 03:09:18
Мен кочодон корсом тааныбай эле отуп кетмекмин,унун таанышым мумкун,эркиндик деп куйгузот го)) Унун жакшы,но внешность эл катары эле,озгочолонгон эч нерсе жок,чтобы запоминал каждый второй и надоедал вам дегендей...
0
№ 893, 12-18-декабрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан