“КИЙИМ АБЕРЕСИЗ” ДЕП ТААНЫМАЛ БОЛГОН ЫРЫСГҮЛ: “ТАРАГАН ВИДЕОДОН УЛАМ ҮЙДӨН ЧЫГА АЛБАЙ КАЛДЫМ”

Жакында социалдык тармактарда күйөөсүнө “кийим абересиз” деп чырдап жаткан келиндин видеосу тараган. Видеону социалдык тармактарда бөлүшкөндөр көп болуп, келинге карата ар кандай терс жана оң комментарийлер жазылды. Интернетте талкууга түшкөн

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Ырысгүл Макситова менен байланыштык.

– Саламатсызбы, Ырысгүл айым? Сизди "таанымал" кылган окуя качан болду эле?

– Саламатчылык. Бул окуя ушул жылдын сентябрь айынын башында болгон. Окуя болгондун эртеси тойго бармакпыз. Суук түшүп калгандыктан күйөөмдөн тойго кийгенге жукараак жемпир алып берүүсүн өтүнгөм. Экөөбүз базарга барганбыз. Бирок базардан “кийим эле дей берет экенсиң” деп кыйкырып мени уят кылып, эч нерсе алып бербей койгон. Ошого ыза болуп, күйөөмө “мага кийим алып бересиз” деп айтып жатканда ал мени видеого тартып алыптыр. Байкаган эмесмин.

– Кийим алып бер деп көп айтчу белеңиз?

– Мен өспүрүм курактан баштап эле кыз киши өзүн карап, жакшынакай кийинип жүрүшү керек деген ойдомун. Аял өзүн сыйлап, сүйсө, аны башкалар да сыйлайт. Ал эми күйөө аялына ошондой шартты түзүп бериши керек. Турмушка чыга электе апама, эжелериме эркелеп каалаганымды кийчүмүн. Мактангандык эмес, бирок жакшынакай кийинип жүрсөм, көргөндөр “каяктан таап алгансың?” деп суктанышчу. Ошол сыяктуу эле мода менен кийинип жүргүм келди. Жолдошумдун ою боюнча, бир туфлини жайында да, күзүндө да, жазында да кийиш керек экен. Ошондуктан ага видеодо жайында баланча, күзүндө түкүнчө кийишим керек деп түшүндүрүп жаткам. Ага чейин “100 миң сом акчам болуп калса, алып берем” деп айткан. Акчасы болду. Аны менен элге мактанды. Бирок мага “көрүп жатасың го, акча болбой жатат” деп койду. Ошого капа болдум.

– Жолдошуңуз кийим өңдүү муктаждыктарыңызды камсыз кылчу эмес беле?

– Такыр эч нерсе алып берген жок деп айтпайм. Жаңы үйлөнгөндө алып берчү. Кийин алып бербей калган. Тагдыр экен, аны менен 8 ай жашап ажыраштык. Ажырашуубуздун себеби башка. Чогуу жашаган учурда экөөбүздүн бактылуу күндөрүбүз да көп болду. Ал мага ушундай жорук жасаса деле мен аны азыр да сыйлайм. Анын бактылуу болушун гана каалайм. Эки жолго түшкөн болсок, демек, мен анын оюндагыдай аял эмес экенмин деп түшүнөм. Бирок жолдошумдун азыркы жубайына "сенин башыңа келгенде гана менин абалымды түшүнөсүң, бирөөнүн көз жашына бакыт кура албайсың" деп айткым келет. Мен жолдошума жакшы эле кызмат кылдым, балдарды жакшы карадым деп айта алам. Күйөөмдүн мурунку турмушунан 4 баласы бар. 2 баласы биз менен жашачу. Мен аларды жакшы көрөм. Азыр да сагынып жүрөм. 3-класстагы кичүү баласы биз ажырашкандан кийин 1 жума менин жанымда жүрүп кетти. Жаман аял болсом, балдар мага тартылбайт эле да.

– Ал видео кантип социалдык тармактарга жайылып кетти?

– Кантип тараганын билбейм. Жолдошум менин эжеме жана өзүнүн эжесине жөнөткөн экен. Мен эжемдин телефонунан көрүп калып, өчүрүп салгам. Кийин курбу кызым чалып, бул видео социалдык тармактарга тарап кеткенин айтты. Карасам, YouTube'да жүрүптүр. Мен социалдык тармактардын айрымдарын эле колдоном. Ошол себептүү башка сайттарды караган жокмун. Видеонун элге чыгып кеткенин көрүп өзүмдү жоготуп койдум. Баарынан да куудулдардын мени тамашанын каарманына айлантканы капа кылып жатат. Мындан тамаша жасоону токтотууларын суранам.

– Күйөөңүздү кечире аласызбы?

– Күйөөмдүн видеого тартып алганынын өзү туура эмес. Ким аялын ошентип уят кылсын? Видео тарап кеткенге чейин эле тартып алганы үчүн кечирим сураган. Мен бул кылыгын кечире албайм. Ишенген, эң жакын адамым мага ушуну кылса, душмандын колунан эмне келет, билбейм. Кайсы күнөөм үчүн башыма ушундай күндөр келди, түшүнбөйм. Кандай болгон күндө да мен жолдошумду сотко берейин деген оюм жок.

– Талкууларга көңүл бурбай коё аласызбы?

– Азыр эмне кыларымды билбей калдым. Ал видео тууралуу унутуп коюп жашоомду улайын дейм. Бирок колумдан келбей жатат. Кыйын экен. Дос, туугандарым “капа болбо. Сен ал жакта жылаңач эмессиң, уят иш кылып видеого тартылып калган жоксуң” деп жоошутуп жатышат. Бирок видеону көргөндөр мен тууралуу жаман ойдо калышты. Муну ойлоп көчөгө чыга албай калдым. Мен эле эмес, эжелериме да катуу тийди. Эки жакка чыгышса эле видеону көрсөтүп, “сенин сиңдиңби?” деп сурап жатышыптыр. Комментарийлерден “бул аял жети баштуу жылан чыгыптыр го” дегенди окуп жатам. Жаман комментарий жазгандарга “эч нерсеге кепилдик жок. Эч ким эртең эмне болорун билбейт. Абайлап сүйлөгүлө” дегим келет. Азыр меникиндей абалды душманыма да каалабайм. Апам жакында каза болгон. Ал күйүттөн чыга электе ушундай абалга кабылып, кыйналып калдым.

– Көп ойлонбоңуз, баары ордуна келет!

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
“Кийим абересиз” деген келин: “Азыр мага дем алуу да оор болуп жатат"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
Panam-47
2019-12-16 12:55:26
Мен бул видеодон эч жаман жагын корбодум ар бир Уй булоодо болуп турган корунуш .Алып бербесе не кылсын анан бар жогу тогорогу топ келип турса эч ким мындай дебестир.Эмне учун ушул видеону бири бирине жонотосунор мусульман мусулмандын айыбын жашырыш керекго .
+25
Nurbany
2019-12-16 13:11:50
Алтыным Сен мага аябай жактын.Алтындын асын алып берген эркекке баары эле ошентет.капа болбо эн сонун эле
+13
-Sumitra-
2019-12-16 13:43:15
Келин молодец экен! Озу да жакшынакай.Эч кандай жаман жагы жок ал видеонун.Ар бир уйдо болуп турган эле корунуш.Уят соз суйлобосо,эч качан чокпо.
+16
fak
2019-12-16 16:25:23
Куйоосу мурдун тарта албаган ботко окшойт, кийим алып бергенге алы келбесе
+11
meni_kut
2019-12-16 18:53:44
Сулуу келин экен
+8
Arstan18.18
2019-12-16 23:51:49
Красавица аялдар баарыле гулдой ачылып чачылып буркурап жургусу келет баарын уйундо бул проблема болуп турат! Видеого тартып эркектей болбогон эркек сорой корот озуда! Эжесине жиберип сени каралаганда катын чалаш Эрин! Ырысгуль инстаграмга кир видео тарт хайп карма инстаграмдан соонун иштейсин.
+4
Store
2019-12-17 01:18:47
Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып, силерда муну буяка жүктөп коюпсуңарго кыйраткансып.
+5
Eliza-Arapbaeva
2019-12-17 01:50:37
Куйоосу слыыщщщщщким эле тупой экени байкалып турат
-1
xnurgul_gul
2019-12-17 02:17:14
Анын куйоосуно,оорубай кийинбей, ичинбей,оту менен кирип кулу менен чыгып журо бериш керек окшойт да. Ага аял эмес робот керек экен да.М: кочодо бироону менен жатса деле толоп жатат го. Же жок дегенде расход кылатго. Ага караганда бул аялыго
+3
aika0906
2019-12-18 01:00:43
Бир жагы эркеке кичине ошол видеодогудай мамиле жасаш керек экен, жоош ту тебедеп тепсешет экен
+4
AykaMer
2019-12-18 10:31:32
Ырыскүл эже капа болбоңуз,бул күндөр да өтүп кетет. Чынында Тынар Курбаналиев,Беш тапан тобу дароо бирөөнүн үстүнөн күлүп шылдың кылганыңар туура эмес.Өзүңөр ойлоп таап кызык нерселерди анан күлдүргүлө элди. Бирөөнүн үстүнөн даяр баса калбай.Ырыскүл эже менин кошунам.Өзүн карап аябай тыкан кийинген аял.Ички дүйнөсү да жаш баланыкындай таза,ак көңүл адам. Бул видеодо күйөөсүнө өчөшүп,ызаланып сүйлөгөнү даана көрүнүп турат...
+2
nurhan2702
2019-12-19 11:34:57
Куноонун баары эркек соройдо. Уй-булоодогу проблемасын эжесине,кайнежесине реклама кылган.ХХХХ эркектер кобойду. Аялды робот ордуна корушот,колдорунан эч нерсе келбейт. Кийим алып бербесе аялдын башы жети эмес 14 болот да. Ырысгул капаланба , уяла турган эч нерсе жок бул жерде. Доодур куйоон уялсын керек болсо
+3
nurka_85
2019-12-19 18:25:25
4 балалуу болгончо чыдап жашаган 1-аялына рахмат.
Мындайлар адам болбойт, ажырашып туура кылгансын. Бактылуу бол!
+4
Alia82
2019-12-21 18:01:20
Мисалы мен сен жонундо жаман ойлободум, кайра куйоосу начар экен деп ойлоп калгам, эч капа болбо, сопсонун келин экенсин, багын ачылсын
0
Nur777
2019-12-23 01:20:03
Мен биринчи коргондо вайн экен дегем,вайн-атайылап тартылган видео го,озбектердин тилинде алардын аялдарын туурап суйлоп атат го деп каткырып коргом)))) жудааа,худо холяса худо холясса! эле деп атса кашын кагып,башын шылкылдатып,озбек аялдарды мазактап атат экен деп коём,корсо "родной" тили экен го))))
-1
№ 893, 12-18-декабрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан