БЛОГЕРДИ СУРАККА СҮЙРӨГӨН МЫЙЗАМ ЭЛДИ АЙЫЛ-ШААР ДЕП БӨЛГӨН ОТУНБАЕВАГА ДА ИШТЕЙБИ?

Фейсбуктагы “БеспределKG” баракчасынын администратору Автандил Жоробеков Аскер прокуратурасына күбө катары суракка чакыртылды.

Жоробеков буга чейин УКМК тарабынан “аймактар аралык кастыкты козутуу” фактысы боюнча кармалып, 2020-жылдын 24-январына чейин камакка алынган. Бул ишти коомчулук кескин сындап, 5-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны үй камагына чыгарган эле. Блогер жазган посттору, ал постторго башкалар жазган комментарийлер үчүн айыпталууда. Башкача айтканда, Жоробековго аталган баракчада аймактык жек көрүүчүлүктүн жаралышына жол берди деп күнөө коюлууда.

Жакында экс-президент Роза Отунбаева кыргызды айылдыктар жана шаардыктар деп бөлүп, элеттиктерди “деңгээлиңерди өстүргүлө” деп сындаганы үчүн коомчулук, өзгөчө интернет коомчулугу айылдыктар жана шаардыктар болуп эки жаатка бөлүнүп, бири Отунбаевага кескин нааразычылык билдирип, сындаса, экинчи тарап колдоп, чуу түшүп эле калышты. Жоробековду дал ушундай абалга күнөөлөп, камакка алган атайын кызмат экс-президенттин кебин кулак сыртынан өткөрүп койду. Бийликтин кош стандарттуу мамилеси ушундай окуяларда даана көрүнөт.

Экс-президент Отунбаеванын “айылдыктар шаарга толуп кетти... биз, шаардыктар, силердин деңгээлге түшүп артка кетпейбиз” деген кеби көпчүлүктү ойго салды. Айылдыктар өзүнүн ата-энесин, бала-чака, жакындарын, таза аба, суусун таштап түтөгөн Бишкекке жыргаганынан келишпеси анык. Отунбаевага окшогон өлкө башчылары айылдын жашоо-шартын жакшыртышса, иш орундарын ачышса, экономикасын көтөрүшсө айылдыктар шаарга келишмек эмес. Андыктан, өлкө башчы болгон адамдын “айылдыктар, деңгээлиңер начар” деп сындоого моралдык укугу жок. Маал-маалы менен “Ааламга жол айылдан башталат” деген өңдүү жалындуу сөздөр, ураандар айтылып да турат. Албетте, андай ураандар шайлоо маалында, элеттиктердин добушу саясатчыларга керек болгондо айтылат...

Перизат Музуратбекова
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Отунбаева тилинен жаңылдыбы же айткан сөзү орундуубу?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 893, 12-18-декабрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан