ЖЭБ СОТУ: АЙЫПТАЛГАНДАР 15 ЖЫЛГА ЧЕЙИН СОТТОЛУШТУ

6-декабрь күнү Бишкектин Свердлов райондук соту Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча кылмышка шектелген 8 кишиге өкүм чыгарды. Мурунку премьер-министр, ЖЭБди жаңылоо учурунда президенттик аппаратта бөлүм башчы болуп турган Сапар Исаков 15 жылга эркинен ажыратылды. “Улуттук энергетикалык холдингдин” мурдагы жетекчиси Айбек Калиев да 15 жылга, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башчысы Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга эркинен ажыратылды. Ал эми мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 7,5 жылга эркинен ажыратылды. Булардын үй-мүлкү конфискацияланып, 3 жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салынды.

“Электр станцияларынын” жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору болгон Темирлан Бримкулов ар бири 2,5 жылга соттолуп, тергөө абагында отурган күндөрүн эсептегенде жаза мөөнөтүн өтөп бүтүштү деп сот залынан бошотулду. Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом айып салынып, бошотулду. Ал буга чейин мамлекетке 100 миллион сом айып төлөгөнү айтылган. Ал эми мурдагы каржы министри Ольга Лавровага 3 миллион сом айып салынып, ал да сот залынан бошотулду. Соттолгондор мамлекетке 5 миллиард 439 миллион 527 миң 482 сом төлөп берүүгө милдеттендирилди. Бул 77 миллион доллардын тегерегиндеги акча болот. Буга чейин ЖЭБди жаңылоодо мамлекетке 111 миллион доллар зыян келтирилген деп айтылып келген.

Сапар Исаков сот чечимине макул эмес экенин, өлкөдө баш аламандык өкүм сүрүп жатканын билдирди. Ал соттун кийинки инстанциясына даттанары белгилүү болду.

Коомчулукта “күнөөлүүлөр адилеттүү жаза алышты” дегендер да, “сотто айыпталуучулардын күнөөсү далилденген жок” деп, учурдагы режимди сындагандар да көп.

Айта кетсек, ЖЭБди жаңылоо үчүн Кытайдан 386 миллион доллар карыз алынган, карызды Кыргыз өлкөсү дээрлик 500 миллион доллар кылып кайтарып берүүгө тийиш.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
ЖЭБ соту: Исаков жана Калиев 15 жылга эркинен ажыратылды
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 893, 12-18-декабрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан