ПРЕЗИДЕНТ ӨЛКӨДӨ СОТТУК РЕФОРМА ЖҮРБӨЙ ЖАТКАНЫН МОЮНДАДЫ

Соттук реформа талаптагыдай алдыга жылбай жатат. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков 9-декабрь күнү Кыргыз сотунун 95 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди. Президенттин ою боюнча соттор абийир менен иштемейинче сот системин оңдоо иштери жыйынтык бербейт.

– Соттор көз карандысыз болушу зарыл. Башкалардын таасири менен туура эмес чечим чыгаруу мүмкүндүгүн жоюу керек. Бирок сот бийлигинин көз карандысыздыгын жеке судьянын өзүм билемдиги деп түшүнүүгө болбойт. Ар бир судья кабыл алган чечими үчүн өлкөнүн, коомдун алдында жоопкер. Аймактык соттордун абийири таза болмоюн реформа жасаш кыйын. Чындыгында реформа алдыга жылбай жатат. Соттук корпуста бул боюнча аракет болбой жатат. Дагы эле сотторго жеке адамдык фактор тоскоолдук жаратууда. Соттор абийир менен иштемейин биздин кылган аракеттерибиз, жумшаган каражаттарыбыз, жаңыртылган техникалар жетишсиз,- деди президент.

Айта кетсек, көз карандысыз сот системин түзүүгө деп бул жылы бюджеттен 2 миллиард 154 миллион сом каражат бөлүнгөн. Бул сумма былтыркы жылга салыштырмалуу 35 пайызга көп. Мамлекет башчынын билдиришинче, 2020-жылы дагы 2 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнөт. Ошентип, реформа көрүнбөгөн тармакка миллиондорду жумшоо уланат.

2017-2019-жылдары Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясы 190 судьяга тартиптик чара көрүү боюнча чечим кабыл алган. Алардын ичинен 14 судьяга сөгүш, 170ине эскертүү берилген. Башкы прокуратуранын сунушу менен 11 сотту кылмыш жообуна тартууга макулдук берилген.

Перизат Музуратбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 893, 12-18-декабрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан