ЭКС-МЭРЛЕР АЛБЕК ИБРАИМОВ 20, КУБАНЫЧБЕК КУЛМАТОВ 15 ЖЫЛГА СОТТОЛУШУ МҮМКҮН

Коррупцияга айыпталып жаткан Бишкектин мурдагы мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун алгачкы инстанциядагы сот иши аягына чыгып баратат. 9-декабрда Ленин райондук сотунда кезектеги отурум өттү. Прокурорлор Албек Ибраимовду 20 жылга, Кубанычбек Кулматовду 15 жылга эркинен ажыратууну соттон өтүнүштү. Ал эми жактоочулар “айыпталуучулардын күнөөсү далилденген жок” дешүүдө.

Эскерте кетсек, Албек Ибраимовго Бишкектин мэри кезинде 41 жер тилкесин мыйзамсыз жана мамлекетке пайда алып келбеген шартта ижарага берүүгө тиешеси бар деген күнөө коюлууда. “Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке зыян келтирген, “Дастан” ишканасын жетектеп турганда мыйзамсыз сый акы алган” деген да айыптар коюлууда. Ал эми Кубанычбек Кулматов Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.

Мурунку эки мэрдин кылмыш ишине байланыштуу жалпы 14 адамга айып коюлган.

Перизат Музуратбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 893, 12-18-декабрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан