“КООПСУЗ ШААР”: ЖАРАНДАРДЫН ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРЫ АЧЫККА ЧЫКПАЙТ ДЕГЕН КЕПИЛДИК ЖОКПУ?

Өлкөдө “Коопсуз шаар” долбооруна нааразычылык күчөдү. Себеп – жарандардын жеке маалыматтарынын купуя сакталышына күмөн жаралышы.

Жакында “унаа айдап баратып жанындагы аялдын көкүрөгүн кармап баратат” деген мүнөздөгү унаа айдап бараткан эркектин сүрөтү интернетке жарыяланып кетти. Ал “Коопсуз шаардын” видеокамерасы тартып алган сүрөт болгон. Рулдагы адамды көпчүлүк Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алмаз Мамбетовго окшоштуруп, талкууга түштү. Талкуу күчөгөндө тийиштүү органдар “ал башка адам болуп чыкты” деп маалымат таратышты. Ушул окуядан улам “Коопсуз шаарга” күмөн саноо пайда болуп, жарандык коом бийликтен адамдардын жеке маалыматтарынын ишенимдүү сакталышын талап кылышты.

Көп өтпөй премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Коопсуз шаардын” алкагында жарандардын жеке маалыматтарын колдонуудагы көзөмөл күчтөлүшү керек деп биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго тапшырма берди.

– Биз санариптик технологияларды турмуштун бардык чөйрөлөрүндө кеңири колдонууга жетишүүбүз керек. Тилекке каршы, бардык тармакта ачык-айкындуулукту камсыз кылуу боюнча аракетибиз дайыма сынга жана кыйынчылыктарга кабылат. Ошондуктан адекваттуу жооптуу аракеттер кабыл алынышы зарыл. Тагыраак айтканда, жеке маалыматтарды коргоо чараларын күчөтүү жана маалымат системинин ченемдик мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу керек. Бул өтө маанилүү,- деди өкмөт башчы.

Автандил Добулбеков
Перизат Музуратбекова
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
“Төшүн карматып баратат” деп интернетке жайылып кеткен билдирүү. Бул боюнча Мамкаттоонун төрагасынын орун басары комментарий берди
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 893, 12-18-декабрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан