БИР БҮРКҮМ. АЖОНУН БАШКЫ ЖАН САКЧЫСЫ АЛМАШТЫ...

  • "Кумтөрдүн" дайынсыз жоголгон 2 кызматкери 1-декабрдан бери табыла элек.
  • Санжарбек Эркинбаев УКМКнын 9-кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Буга чейин бул кызматты Тимур Шабданбеков аркалаган.
  • Жогорку Кеңеште өлкөнүн энергетикасынын абалын иликтөө үчүн убактылуу комиссия түзүлдү.
  • 9-декабрда Бишкекте жарандар ортосунда чыр чыгып, ок атышуудан 3 адам жаракат алды.
  • Таласта 16 жаштагы кызды зордуктады деп шектелип кармалган эки жаран үй камагына чыгарылды.
  • Сүлүктүдө көмүр казган шахтада газга ууланып 4 киши каза тапты.
  • Президент Сооронбай Жээнбеков 15-17-декабрь күндөрү Сауд Арабиясына расмий сапар менен барат.
  • Кыргызстанга чет өлкөдөн которулган акчанын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу быйыл 242 миллион долларга аз.
  • Мамкаттоо: "Кыргызстанда 1 миллион 300 миң автоунаа катталган".
  • Улуттук энергетикалык холдинг: "Кышта электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүү болбойт".
  • 2019-жылдын 9 айында Кыргыз элинин саны 89 миң адамга көбөйүп, 6 миллион 479 миңге жеткени айтылды.
  • БУУ: "Кыргызстанда 308 адам өмүр бою эркинен ажыратылган".
  • Депутат Азамат Арапбаев мас абалында унаа айдагандарга айыпты 10 эсе көбөйтүүнү сунуштады. Учурдагы бул сумма 17 миң сомду түзөт.

Автандил Добулбеков
Перизат Музуратбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 893, 12-18-декабрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан