"ЖӨӨ КҮЛҮК" ТАСМАСЫ ЭЛ АРАЛЫК ФЕСТИВАЛДАРДЫ БАГЫНДЫРУУДА

"Жөө күлүк” тасмасы эч кимге “жеткирбей” чуркоодо. Анткени чыкканына аз эле убакыт өткөнүнө карабай 5 абройлуу кино фестивалдан жеңиш менен кайтты. Режиссёр Мирлан Абдыкалыков "Жөө күлүк" кезектеги эл аралык байгесин багынтканы тууралуу өзү айтып берди:

– “Жүгүргөн албайт, буюрган алат” деген кеп бар эмеспи. Мактануу эмес, бирок бул жылды биз жемиштүү жыйынтыктап жатабыз. Биринчи бет ачарында эле кино дүйнөсүндө эң абройлуу деген ФИПРЕССИ дүйнөлүк кино сынчылардын сыйлыгын алдык. Андан кийин бир нече фестивалга катыштык, бирок ийгиликке жеткен жокпуз. Эки жума мурун Марокконун Маракеш шаарында өткөн кинофестивалда “Мыкты роль үчүн” сыйланды жана калыстардын атайын сыйлыгын алып келди. Анан Кытай мамлекетинде өткөн эл аралык сынакта жеңдик. Ал эми Польшадан кечээ учуп келдим. Ал жакта өткөн 37-эл аралык "Ale kino!" эл аралык фестивалына катышып, үч сыйлык алып келдик. Бул дагы чек эмес, дагы алдыда көп сыйлыктарды алсак деп турабыз.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
demo009
2019-12-16 09:26:27
Айтматовдун каармандарынын сүйлөгөнү жокко,
0
№ 893, 12-18-декабрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан