Бек Исраилов Түркияда популярдуу болгон “O Ses Türkiye” (“Түркиянын үнү”) вокалдык сынагына катышууга чакырык алган. Тилекке каршы, жума күнү боло турган биринчи турга учак кармалганы үчүн жетише албай калган. Ал эми кийинки турду күтүү үчүн ал учурда Адана шаарында. Ырчы сынак тууралуу буларга токтолду:
– Түркияда туугандарыбыз көп жылдан бери жашайт. "Бул мамлекетке популярдуу болгон сынакка катышып, өзүңдү сынап көр" деп айтышканынан алар аркылуу биз видеолорду жөнөткөнбүз. Алар жактырып, чакыруу жиберишиптир. Биз алган билет боюнча саат 7:00дө учмакпыз, рейс кармалып 15:30да учтук. Биринчи турга кечигип калдык. Эми бир жумадан кийин катышам. “I Believe I Can Fly” (“Мен учарыма ишенем”) деген ырды жандуу аткарууга даярданып жатам. Бул ырды Нурсултан шаарында “Шабыт” сынагында ырдап, Гран-прини утуп алгам, ошол үчүн ырымдап ушул ырды ырдаганы жатам. Биринчи турдан өткөндөн кийин түркчө бир жакшы ырды ырдап чыгам деп пландап жатам.