Сен кат жаздың” деп кайгырып ырдаган Минюра Рахимжанова деген ырчы кыз бар. Кээде солгундап, кээде чукул бурулуш жасаган чыгармачылыгында жагымдуу жаңылыгы бар экенин билдирди. Ал 11-декабрь күнү Москвада мамлекеттик Кремль ак сарайында орусиялык белгилүү композитордун концертинде ырдайт.
– Жайында Крымда өткөн "Таврида" деген форумга барган элем. Анда таланттуу жаш ырчылар чогулганбыз. Арасында ар кандай сынактар өткөн, ар тараптуу мектептерден билим алышкан ырчылар бар эле. Мен жаз-вокал багытын тандап, Орусия Федерациясынын Эмгек сиңирген артисти, пианист, композитор, дирижёр Сергей Жилиндин мектебинде окугам. Жилин 11-декабрь күнү Кремлде жеке концертин берет. Ал жакка Кыргыз өлкөсүнөн мен чакырылгам. Буюрса, Кремлдин ак сарайында ырдоо бактысы мага да буюрат,- дейт Минюра.