ГРУЗИНДЕРДИН СЫЙЛУУ НАНЫ - ХАЧАПУРИ

Хачапури – грузин ашканасында эң көп даярдалуучу, сыйлуу даам. Сыйлуу даам экенин мындан билиңиз, 2019-жылы ал Грузиянын материалдык эмес байлыктарынын тизмесине киргизилип, ал тургай эстелик да орнотулган. Хачапурини грузин тилинен которгондо “хача” – сыр, “пури” – нан дегенди түшүндүрөт. Бул нанды Грузиянын ар кайсы чөлкөмүндө ар түрдүүчө даярдашат. Айрымдар жабык токоч, төрт бурчтук конверт түрүндө, кээ бирөөлөр кайык формасында бышырышат. Бирок кандай формада болбосун негизин быштак же сыр түзөт. Келиңиз, тоюмдуу, даамдуу, ары пайдалуу нандын бул түрүн жасап жакындарыңызды сүйүнтүңүз.

МЕГРЕЛИЯ ХАЧАПУРИСИ

Керектелүүчү азыктар:

Жылуу суу – 150 миллилитр

Ун – 500 грамм

Сулугуни сыры – 600 грамм

Сүт – 100 миллилитр

Каймак май – 30 грамм

Жумуртка – 3 даана

Кумшекер – 2 чай кашык

Ачыткы – 2 чай кашык

Туз – 1 чай кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. 150 миллилитр жылуу сууга кумшекер менен ачыткы салып аралаштырып, бетин жаап, 30 мүнөт тыныктырып коёбуз.

2. Унду элеп, ага бөлмө температурасында эритилген майды, жумуртканы, тузду, сүттү жана ачыткыны кошуп жумшагыраак камыр жууруйбуз да, бетин жаап, жылуу ороп, ачыганча коё турабыз.

3. Камыр ачыган соң 3 бөлүккө бөлүп, ар биринин ортосуна сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды салып, токочтун формасына окшотуп кайра жаябыз.

Токочтун 5-6 жерин вилка менен сайып тешебиз да, бетине жумуртканын сарысын сүйкөйбүз.

4. Электр мешинин табасына пергамент кагазын төшөп, хачапурини салып, бетине сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды себелейбиз. Хачапурини 200 градуста иштеп турган электр мешине 20 мүнөткө салып, бети кызарганча бышырып алабыз.

АДЖАРИЯ ХАЧАПУРИСИ

Керектелүүчү азыктар:

Ун – 500 грамм

Жумуртка – 1 даана

Сыр – 400 грамм

Каймак май – 50 грамм

Каймак – 1 стакан

Ашкана содасы – 0,5 чай кашык

Туз – 1 чай кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Унду элеп, ага каймак майды, каймакты, тузду жана ашкана содасын кошуп жумшагыраак камыр жууруйбуз. Камырдын бетин тамак-аш плёнкасы менен жылчыксыз жаап, муздаткычка 30 мүнөткө салып коёбуз.

2. Сырды сүргүчтөн өткөрүп алабыз.

3. Камырды муздаткычтан алып чыгып, 8 бөлүккө бөлөбүз. Ар бирин тегерек формада калыңдыгын 5 миллиметрден жайып, бетине сырдан тегиз салабыз. Андан соң эки четин бирдей ороп келебиз да, ортого келгенде эки учун бириктирип кайык формасына келтиребиз.

4. Хачапурини 200 градуста иштеп жаткан электр мешине салып 20 мүнөт бышырып алабыз. Андан соң чыгарып, “кайыктын” так ортосуна 1 даана чийки жумуртканы чагып куябыз. Токочту кайра электр мешине салып, жумуртканын агы бышканда чыгарып алабыз. Биз күткөн даам даяр. Бетине бир кесим каймак май салып дасторконго беребиз.

КАТТАМА ХАЧАПУРИ

Керектелүүчү азыктар:

Каттама камыр – 1 килограмм

Сыр – 300 грамм

Быштак – 100 грамм

Жумуртка – 2 даана

Укроп – 7-8 талча

Даярдоо ыкмасы:

1. Каттама камырды жумшарган соң 0,5 миллиметр калыңдыкта жаябыз. Андан соң 15Х15 сантиметр өлчөмүндө төрт чарчы формада кесебиз.

2. Сууга бышырылган жумуртка менен сырды сүргүчтөн өткөрүп, буга быштакты жана майда тууралган укропту кошуп аралаштырабыз. Табитке жараша туурамжыга шпинат, көк пияз, ашкөк, петрушка кошууга болот.

3. Жайылган камырдын бетине быштак, сыр, укроп жана жумуртканын аралашмасынан салып, төрт бурчун кайрып конверт формасына келтиребиз. Хачапурини табага салып, бетин жаап, 15 мүнөт тыныктырабыз. Бул аралыкта камыр дагы көтөрүлөт.

4. Эми хачапуринин бетине жумуртканын сарысынан сүйкөйбүз. Андан соң 180 градуста иштеп турган электр мешине салып кызарганча бышырып алабыз. Бышкан хачапуринин бетине каймак майдан сүртүп, дасторконго берсеңиз болот.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
arnal78
2019-12-16 12:23:14
Имеретин хачапуриси,жашылча менен аджар хачапуриси,батуми хачапуриси,камырга оролгон сулугуни,лобиани,тоок эти менен кубдари.Хачапуринин туру коп да.
0
Store
2019-12-22 14:47:20
Койгулачы ай, өзүбүздүн түштүк жергесиндеги камыры сүткө жуурулуп, дандырдын отуна кыпкызыл болуп бышкан нандарга дүйнөдөгү эч бир нан жетпейт.
0
№ 893, 12-18-декабрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан