Канатбек Турдалиев, жабырлануучу: «КЕКИРТЕГИМЕ ТАПАНЧА ТАКАП КОРКУТУП, 500 МИҢ СОМ ТАЛАП КЫЛЫШТЫ»

2019-жылдын 24-ноябрь күнү Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун борбору Кербен шаарында автоунаа оңдоочу жайдын кызматкеринен шектүү жарандар опузалап акча талап кылышкан. Жалал-Абад ОИИББи кылмышка шектүү 4 жаранды кармады.

“500 МИҢ СОМ БЕРБЕСЕҢ ӨЛТҮРҮП КЕТЕБИЗ ДЕП КОРКУТУШКАН”

Жалал-Абад ОИИББинин басма сөз кызматы бул окуя тууралуу төмөндөгүчө маалымат берди:

– 24-ноябрь күнү Аксы районунун Кербен шаарында жайгашкан “Талант” автоунаа оңдоочу жайында иштеген К.Т. аттуу жаран милицияга арыз жазган. Арызында ал Амантур, Бойка, Нупу, Боко (каймана аттары) аттуу жарандар шериктери менен андан 500 миң сом акча талап кылып опузалашканын жазган. Ок атуучу курал такап, андан соң жабырлануучуну унаа менен Кербен шаарынын четине алып барып «акча бербесең өлтүрүп коёбуз» деп коркутушкан.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун мурда бир нече жолу соттолгон тургуну 1994-жылы туулган А.А., Аксы районунун тургундары 24 жаштагы С.Н. жана 20 жаштагы С.А. ошондой эле Таш-Көмүр шаарынын тургуну 22 жаштагы А.К. кармалды. Шектүүлөр 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «опузалап акча талап кылуу» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Азыркы убакта алардын мындан башка жасаган кылмыш иштерин аныктоо максатында тергөө, ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул жарандардан жабыр тарткандар болсо Жалал-Абад ОИИББинин нөөмөт бөлүмүнө же криминалдык милиция кызматына кайрылуусун өтүнөбүз.

“ТАПАНЧАСЫН АЛЫП ЧЫГЫП, ООЗУМА, КЕКИРТЕГИМЕ ТАКАДЫ”

Жабырлануучу Канатбек Турдалиев бизге окуя тууралуу буларды айтып берди.

– Мен таякемдин “Талант” деген унаа оңдоочу жайында 1,5 жылдан бери уста болуп иштейм. 21-ноябрь күнү иштеп жатсам бейтааныш 3 жигит келип, өздөрүн Бойка, Бакыт, Тилек деп тааныштырышты. Анан “сенде уурдалган машина бар экен, ошону бизге бересиң, болбосо башкача сүйлөшөбүз” деп опузалап башташты. “Менде эч кандай машина жок. Бар деп силерге ким айтты?” дедим. Алар менин “жок” деп айтканыма жинденип сөгүнүп башташты. Мен “уруша турган болсоңор жекеме-жекеге бирден чыккыла, үчөөңө чыга албайм” десем кетип калышты.

22-ноябрда “эмне болду, машинаны даярдап жатасыңбы?” деп бирөөсү телефон чалды. Мен кайрадан “кайдагы машина, эмне менин тынчымды алып жатасыңар, бандитке окшоп?” деп жооп бердим. 23-ноябрда кечки саат 19:30 чамасында Бойка дегени телефон чалып “500 миң сом акча даярдайсың же машинаны бересиң. Экөөнүн бирин танда” деди. Мен “колуңдан келгенин кылып ал. Менде машина да, акча да жок” деп телефонду өчүрүп салдым.

Эки сааттан кийин Бойка кайра чалып “Канат, мен ичип алдым эле, чегип да алгам. Бутумдан тура албай жатам, үйгө жете албайм, сенин үйүңө түнөп кетейин” деди. Мен алардын коркутууларын аябай олуттуу деп ойлогон эмесмин. Эгер кол салса мас кишиге күчүм жетет деп ойлоп макул болдум. Бирок ал түнү үйгө келген жок.

Эртеси эртең менен саат сегиздерде Бойка, Бакыт, Тилек, дагы мен тааныбаган 3 бала болуп келишти. Мен эшикти ачарым менен Бойка жаагыма бир муштап, “машинанын ачкычы кана?” деп кыйкырды. Менин “жок” деген жообумдан соң тапанчасын алып чыгып оозума, кекиртегиме такады. Биринин колунан бычак көрдүм. Бирок бычак менен эч нерсе кылган жок. “Машинаны бересиң же 500 миң таап бересиң, болбосо сени өлтүрөбүз” дешти.

“АКЧА ҮЧҮН КЕРБЕНДЕН НООКЕНГЕ БАРДЫК”

– Андан кийин колу-бутумдан кармап сүйрөп чыгып Тойота Камри унаасына салышып, Кербен шаарына жакын Дөң-Кыштак деген айылдын четине алып барышты. Мечиттин артына алып барып оозума темир таяк тыгып, башыма, колу-бутума ошол эле темир таяк менен чабышты. Башым жарылды. Мен булар соо койбошун түшүнүп, “Ноокендин Достук деген айылындагы үйүмдө 300 миң акчам бар, ошону бере турайын” деп айттым. Капчыгымда 7 миң сомдой акча бар эле аны тартып алышты, арак ичишти. Айылга жеткенче “милицияга арыз жазсаң жердин түбүнөн болсо да таап өлтүрөбүз” деп коркутуп барышты. Үйгө жеткенибизде балдар унаада, көчөдө калышты. Мен үйгө кирип апама “балдар менден акча талап кылып жатышат, милицияга телефон чалыңыз” дедим да эшикке чыгып, дубалдан ашып, кошунанын короосуна жашынып калдым. Бойка дегени дарбазадан ашып үйгө кирип, апамды сөгүп, коркутуп жатканы угулуп турду.

Мен жашынып турган жеримден милицияга байланышып, кабар бердим. Апам аларга “биз милицияга кабар берип койдук, азыр келет” дегенде унаага отуруп качып кетишиптир. Айылдагы милиция бөлүмүнө арыз жазганы барсам, облустук милициядагылар “түз эле бизге жаз” дешти. 25-ноябрь күнү облустук милицияга арыз жаздым. Алар кылмыш ишин козгоп, Амантур деген жигитти кармады. Амантурдун чөнтөк телефонундагы телефон чалууларды текшерип, анын Бойка жана Нурлан (алтоонун бирөөсү) менен сүйлөшкөнүн аныкташты. Жүргүзүлгөн иликтөөлөрдөн “Канатты үйүнөн сууруп чыгып Жалал-Абаддын бир четине алып барып чаап өлтүрүп кутулуш керек” деген сөздөр бар экендиги аныкталды. Алар 57 жаштагы апама да зомбулук көрсөтүүнү ойлошуптур. Кийин апам да милицияга арыз жазды.

“6 ЖИГИТТИН ТӨРТӨӨСҮ КАРМАЛДЫ”

Соттук-медициналык экспертизадан өттүм, бирок жыйынтыгы чыга элек. Менин башым жарылган, денемде көк ала болгон жерлер көп. Темир таяк тыккандан жаракат алган оозумду, башымды дарылаттым. Он күндөн кийин кайра жумушка чыктым.

Мага кол салган 6 жигит менен мурда мамилем жок болчу. Амантурду гана сыртынан билчүмүн. Ал менин канча акча табарымды билип, менден акча өндүрүү керектигин шериктерине айтса керек. Мага акча үчүн кол салышты деп ойлойм. Мен иштеген жерде уурдалган унаа жок, ойдон чыгарып, калп эле талап кылышты. Азыр төртөөсү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алтоонун бири айдоочу болчу. Анын үстүнөн арыз жазган жокмун, анткени ал мага коркутуу жасоого катышкан эмес. Анан калса байкеси оорулуу экен. Азыр Тилек дегени кармала элек.

Жабырлануучу Канатбек Турдалиев айткан бешинчи шектүү боюнча Жалал-Абад ОИИББине кайрылдык. ОИИББдин маалымат кызматы тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн ал тууралуу маалымат берилбей тургандыгын билдирди.

Айпери Хожаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Sayragul
2019-12-16 11:42:15
Тарбиясы жок жаман балдарды карасан, алар деле жанын бакпай Канаттай иштешсе болот эле да. Иштейм десе жумуш коп, дыйканчылык жаса, мал бак, анан эле жумуш жокко шылтап, жанын оорутпай, белин энкейтпей бай болгусу келет булардын. Ошондуктан уйдон ата-эне эмгекке уйротуп тарбиялашы керек.
+19
cyrus
2019-12-16 11:44:45
Жазасын алышсын, бекер акча асмандан тушуптурбу аларга
+10
suban78
2019-12-16 13:40:37
Кудайдан коркпогон наадандар. Эртен болбосо бурсугуну баары бир чыгып кетет уч эсе болуп, эмнеге тушунушпойт. Озуно болбосо жакындарына, туугандарына тийет кесири. Бироону эч качан нааразы кылбаш керек. Адамдын назарынан калган эч качан аягы жакшы бутпогон
+7
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-12-16 14:08:30
Акмактын акмагы, жапжаш туруп арам тамактар!Аллах жазанарды берсин!
+9
karyshkyr-booru
2019-12-18 10:26:09
Акмактар мындайларды турмодо чиритиш керек сизодо тарбиясыздардын айынан канчалаган жаш жигиттер сынып кетти,биз ушинтип бири-бирибизди какшатсак кыргызымдын келечеги не болот деп ойлонбой коёалбайсын биримдикте ынтымакта бололу.
+2
_PeriWa_
2019-12-22 08:48:43
жанын ушунчалык ширин беле апанды жалгыз таштап, озун болсо качып бекинип тобо. Кокус апана бир нерсе кылышса эмне кылат элен?Окуп отуруп боор оорубай кайра апанды аядым. Байкуш энелер баласы учун баарына даяр...
0
Bermet068
2019-12-22 20:13:45
Кудай жазанарды берсе экен айбандар десе.Бекер тамак аш болбойт.
0
№ 893, 12-18-декабрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан