Үстүбүздөгү жылы футбол боюнча Улуттук курамга чакырылган Гүлжигит Алыкулов мыкты оюн көрсөтүп кыргыз элинин сүймөнчүгүнө айланды. Учурда футболчуга кызыккан клубдар көп экенин “Неман” клубунун башкы машыктыруучусу Иван Ковалевич Беларустун жергиликтүү каналдарынын бирине төмөнкүчө билдирген:
– Алыкулов "Неман" менен 3 жылга келишим түзгөн. Ал бул сезондо мыкты оюн көргөздү, ага кызыккан Европа жана Орусиянын клубдары кезекке туруп калышты. "Неман" аны курамда сактай албай калат го. Жакында эле Алыкуловго Казакстандын "Кайрат" клубу "майлуу" келишим сунуштаган, бирок менин билишимче, Алыкулов андан баш тарткан. Анын көздөгөнү – Европа.
Динара Акимова
sport@super.kg