Жөнөкөйлүктү баалаган КРИСТАЛ

Ал кыргыздарга Гу Жун Пё аты менен таанымал актёр Ли Мин Хо менен бир эмес, эки сериалга тартылды. Ал миллиондогон кыздардын жүрөк оорусуна айланган «ЕХО» тобундагы ырчы Кайдын жүрөгүн багындырды. Ал – ырчы, ал – модель, ал – актриса, ал – Кристал. Бүгүнкү k-pop рубрикасынын каарманы көп кырдуу талант Кристал болду.

Толук аты-жөнү: Чон Су Чон

Псевдоними: Кристал

Туулган жылы: 1994-жыл, 24-октябрь

Туулган жери: АКШ, Сан-Франциско шаары

Бою: 165 сантиметр

Салмагы: 42 килограмм

Жылдыз белгиси: Чаян

Тартылган белгилүү сериалдары: «Мураскерлер», «Сен мен үчүн өтө мыктысың», «Көк деңиздин уламышы», «Деңиз Кудайынын колуктусу», «Түрмөдөгү акылдуу жашоо» жана башка

Тартылган тасмасы: «Күтүүсүз сүйүү»

СПОРТЧУЛАРДЫН ҮЙ-БҮЛӨСҮНӨН ЧЫККАН ЫРЧЫЛАР

Атасы мушкер, апасы гимнаст, ал эми кыздары ырчылар. Чондордун үй-бүлөсү 1980-жылдары АКШнын Сан-Франциско шаарына көчүп кетишет. Бирок тагдыр 20 жылдан кийин кайрадан өз мекенине кайрып, Сеул шаарына турукташып калышкан. Англис тилинде эркин сүйлөгөн, татынакай кыздар тез эле «SM Entertainment» агенттигинин көзүнө түшкөн. Кристал анда 5, ал эми эжеси Жессика 10 жашта эле. «Кыздарга кичинесинен ырдаганды, бийлегенди үйрөтөбүз» деген агенттиктин өкүлдөрүнүн сунушун ойлонуп көрүп, Чон мырза улуу кызын тажрыйба топтоого жиберерин, кичүүсү али кичинекей экенин айтып Кристалды алып калат.

Эжеси «Girls’ Generation» тобунун курамында ырчылык карьерасын түптөп жүргөндө Кристал эл аралык мектептен билим алды. Англис тилин суудай билген кыз кошумча япон, кытай тилдерин үйрөндү. 2006-жылы гана ата-энесинин макулдугу менен «SM Entertainment» агенттиги менен келишим түзгөн.

«АЙДОЛ БОЛУУНУН ЖАМАН ДА, ЖАКШЫ ДА ЖАГЫ БАР»

Жакшы күндөрдөн сөз уласак. Кристалды тааныштарынын баары шайыр, назик, ошол эле учурда күчтүү адам катары сыпатташат.

– Айдол болуунун эки тарабы бар. Биринчи тарабы кызыгуу жаратат. Экинчи тарабы оорчулук менен коштолот. Кесибиңе байланыштуу эл-жер көрөсүң, дайыма жаңы адамдар менен таанышасың, жумуш, репетиция иштери да кызыктуу. Оор тарабы – дайыма бирөөнүн көз алдындасың. Бардык тарабыңдан эркиндигиң чектелет. Өзүңдүн кадамыңдан өзүң коркуп, сактанып жашоого туура келет. Мага камера алдында, сахнада Кристал, камерадан сырткары жүргөндө кадимки эле Чон Су Чон болгон жагат. Бирок көп учурда жөнөкөй Чон Су Чон боло албай калганым өкүндүрөт,- дейт кесиби тууралуу Кристал.

ТОПТУН ИЙГИЛИГИ ЖАНА ЖОГОТУУСУ

3 жыл стажёрлуктун күнгөй-тескейин көргөн кыз 2009-жылы ырчы катары дебют жасап, f(x) кыздар тобунун курамында сахнага чыккан. Топ бир канча музыкалык альбомдорун чыгарды, учурда дүйнө жүзүнө белгилүү k-pop топтордун катарын толуктайт. Виктория, Эмбер, Луна, Солли жана Кристал аттуу таланттуу кыздардан куралган топтон 2015-жылы актёрдук карьера түптөйм деген максат менен алгач Солли кеткен. 2019-жылы Виктория, Луна, Эмбер компания менен түзгөн келишимдери аягына чыкканын айтып, келишимди узартпайбыз деп чыгышты. Ал эми Кристалдын «SM Entertainment» менен келишими быйыл август айынын соңунда аягына чыкты. Ал компанияда калабы же башка жакка кадам таштайбы, жакын арада билсек керек.

f(x)’тин тарых барактарында жоготуу да бар. Топтун мурдагы ырчысы, актриса катары өзүн сынап жүргөн Солли 2019-жылдын октябрь айында өз өмүрүнө кол салып каза болду. Анын өлүмүнүн себеби катары хейтерлердин негативдүү билдирүүлөрү себеп экени айтылды. Көп убакыт депрессияда жүргөн Солли акыры о дүйнөгө кете берди. Анын өлүмү корей чыгармачыл чөйрөсүн, актрисанын чыныгы күйөрмандарын кайгыга салып кетти.

КИНО ДҮЙНӨСҮНДӨГҮ ИЙГИЛИКТЕР

Кристалдын кино ааламына аралашуусу 2010-жылы эле башталган. Анда «Сүйүү бардык курактагылар үчүн бирдей» сериалында роль жараткан. Андан бери убакыт өттү, канчалаган сериалдарга, тасмага тартылды. Алардын көрүнүктүүлөрүнө токтолсок, корейлердин популярдуу актёрлору Ли Мин Хо, Ким У Бин, Кан Ха Ныль, актриса Пак Шин Хе жана башкалар менен 2013-жылдагы ийгиликтүү дорамалардын катарына кирген «Мураскерлер» сериалына тартылган. Популярдуулугу арткан Кристал сериалдан кийин курбу да күттү, азыркыга чейин Пак Шин Хе экөө жакшы мамиледе.

Каарманыбыз башкы ролду «Сен мен үчүн өтө мыктысың» сериалында ойногон. Андагы өнөктөшү Рейн Түштүк Кореяга эле эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүнө таанымал актёр, ырчы. Кристал аталган сериалдагы ролу үчүн телекөрсөтүү тармагындагы «Эң популярдуу актриса» наамына татыган.

Баса, Ли Мин Хо менен ал кайрадан тасма талаасында кезигип, «Көк деңиздин уламышы» дорамасына чогуу тартылган. Кристалдын актрисалык куржунунда 10дон ашык сериал, тасмалардагы ролдору бар. Келечекте андан өзгөчө ролдорду күткөн күйөрмандар көп.

КРИСТАЛ+КАЙ

Сулуу десең сулуу, таланттуу десең таланттуу ырчы, актриса, модель кызга сүйүүсүн арнагандар арбын болсо керек. Алардын арасынан Су Чон өзүнө таланты жагынан да, келбет жагынан да төп келген мырзаны тандаган. Ал «ЕХО» тобунун ырчысы Кай болчу. Экөөнүн кыз-жигит экени 2016-жылы көпчүлүккө белгилүү болгон. Бирок мамиле 1 жылдан соң аягына чыгып, эки атактуу тең кайрадан «жүрөгү бош» статусун алышкан.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Birimdik5555
2020-09-12 16:38:30
Ли Бона крассавица
0
№ 926, 3-9-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан