«ЕНИСЕЙДИН» ЭҢ КЫМБАТ ОЮНЧУСУ ВАЛЕРИЙ КИЧИН

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын капитаны, Орусиянын «Енисей» футболдук клубунун оюнчусу Валерий Кичин «Енисей» клубунун эң кымбат оюнчусу болуп табылды. Бул тууралуу «Transfermarkt» порталы жарыялады.

Маалыматка ылайык, учурда Валерий Кичиндин баасы
900 миң еврону түзөт. Кичинден кийин жайгашкан жарым коргоочу Олег Ланин 550 миң еврого бааланган. Ал эми «Енисей» клубунун футболчуларынын жалпы трансфердик баасы 7 миллион 380 миң еврону түзөт.

Валерий Кичин «Енисей» командасына ушул жылдын июнь айында кошулган.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 926, 3-9-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан