ИВАН РАКИТИЧ "БАРСЕЛОНА" КЛУБУНАН КЕТТИ

"Барселона" клубунун хорватиялык жарым коргоочусу Иван Ракитич "Севилья" клубуна кошулду.

Маалыматка ылайык, 32 жаштагы Ракитич "Барселона" клубунан аны бошотууну суранган. Ал "Севилья" клубу менен 2023-жылга чейин келишим түздү.

Хорватиялык футболчу "Барселона" клубунда 2019/2020-жылкы сезондо жалпы 42 оюнга катышып, 1 гол киргизип, 5 жолу голдук пас чыгарып берген.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 926, 3-9-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан