Шерхан Абкулов, ырчы: «ҮЙДҮ АПАМ ЖАНА БИР ТУУГАНДАРЫМ АЛЫП БЕРИШКЕН»

«Арзуу», «Кыздар, ай», «Таарынба» аттуу ырлардын аткаруучусу, «Жылаңач баатыр» долбоорунун катышуучусу Шерхан Абкуловдун үйүндө конокто болдук. Ырчы Чүй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан ак өргөөсү менен тааныштырды.

– Үйүм сиздер буга чейин көрүп жүргөн ырчылардыкындай укмуш эмес. Бирок Кудайга шүгүр, өзүмө керектүүнүн баары бар. Азырынча оңдоп-түзөө иштери толук бүтө элек. Үйдө жубайым, 3 жашар балам үчөөбүз жашайбыз.

– Бул пианино мурда үйдө турчу. Азыр иштебей калып, эшикте туруп калды. Муну филармониянын алдындагы 2 жылдык студияда окуп жүргөндө ойногонду үйрөнөйүн деп бир байкеден үч миң сомго сатып алгам. Андан бери 7-8 жыл өттү. Азыр деле жакшы ойной албайм. Пианино болсо бузулду. Өзүм кайсы бир аспапта кыйратып ойнойм деп айта албайм.

– Эшиктин алдында дайым ушул штанга турат. Ырчылар тышкы келбетибизге көңүл бурушубуз керек да. Костюм кийгенде жарашыктуу көрүнсүн деп күндө штанга көтөрүп машыгам. Күнүнө 20 жолудан көтөрүп турмай адатым бар.

– Үйгө киргенде эле бизди ашкана тосуп алат. Ашканада кээде мен да тамак жасап калам. Куурдак, беш бармак сыяктуу тамактарды жасай алам. Өзүм болсо лагмандын бардык түрүн жакшы көрүп жейм. Ошондуктан келинчегим атайын уйгурлардан сабак алып лагманды даамдуу жасаганды үйрөнүп алган.

– Бул бөлмөнү чакан конок бөлмө десек болчудай. Өзүбүз ушул бөлмөдө тамактанабыз. Аз санда коноктор келгенде ушул бөлмөдөн чай берип узатабыз. Төрдө турган шкаф мурда ата-энемдики болчу, Таластан алып келип коюп алгам.

– Бул чакан бөлмөнү «менин кабинетим» деп коём. Ушул бөлмөдө отуруп ыр угам. «Кандай ыр, обон жаздырсам?» деп ойлонткон, идея берген бөлмө ушул.

– Биздин уктоочу бөлмө. Бөлмөдө ашыкча деле эч нерсе жок. Өзүбүзгө керектүү гана буюмдар бар.

– Бул гитараны мага бир досум белекке берген. Азырынча ойногонду үйрөнө элекмин. Эмки келгениңерде сөзсүз гитарада ойноп, ырдап берем. Буга чейин үйрөнсөм болмок. Бирок жалкоомун. Анын айынан продюсерим Курал Чокоевден да көп тил угам.

– Бул конок бөлмө. Көбүрөөк конок келсе, ушул бөлмөгө отургузабыз. Коноктун келип турганы жакшы экен. Үйгө кишинин кирип-чыкпай калганы жаман экенин карантинде билдик окшойт.



ДИЛ МАЕК

– Шерхан, үйдү сатып алганыңа канча болду?

– Үйдү алганыбызга 3 жыл болуп калды. Мен үйлүү болгонго чейин атамдын көзү өтүп кеткен. Ошондуктан атанын милдетин аткарышып, бир туугандарым апам менен чогуу ушул үйдү алып беришкен. 5 бир туугандын эң кичүүсүмүн. 1 эжем, 3 агам бар.

– Үйдүн жасалгасына ким көңүл буруп жатат?

– Жасалгасына көңүл бурбайм. Мага үй болсо болду. Мен үйдүн ичиндеги туш кагаздардын түсүн тандоого гана катыштым. Калганы усталардын, келинчегимдин табити менен жасалып жатат. Ал эми эмеректердин айрымдарын Таластан алып келгем. Апам жаңы эмеректерди алганда эскилерин биз алдык. Айрымдарын жаңы сатып алдык.

– Кышында байланышканыбызда көп кабаттуу үйдө батирде жашап жатканыңды айткан элең.

– Ооба, бул үйдү жылытыш үчүн от жагыш керек. Келинчегим от жага албайт. Мен жумуштан кеч келип калганда балам экөө үшүп отурушкан болот. Түндө келип от жагуу мага да оор болду. Ошондуктан кышында бул үйдү ижарага берип, өзүбүз шаар ичиндеги көп кабаттуу үйлөрдөн бир бөлмөлүү батир ижарага алып жашадык. Жазында кайра көчүп келдик.

– Жакында үй-бүлөңө баш кошулат экен. Экинчи наристең кайсы айда төрөлөт?

– Буюрса, декабрь айында экинчи ирет ата-эне болобуз деп даярданып жатабыз. Врачтар эркек бала төрөлөт деп айтышты.

– Келинчегиң аман-эсен көз жарып алсын! Жакшылыктарда гана жолугалы!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Belek1710
2020-09-07 13:40:38
Гатараны үйрөн жалкоолонбой!
+1
Crokus
2020-09-13 00:49:27
Ак оргон сонун экен,кут берекелуу уйлордон болсун,той топурлар боло берсин,бизге да насип кылсын.
0
№ 926, 3-9-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан