Курманбек Мамыров, актёр: «АТА-ЭНЕМДИН МАГА БОЛГОН ИШЕНИЧИН ТАЛКАЛАП АЛГЫМ КЕЛБЕЙТ»

«Мекен» тасмасынын прокатка чыгуусуна Маданият министрлиги тарабынан уруксат берилбей, анын жаратуучулары айласы кетип Ютуб каналы аркылуу эл назарына коюшкан. Тасмадагы милиция кызматкеринин образын жараткан келишимдүү актёр көпчүлүктүн купулуна толуп кызыгуу жаратып жаткан чагы. Ролун жеткиликтүү аткарып элдин көңүлүнөн түнөк тапкан актёр менен тааныштырабыз.

Туулган жери – Ош шаары

Туулган жылы – 1994-жыл, 22-январь

Билими – Кыргыз-Орус Славян университетинин юриспруденция факультетин бүтүргөн

Бою – 185 сантиметр

Салмагы – 75 килограмм

Учурда – актёр, модель

– Курманбек, саламатсызбы? Сиз калың элге “Мекен” тасмасында жараткан образыңыздан кийин таанымал болуп жатасыз. Бул тасмага кимдин сунушу менен тартылып калдыңыз? Бул сиздин биринчи ролуңузбу?

– Саламатсыздарбы? “Мекен" кинотасмасына чейин Медербек байкенин (ред.: режиссёр Жалилов) "Шайлоо" жана "Шаман" деген кыска метраждуу кинотасмаларында образ жараткам. Ал долбоор эл аралык фестивалдарда көптөгөн сыйлыктарга жетишти. 2019-жылдын сентябрь айында Медер байке кастинг жарыялап, ага мени чакырышкан эле. Алгач эпизоддук роль сунушталып, бирок 2-3 саат өтпөй кайра милиция жетекчисинин ролун беришти.

Өзүм 2017-жылдан тартып кинолорго тартылып келе жатам. "Сүйүү күчү" кинотасмасында эпизоддук роль аткаргам. Ал эми "Мария" кинотасмасында башкы каармандардын биринин ролун ойнодум. Ал кино ушул жылы кинотеатрларда коюлушу мүмкүн. "Мекен" кинотасмасы мен тартылган 3-толук метраждуу көркөм тасма болуп эсептелет. Таланттуу актёрлор менен иштешкениме жана Бектемир байке (ред.: Мамаюсупов) менен чогуу бир киного тартылганыма аябай кубанычтамын.

– Тасманы көргөндөр сизди ишенимдүү ойноптур деп жатышат. Элден ушундай алкоо угуу жагымдуу болдубу?

– Албетте, жагымдуу болду. Элдин ыраазычылыгына татуу менин максаттарымдын бири болчу. Жакшы кабыл алганыңыздар үчүн жалпы кино сүйүүчүлөрүнө чоң рахмат.

– Өзүңүз образыңызды жеткиликтүү ачып бердим деп ойлойсузбу?

– Өзүмдүн ролумду жеткиликтүү деңгээлде ойнодум деп айта албайм. Эл – тараза, эл – сынчы демекчи, канчалык деңгээлде ойногонумду эл бааласын. А мен актёрдук чеберчиликтин үстүндө дагы да көп иштеш керек экендигин түшүндүм.

– Аткара албай, көп дубль менен тартылган учур болдубу? Эгер болсо кайсы жеринде?

– Албетте, андай учур болду. Кенде болгон жаңжалга тиешелүү мага чалуу келет. Ошол жерде мен таң калып караган учурумду 5-6 дубль менен тарттык.

– Тасманын көрсөтүлүшүнө уруксат берилбей жатканда бийликке нааразы болдуңузбу?

– Анда бир гана мен эмес, көпчүлүк адамдар нааразы болду окшойт. Биздин эң негизги максатыбыз – "Мекен" тасмасы элдин жүрөгүнөн түнөк таап, бийлик өкүлдөрүнүн патриоттук сезимин ойготуу болчу. Буюрса, бул тасмадан кийин көптөгөн адамдардын ою өзгөрүп, коомго таза кызмат кылып, өлкөбүз өнүгөт деген ишеничтемин.

– Жетишпеген турмуштун айынан башында коррупционер болууга мажбур болгон милиция кызматкеринин ролун ойнодуңуз. Эгер сиз чындап 5-6 миң сом айлык алып иштесеңиз пара алмак белеңиз?

– Кызмат акым аз болсо дагы бул жолго такыр бармак эмесмин. Мен үчүн эң башкысы – таза жол менен акча табуу. Атам кичине кезимден бери "балам, адамгерчиликтүү бол, адилеттүү бол!" деп тарбиялап келет. Андай жолго баруу мен үчүн өтө уят иш. Ата-энемдин мүдөөсүн, мага болгон ишенимин талкалап алгым келбейт.

– Тасманы мактагандар да, сындагандар да болду. Кино тармагындагылар "тасманын идеясы жакшы. Бирок “тонкий философия” менен берсе мындан жакшы болмок. Баналдуу эле болуп калган" деп жатышат. Бул боюнча сиздин оюңуз кандай?

– Албетте, тыйындын эки бети болгондой эле, киного дагы оң жана терс сындар айтылышы мүмкүн. Бирок мен тасма баналдуу болуп калган деген ойго кошулбайм. Балким, ушуга чейин мекенди коргоо идеясы чагылдырылган кино чыккандыр. Бирок "Мекенде" бул идеяны тереңдетип, кыргыз элинин негизги көйгөйүн чагылдырат. Туулган жерди көздүн карегиндей сактоо керек деген идеяны биринчи орунга коёт.

– Мекен деп калдык, сиз үчүн мекен деген эмне?

– Мекен мен үчүн ата-бабамдын конушу. Балалыгымдын балдай таттуу учурларын өткөргөн жерим. Чоң аталардан калган ыйык мурас. Аны сактоо, коргоо, урпактарга өткөрүп берүү – биздин эң негизги парзыбыз.

– Алган гонорарыңыз купулуңузга толдубу?

– Ооба. Мен үчүн гонорардан да образымды жеткиликтүү ачып берүү маанилүү болду.

– Кыялыңыздагы роль?

– Эл аралык же Голливуд киносунда мелодрама, тарыхый, боевик жанрындагы кинотасмаларда башкы каармандын образын жаратуу.

– Эми маектин нугун чыгармачылыгыңыздын башатына буралы. Сизди модель катары тааныйбыз. Бул чөйрөгө кантип келип калдыңыз?

– Моделдик чөйрөгө соода борборунда илинип турган жарыя аркылуу барып калгам. Негизги максатым – моделдиктен кино чөйрөсүнө аралашуу болгон. Моделдиктен актёрдукка өтүү бир топ жеңил. Себеби камера алдында иштөөнү үйрөнүп, тажрыйба топтойсуң.

– Эркек моделдерди биздин менталитет өтө жакшы кабыл албайт эмеспи. Көпчүлүктө сексуалдык ориентациясы адаттан тыш деген стереотип бар. Ушинтип ойлогондорго сиздин жообуңуз...

– Мындай ойлорго кошулбайм. Себеби каныбыз кыргыз болгондуктан, жигиттик ар-намыс, мүнөз бар. Модель чөйрөсүндө айымга окшогон эркектер болот деген ойдон алыс болушубуз керек. Ушул убакка чейин эч ким менин моделдик чөйрөдө жүргөнүмө терс пикирин калтырган эмес.

– Моделдик кесип менен Кыргызстанда жан багуу кыйын экенин бул чөйрөдө иштегендер айтып калышат. Модель катары кайсы долбоордон көп гонорар алдыңыз эле? Бул хоббиден тышкары эмне менен алексиз?

– Моделдиктен тышкары өзүбүздүн шириндик чыгаруучу ишканабызда апама жардам берем. Кесибим боюнча юристмин. Ошол багытта ишимди улантсам дейм. Ал эми моделдик боюнча Корея жана Алматыда өткөн сынактарга катышып, эң көп гонорар алгам.

– Кайсы жердин кулуну болосуз? Ата-энеңиз, бир туугандарыңыз тууралуу азын-оолак кеп салып берсеңиз...

– Мен Ош шаарында төрөлгөм. Бала чагым Кара-Суу районундагы Мөнөк айылында чоң-ата, чоң-энемдин колунда өткөн. Учурда ата-энем Бишкекте турушат. 3 бир тууганмын. Бир эжем, бир карындашым бар.

– Атыңыз өзгөчө экен. Ким койгон?

– Атам 6-классында чоң атасынан “мен кийин баламдын атын ким коёюн?” деп сураптыр. Ошондо “Курманбек деп кой” деген экен. Ушул ысымга татыктуу болгонго аракет кылам.

– Келишимдүү жигиттерге ашыккан селкилер көп болору бышык. Сизди тымызын жактырып жүргөн кыздарга жооп алып берели. Жүрөгүңүз бошпу? Бош болсо кандай кыздар көңүлүңүздү бура алат?

– Учурда жүрөгүм бош. Ата-энемди сыйлаган, ыймандуу, түшүнүктүү кыз жолуктурсам деген ниетим бар.

– Тилегиңиз орундалсын! Чыгармачылыкта ийгиликтерди жарата бериңиз!

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 926, 3-9-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан