МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛЫ “ТЕЗ ЖАРДАМ” УНААЛУУ БОЛДУ

Өзгөн районунун Мырза-Аке айылына “Тез жардам” унаасы сатып алынды. Бул тууралуу 2-сентябрда “Мырза-Аке жаштар биримдигинен” билдиришти. Автоунаа аталган биримдиктин демилгеси менен сатып алынып, ооруканага белек катары тапшырылды.

“Орусиядагы, Казакстандагы, Бишкектеги мигранттар, Мырза-Аке айылынын тургундары эпидемия маалында дары-дармекке акча которушкан. Андан арткан акчага “Тез жардам” унаасын алууну пландаганбыз. Бул үчүн 1 миллион 51 миң 484 сом акча топтолуп, “Тез жардам” унаасын 801 574 сомго сатып алдык. Бул унааны сатып алууда Орусиядагы мырза-акелик мигранттар: таксисттер, соодагерлер, курулушта иштегендер, ошондой эле Бишкектеги жеке ишкерлер, коомдук ишмерлер, чыгармачыл чөйрөдөгү адамдар, соодагерлер жана башка мырза-акеликмин дегендердин баары жардам беришти. Айылдын өзүндө жашаган тургундар да колдон келген жардамдарын беришти”,- дешти биримдиктин өкүлдөрү.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 926, 3-9-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан