“КЫРГЫЗСТАН” ПАРТИЯСЫ БШКны СОТТОН УТУП АЛДЫ

“Кыргызстан” партиясы Борбордук шайлоо комиссиясын соттон утуп алды. 1-сентябрда Жогорку Сот БШКнын аталган партияга байланыштуу Бишкектин административдик сотунун чечимин күчүндө калтырды. Муну менен “Кыргызстан” партиясы быйыл өтүүчү парламенттик шайлоого катышууга укук алды.

24-августта БШК "документ тапшыруунун процедурасын бузду" деп “Кыргызстан” партиясынын документтерин кабыл албай, артка кайтарган. Партия төрагасы Канатбек Исаев бул чечимге макул болбой сотко кайрылып, административдик соту 27-августта аталган партиянын пайдасына чечим чыгарган. Бул чечимден кийин БШК Жогорку Сотко арызданган эле.

1-сентябрда Жогорку Соттун алдына жүздөгөн жарандар адилеттүү чечим чыгарууну талап кылып чыгышты. Топтолгондордун арасында коомдук ишмерлер, саясий партиялардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү болду. Жогорку Соттун алдына “Кыргызстан” партиясынын тарапташтары да чогулуп, эки тараптын ортосунда түшүнбөстүк жаралып барып басылды. “Кыргызстан” шайлоого катышуудан четтетилиши керек” деп чыккандар Жогорку Сот чыгарган чечимге нааразычылык билдирүү менен тарап кетишти. Андан ары алар БШКнын имаратынын алдына барып ыраазычылык билдиришти. “БШК азамат!”, “БШКнын артында эл турат” деген өңдүү ураандарды жаңыртып турушту.

Жогорку Соттун 1-сентябрдагы чечимин Канатбек Исаев “калыс чечим” деп атады. Ошентип, “Кыргызстан” парламенттик шайлоого кызуу талкуу менен аттанганы турат.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 926, 3-9-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан