Парламент депутаты, “Мекеним Кыргызстан” партиясынын лидери Мирлан Бакиров ага карата каралоого аракет акциясы башталганын билдирди. Депутат муну 1 жыл мурун сунушталган мыйзам долбоору боюнча маалыматтардын интернет желесине кайра тарай баштаганы менен түшүндүрдү.
– Убагында өкмөттүн, парламенттин мурдагы жетекчилери Апас Жумагулов, Медеткан Шеримкулов жана башкалар "жыйын болгондо Жогорку Кеңешке же өкмөткө кирели десек уруксат кагазын алышыбыз керек болуп ыңгайсыздык жаралууда" деп кайрылышкан. Ошондо экс-спикер, экс-премьер-министр деген макамды бир күбөлүк менен аныктап койсок деген сунуш болгон. Алар ошол күбөлүктү көрсөтүп Жогорку Кеңешке же өкмөт үйүнө тоскоолдуксуз кирип чыга алышат эле. Ал кишилер Жогорку Кеңешке келип, баалуу кеңештерин берип жүрүшөт. Сунушталган мыйзам долбоорунда башка эч кандай социалдык жеңилдик, эмгек акы деген маселе жазылган эмес. 2019-жылдын башында мыйзам долбоору коомдук талкууга чыккан. Тилекке каршы, ошол мезгилде долбоорду башка багытка бурмалоо аракети болгон. Андан кийин мыйзам долбоору коомдук талкуудан алынып салынган. Учурда бул мыйзам долбоорун козгоого негиз дагы жок. Эч нерсе таппай, эски маалыматты кайра чыгарып жатышат,- дейт Бакиров.
Жолдубек Качкынбаев