БИР БҮРКҮМ. 1-КЛАССТЫН ЭШИГИН 156 МИҢ БАЛА АТТАДЫ...

  • Бишкекте коронавирус эпидемиясында убактылуу ачылган стационарлардын акыркысы жабылды.
  • БШК: “Шайлоодо акча тараткандар да, алгандар да 2,5 жылга чейин соттолот”.
  • Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму пандемия учурунда жабылган мамлекеттер аралык чек аралардын ачылышын колдой турганын билдирди.
  • Ноокен районунда 1 чек ара кызматкери өз жанын кыйды, себеби белгисиз.
  • 31-август – Өлкөнүн эгемендүүлүк күнүн майрамдоодон кийин борбордук “Ала-Тоо” аянтынан 2 тонна таштанды чыгарылды.
  • Бишкекте милиция кызматкерлерин сөгүп интернетте талкууга түшкөн кызды райондук сот 3 жылга эркинен ажыратты.
  • Ысык-Көлдө 17 жаштагы өспүрүм бала сууга чөгүп каза болду.
  • Өлкөдө быйыл 1-класстын босогосун 156 миң окуучу аттады.
  • Бишкекте жеңил унаа 19 жаштагы кызды сүзүп кетти.
  • Дүйнөлүк окумуштуулар Жерди эң жаман климаттык апаат күтүп жатканын айтып чыгышты.
  • Жалал-Абадда унаа 60 метр бийиктиктен кулап, 2 кыз жана 9 жашар бала каза болду.
  • Депутат Таалайбек Масабиров мандатын тапшыруу үчүн БШКга арыз менен кайрылды.
  • Ысык-Көлдө эс алуучулардын жоктугунан 220 объект иштеген жок.
  • Жалдагы үрөй учурган мушташ. Ленин райондук соту Жаныбек Бапышовду 10, Калысбек Сейитбековду 11 жылга эркинен ажыратты.
  • Өлкөдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 1 миң 746 адамга акысыз отургуч-арабалар берилди.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 926, 3-9-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан