Мээрим Жуманазарова, балбан: «ЖЕҢИШКЕ ЖЕТКЕН САЙЫН УЛАМ БИЙИКТИКТИ САМАЙСЫҢ»

Кыргыз спортун дүйнөгө таанытып жаткан балбан кыздарыбыздын бири – Мээрим Жуманазарова. Ал кыз-келиндер күрөшүндө көптөгөн ийгиликтерди жаратып, кыргыз элин кубантууда. Килем үстүндөгү күчтүү атаандаш болгону менен, жашоодо абдан назик кыз.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Туулган жылы – 1999-жыл, 9-ноябрь

Туулган жери – Талас облусу, Бакай-Ата району, Биринчи Май айылы

Салмагы – 69 килограмм

Бою – 168 сантиметр

Билими – Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын 4-курсунун студенти

Учурда – Кыз-келиндер күрөшү боюнча Улуттук курамдын балбаны

Жетишкендиктери – Жаштар арасындагы Азиянын 3 жолку чемпиону (2017, 2018, 2019), Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалчысы (2019), Азия оюндарында коло байгенин ээси (2018)

– Кандайсың, Мээрим, ден соолук жакшыбы? Учурда эмне менен алек болуп жатасың?

– Жакшы. Карантинден кийин Ысык-Көлгө сборго кеткенбиз. Ал жакта 20 күндөй болуп кайттык. Учурда машыгууларыбыз Бишкекте өтүп жатат. Күнүгө эртең менен килем үстүндө, кечинде көчөдө машыгабыз. Машыгууларга толук турдө кайттым десем болот.

– Өткөн жылы жаракат алып, операция жасаттың эле, машыгуулар кыйындык жаратпай элеби?

– Буюрса, жакшы болуп калды. Колума операция жасатканыма 1 жылдай болду. Азыр килем үстүнө чыгып баштадым. Буга чейин булчуңдарды жайдан кыймылга келтирип, акырындап калыптандыруу менен алек болуп жаткам. Анткени операциядан кийин эки айдай колумду кыймылдатпай жүрдүм. Булчуңдар өзүнүн калыбына келиши үчүн да жарым жылдай керек болот экен. Кудай буюрса, эми күрөшө берсем болот.

– Жаракат алганда машыгууларсыз жүрүү оор болсо керек?

– 2017-жылы бутумдан жаракат алып, операция жасаттым. Ошондо аябай кыйналгам, дайыма машыгып жүрүп эле эч нерсе кыла албай калсаң абдан оор болот экен. Ошондо биринчи жолу машыгуудан алыстап, аябай жаман болгом. Бирок ушул тыныгуудан кийин багым ачылып, Азия чемпиондугунан алтын медаль уткам. Буга чейин дайыма эле экинчи же үчүнчү орунду алып калчумун. Турнирлерге барбай жүрүп калсаң каалооң күчөп, болгон күчүңдү жыйнап туруп барат экенсиң.

– Кичи мекениң, үй-бүлөң тууралуу айтып берсең?

– Өзүм Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Биринчи Май айылынан болом. Балалыгым Таласта өткөн. 9-классты бүткөндө Бишкекке келип Кыргызстан Эл аралык университетинин колледжине тапшырып, экономика адистиги боюнча билим алгам. Азыр Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын машыктыруучулук факультетинде окуп жатам.

Атам айылда эркин күрөш боюнча машыктыруучу (ред.: Рахмадил Жуманазаров, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу), апам мурун лаборант-фельдшер болуп иштечү, азыркы учурда үй кожойкеси. Үй-бүлөдө 8 бир тууганбыз. Кандай учур болбосун мага баары ар тараптан колдоо көрсөтүп турушат.

– Үй-бүлөдө сенден башка да спортчулар бар экен да, күрөштү тандооңо атаң түрткү болгонбу?

– Ооба, атам, агаларым спорт менен алектенишет. Кичинекейимде мектептеги бир линейкада атам турат. Эмнеге турат болду экен деп жатсам эле мектепте эркин күрөш боюнча балдарга секция ачылып жатканын, кийин кыздардыкы да ачыларын айтышты. Башка спорт түрүн тандоого деле айылда шарт жок болчу. Алгачкылардан болуп мен 6-классты бүтүп жатканда эркин күрөш секциясы ачылды. Эжемдер, сиңдим, айтор, туугандар баарыбыз эле барып баштаганбыз. Бирок акырында сиңдим экөөбүз эле калдык.

– Улуттук курамга кандайча келип калгансың?

– Таласта жүргөндө өлкө ичиндеги өткөн мелдештерде жеңүүчү болгондон кийин Нурбек агай (ред: Изабеков) сборлорго чакырып турчу. 2014-жылдан баштап Улуттук курамга кошулгам. Биздин спортчу катары өсүшүбүздө, ар бир жетишкен ийгилигибизде Нурбек агайдын эмгеги чоң.

– Сени кубанткан жеңиш, алгач медаль тагынгандагы сезимдер тууралуу айтып берсең?

– Чет жактан эң алгач 2014-жылы Таиландга барганда коло байгенин ээси болгом. Ошол алгачкы жеңиш катары эсимде. Кичинекей кезимде Таласта, Бишкекте өткөн мелдештерде жеңиштер көп эле болгон. Алтын медаль тагынганда укмуш деле сезимдер болгон эмес. Бирок 2017-жылы операциядан кийин жаштар арасында Азия чемпиону болгондо башкача, унутулгус сезимдер болгон. Кийин алтын утканда биринчи жолкудай сезим болгон жок, көнүп калат экенсиң.

– Жаракат алып калганда апаң, жакындарың кооптонуп спортту токтот дешпейби?

– Санааркап, боору ачып, мени аяшат. Бирок мага тескери таасир берип, артка тартпашы үчүн эч качан антип айтышпайт. Ар дайым “сенин колуңдан келет, бат эле жакшы болуп кетет” деп мага мотивация берип, жакшы сөздөрүн айтып мени колдоп турушат.

– Кыздарга күрөш менен машыккан кыйын эмеспи?

– Жок, биз өзүбүз ушул жолду тандагандан кийин кыйынчылыгына дагы чыдашыбыз керек.

– Жеке жашоого убакыт барбы?

– Чынында машыгууларга зорго жетишип жатабыз, ага убакыт деле жетпей калат (күлүп). Бизде баары режим менен. Эртең менен тургандан тартып тамак ичүү, эс алуу, таңкы, кечки машыгуулар баары сааттарга бөлүштүрүлгөн. Машыгуулардын саатын сабактын убактысына карап гана жылдырып калбасак, баары өз убагында болот.

– Килем үстүндө мыкты күрөшкөн Мээрим ашканада кандай?

– Тамактарды жакшы эле жасайм. Үйдө кыздар көп болгондуктан баарыбыз таттууну жакшы көрөбүз. Андыктан үйгө барганда сиңдим экөөбүз таттууларды көп жасайбыз. Үйдөгүлөр Бишкекке келгенде көбүнчө күлчөтай, өзүбүз эле болгондо фрикасе сыяктуу жеңил тамактарды жасайм.

– Өлкөдө кыз-келиндер күрөшүнүн көрүнүктүү өкүлүсүң, ийгиликтер сени кайсы тарапка өзгөрттү?

– Мүнөзгө таасир бербейт. Тескерисинче, жеңишке жеткен сайын улам андан бийигине максат коёсуң. Азияны утсаң, Дүйнө чемпионун утушум керек деп улам бийик деңгээлде чемпион болгуң келет. Бир ийгилик жаратып болду деп туруп калбайсың.

– Убактыңдын көбү машыгуулар менен өтөт экен. Спорттон тышкары эмнеге кызыгасың?

– Бизде көп деле бош убакыт болбойт. Убакыт болуп калса китеп окуйбуз.

– Байкашымча, жашоодо назик кыз экенсиң, килем үстүндө кантип күчтүү каршылашка айланасың?

– Көп эле адамдар “назик экенсиң, үнүң да жумшак чыгат экен” деп айтышат. Мелдештерге чыгарда өзүбүздү толук турдө күрөшкө даярдайбыз.

– Жакынкы максаттарың?

– Кудай буюрса, быйыл ноябрда 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпиондугу болот. Ошол мелдеште жеңишке умтулам.

– Маегиңе рахмат! Ийгиликтерди жарата бер.

Динара Акимова
Адилет Бектуров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Imon7
2020-09-07 09:20:12
Мурдакы причёскасы жакшы болчу! Ото сулуу кыз
0
Ka2sr1
2020-09-07 14:05:28
Азаматсын Мээрим. Озун да келбеттуу сулуусун. Бар бол. Дайыма женишке жетип журо бер.
+4
Tymar
2020-09-07 17:09:06
Мээрим ты просто красавица.
0
№ 926, 3-9-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан