Кайрат Примбердиев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти:“ШАЙЛООГО ҮГҮТТӨБӨЙМ, БАШКА ЫРЧЫЛАР СӨЗҮНӨ ТУРАБЫ, КӨРӨБҮЗ”

Пандемия маалында өкмөттүн чабал ишин сындап жүргөндөрдүн бири Кайрат Примбердиев болду. Ал ошол учурдагы элдин абалына күйгөнү үчүн ушул кадамга барганын айтат. “Шайлоо учурунда үгүт иштерине ырдабайм” деген ырчы сөзүнө турабы же жокпу, маегинен окуңуз.

– Кайрат, чү дегенде эле акыркы жаңылыктарыңдан баштайлы...

– Коронавирус пандемиясы учурундагы ыктыярчылардын эмгектери абал турукташып калгандан кийин билинбей, бааланбай калгандай болду. Ошондуктан ыктыярчыларга арнап жакшы ыр жаздырып жатам. Мен дагы ыктыярчы катары жүрүшүм керек эле, бирок апам катуу ооруп калды. Апам, өзүм да ооруп жатканда ыктыярчылардын жардамы чоң болду.

Экинчи жаңылыгым – 14 сериядан турган жаңы сериал тартылып жатат. Ошонун саундтрегин ырдаганы жатам. Бул ыр адамдын ички диалогу десем болот. Анткени ар бирибиздин ичибизде баатыр жашайт. Ошол баатырды сыртка чыгаруу керек деген тариздеги ыр. Пандемия адамдарга өз жашоосун кайра баштан карап чыгууга мүмкүндүк берди окшойт. Көрсө, бизге аз эле нерсе керек экен. Бийлигиң, байлыгың оорунун жанында эч нерсеге арзыбай калат тура. Өлүм жанымда жүргөндөй эле сезилди. Балким, чыгармачыл адамдар сезимтал болот эмеспизби, ошон үчүн жүрөккө жакын кабыл алдыкпы, билбейм.

– Өткөн жумада Саламат Садыкова эжебиздин тар чөйрөдө айтылган сөзү интернетке тарап, талкууга түштү. Эл көзүндөгү адам болгону үчүн айткандары чоң талкууга алынды. Силерде коомду ээрчите ала турган күч бар экенин сезесиңерби?

– Мен башка иштер менен алек болуп жүргөндүктөн телефон да карабай калдым. Андыктан маселенин өзөгүнө көп көңүл бура алган жокмун. Талкуу токтоп баратканда гана көңүлүм бурулду. Ошондуктан ал туура, бул туура эмес деп айткым келбейт. Ооба, атактуулуктун туткунубуз.Каалагандай жүрө албайбыз. Кийимдин топчусу туура эмес топчуланып калса да байкап коюшат, сөздү бул жакка эле коёлу. Дүрбү астында тургандайбыз. Мен дин, жерликке бөлүнүү маселеси, саясат тууралуу эч нерсе айткым келбейт. Мурун деле саясат тууралуу эч нерсе айтчу эмесмин, болгону күйгөнүмдөн июль айларында жеке баракчам аркылуу жарандык көз карашымды айтууга аргасыз болдум. Депутаттар каникулга тарап кетип, эл өзү менен өзү калганда кейигенимден “шайлоо учурунда үгүт иштерине ырдабайм” деген чечимге келдим. Менин бул пикирим да талкууга түштү. Көп ырчылар ойлорун өзгөртүп, "чыныгы лидерди гана колдош керек" деген ойго келишкени кубантат.

– Өзүң сөзүңө турасыңбы?

– 100 пайыз сөзүмө турам. Эми үгүт маалында башка ырчылар канчалык сөзүнө турат, көрөбүз. Бул окуяга чейин бир сунуш түшкөн, андан баш тарткам. Андан кийин мага кайрылышкан жок. Жакында Султан Садыралиев, Манас Алыкулов болуп сүйлөшүп калдык. “50 миң доллар берсе да үгүттөөгө катышпайсыңбы?” дейт. “100 миң доллар берсе да катышпайм” дедим. Мындай караганда бир адам чоң бөлкөнү коюнуна катып алып, көгүчкөндөргө “ме, силерге жетет” деп күкүмдөрүн таратып койгондой эле болуп жатпайбы. Образдуу айтканда, ошол чоң бөлкө көгүчкөндөрдүкү болчу да.

Кудай сактасын, эл ичинде ачка калбайт экенбиз. Кийинки муундун көзүнө карай албай жалтактаганча азыр чечим чыгарыш керек. Тойлор токтоп калганда деле иш жүрө берет экен. Азыр мэриянын алдындагы оркестрде солист катары иштейм, мамлекеттик кызматтамын. Башка да иштерим бар, оокатым жакшы эле өтүп жатат.

– Социалдык тармак аркылуу ырчы Курал Чокоев менен чырдашып кеткендей болдуңар?

– Бул тууралуу көп нерсе чечиле элек болгон үчүн эч нерсе деп айтпай турайын. 2-3 күндө бир пикирге келебиз.

– “Көкбөрү” тасмасына саундтрек ырдап чыкпадыңбы. Ошол ыр, клип кантип жаралып калды?

– Ырдын автору Чыңгыз Алиев, тасманын режиссёру Руслан Акун өздөрүнө да, башкага да талапты катуу койгон адамдар. Ырды жазганда көп жолу оңдоп, аранжировкасын да бир топ адамга жасатып көрүшүптүр. Улам оңдоп отуруп бул ырды Азамат Такырбашевдин жан дүйнөсүнөн сууруп чыгышкан. Аткаруучуну да улам тандап, ар бирине ырдатып көрүп, мага токтолушуптур. Мен 4-5 саат үн жаздырдым. Аябай чоң эмгек менен жараттык, ошон үчүн ыр элге алынды деп ойлойм. Азыр көрүнүктүү спортчулар таймашка ушул ыр менен чыгышат экен. Мен үчүн бул сыймык. Өзүм ыр жазам, бирок орус китептерди көп окуганым үчүн нукура кыргыз тилинде жаза албагандай сезим боло берет. Ошондуктан ырларымды жок дегенде мыкты акындарга оңдотуп алам.

– Сени өзүн нөлдөн жасагандардын катарына кошом. Сенин оюңча да ошондойбу?

– Ырчылыкка биринчи кадамдарды жасоодо башкалар себепкер болду, таасир берди. Мисалы, ырчы болушума досум Султан Садыралиевдин түздөн-түз таасири бар. Ал үндөбөсө, ырчы болуу мен үчүн кол жеткис нерсе сыяктуу болчу. Менде ырчылыкка жашы отуздан өтүп калганда эле баруу керек, жаш балдар ырдай албайт деген түшүнүк бар эле. Алгач эле Темир Назаров чыкты, кийин Султандар чыкты. Мына ушул абал мени шыктандырып, таасир берди десем болот. Андагы Кайратка абал, достор таасир берсе, “Голос” телеберүүсүнө барган Кайратты өзүм жасадым. Анткени дүйнө элдеринин музыкасын уктум, өзүм башка тилде ырдадым, анализдедим. Университетте окугандай эле интернеттен казып, өзүмдү өзүм окуттум. Ошол жеңишке жетип келген ырчыны өзүм жасадым деп айтсам болот.

– Сен велосипед, мотоцикл сүйүүчүлөрдүн катарында элең. Дагы деле ошол кумар барбы?

– Жок, калган жок (күлүп). Жол кырсыгына кабылгандан кийин "кой" деп токтоттум. Үй-бүлөм бар, балдарым бар дегендей. Мындай кооптуу нерсени кылбай эле коёюн деп чечтим. Мотоциклди келинчегиме айтпай сатып алгам. Бир жолу сапардан келип уйку канбай, мээм да жакшы иштебей турганда мотоциклди айдап көчөгө чыктым. Бир досум менен чыккам, ага бирөө телефон чалып, жарым жолдон кетип калды. Мен үйрөнчүкмүн да, жакшы түшүнбөй, чукулап жатып жолдун ортосунда туруп калыптырмын. Капталдан келген унаа мени сүзүп өттү. Бутум сынган жок, бирок жеңил жаракат алдым. Сүзгөндө учуп кеткем, башымда шлем бар эле, ошол сактап калды окшойт. Келинчегим ошондон кийин “бизди же бул мото сүйүүңдү танда” деди. Ошентип таштаганга туура келген. Жакында мотоциклге отурсам буттарым титиреп калыптыр. Бирок велосипед тээп эле жүрөм.

– Өзүңдү кара. Маегиңе рахмат.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Nurbany
2020-09-08 20:03:06
Азаматсыз ийгилик унунуз соонун
0
№ 926, 3-9-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан