ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ КИМДЕР БАРАТАТ?

Гезиттин өткөн санында парламенттик шайлоого аттанган “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Бир бол”, “Ата Мекен” жана “Замандаш” партияларынын талапкерлери тууралуу жазганбыз. Шайлоого катыша турган башка партиялар жана алардын талапкерлери кимдер? Сөз ушул тууралуу болсун.

“КЫРГЫЗСТАН” ЭСКИ КУРАМГА ИШЕНЕТ

“Кыргызстандын” алдыңкы саптагы 10 талапкеринин 7си мурунку парламенттик шайлоодо ушул партиядан депутат болгондор. Тизменин башына бул жолу да партия лидери Канатбек Исаев турду. Экинчиде депутат, мурдагы “ата журтчу” Талант Мамытов, үчтүктү кайра эле “Кыргызстандын” депутаты Нурбек Алимбеков жабат. Партия эски курамга таянып, жеңишке үмүт артканы көрүнүүдө. Мисалы, алдыңкы ондуктагы талапкерлер Дастан Жумабеков, Азиз Турсунбаев, Руслан Чойбеков, Шаршенбек Абдыкеримов жана Данияр Төлөнов да 6-чакырылыштын депутаттары. Экс-депутат, мурдагы вице-премьер Чолпон Султанбекова, 6-чакырылыштын экс-депутаты Алмазбек Эргешов да ушул партия менен шайлоого катышат. Негедир партиянын түптөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовдун “жеңебиз” деген ишеними күчтүү. Анын 2019-жылы күзүндө партиянын курултайында “биз парламенттик шайлоодон жеңип келебиз, биз жеңбесек туура эмес болуп калат” деген сөзү көп нерседен кабар берет.

“РЕСПУБЛИКА” БУЛ ЖОЛУ БАБАНОВСУЗ КҮЧ СЫНАЙТ

Бул жолку шайлоодо “Республика” партиясынын №1 талапкери – депутат Мирлан Жээнчороев. Экинчи сапка экс-депутат, Ысык-Көл жана Ош облустарынын мурунку жетекчиси Узарбек Жылкыбаев жайгашты. Үчүнчүдө “республикачы” экс-депутат, БШКнын мурдагы мүчөсү Назарали Арипов, андан кийинки орунда экс-депутат, мурдагы вице-премьер Алтынай Өмүрбекова баратат. 6-катарга 6-чакырылышта “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан депутат болгон Алтынбек Жунус уулу турса, 7-сапта Чүйдүн мурдагы губернатору, журналист кызга “кебетең жакпайт” деген сөзү үчүн талкуу чордонунда калып, көп өтпөй облус жетекчиси кызматынан кол жууган Туйгунаалы Абдраимов жайгашты. Талапкерлердин катарын Максат Сабиров, Кенжебек Бокоев, Руслан Казакбаев өңдүү 6-чакырылышта депутат болгон “республикачылар” толуктайт.

“МЕКЕНЧИЛ” САДЫР ЖАПАРОВДУН ТИЛЕКТЕШТЕРИ МЕНЕН

Белгилүү саясатчы Камчыбек Ташиев “Мекенчил” партиясын шайлоого баштап жөнөдү. Саясатчы тизмеде 1-сапта. Экс-депутат, учурда камакта жаткан Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров 2-орунга жайгашса, үчүнчүдө Чүй облусунун мурунку губернатору Болоткан Кумаров. Экс-депутат Жылдызкан Жолдошева тизмеге төртүнчү болуп турду. Алдыңкы ондукта Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратууну демилгелеп чыгып талкууга түшкөн Курманкул Зулушев жана башка коомчулукка анча таанымал эмес Абсатар Сыргабаев, Эмилбек Абдыкадыров деген жаңы жүздөр бар. Бул партияга да оппозициялык маанайдагы талапкерлер көп чогулууда. Алардын көпчүлүгү Садыр Жапаров соттон токтоосуз акталып чыгышы керек” деген пикирди кармангандар.

“БҮТҮН КЫРГЫЗСТАНГА” ЖАШ ЭМЕС, ТАЖРЫЙБА МААНИЛҮҮ

Оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” партиясын шайлоого Адахан Мадумаров өзү баштап барат. 2-сапка ишкер Айгүл Сатарова, 3-катарга ишкер Орозайым Нарматова турду. Алдыңкы сапта Жогорку Кеңештин экс-депутаты Исхак Масалиев, мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев, ИИМ жетекчисинин мурдагы орун басары, учурда Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткан Курсан Асанов, Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Ишенбай Кадырбеков, Самат Ибраев менен Зиядин Жамалдинов бар. Депутаттыкка талапкер тандоодо жаш муунга басым жасай берүүнүн терс жагы тууралуу Мадумаровдун мындай дегени бар: “Тажрыйба маанилүү, жаштыктын духу менен улуу муундун тажрыйбасын айкалыштыруу керек”. Жогоруда сөз болгон партиялардан тышкары быйылкы парламенттик шайлоого дагы 7 партия ат салышканы жатат.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 926, 3-9-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан