СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАРДАГЫ СҮРӨТТӨРҮҢҮЗ СИЗ ТУУРАЛУУ ЭМНЕНИ АЙТАТ?

Социалдык тармактардагы баракча аны колдонгон адам тууралуу көп нерсени, анын ичинде ал адамдын психологиялык абалын да айтып берет. Жүктөгөн сүрөттөрү аркылуу адамды талдоого өтөрдөн мурда колдонуучу кандай максатта баракча ачканын билүү зарыл. Айрымдар баракчасын жарнама же кайсы бир өзүнө керектүү иш үчүн гана колдонушу мүмкүн. Ар учурду, ар бир баракчаны өзүнчө талдоо керек. Бирок көпчүлүк учурларга тиешелүү айрым өзгөчөлүктөр бар. Ошол өзгөчөлүктөргө карап адамдар сүрөттөрү аркылуу тышкы дүйнөгө эмнени айткысы келгенин билүүгө аракет кылдык. Бизге психолог Наргиз Субаналиева жардам берди.

БАРАКЧАСЫНДА СЕЛФИ СҮРӨТТӨРҮ КӨП БОЛСО...

– Self – англис тилинен которгондо “мен”, “өзүм” дегенди билдирет. Америкалык окумуштуулар изилдөө жүргүзүшүп, социалдык тармактарда көп селфи жүктөгөн адамдар өздөрүндөгү нарцисстик жана психопатиялык тенденцияны көрсөтүшөт деп табышкан.

Сүрөттөрдү редакциялап жүктөө адамдагы нарциссизмди өнүктүрөт. Нарцисттер башка адамдардын аларга суктанып туруусуна муктаж. Бул суктануу аркылуу алар өзүнүн баасын сезе алышат. Бирок бул жасалма түрдө өзүн баалоо экенин унутпаш керек. Адам кайра-кайра селфи жүктөп, бул бааны бекемдегиси келе берет.

Психопатия – бул аң-сезимдин бузулушу. Психопатологиялык синдром ырайымсыздык, башка адамдардын оюна, сезимине тилектештик көрсөтпөө, импульсивдүүлүк (ойлонбой туруп аракет кылуу) менен коштолот. Психопаттар адамдар менен узак эмоционалдык мамиле кура алышпайт.

Америкалык психиатриялык ассоциация күнүнө өзүн 3 жолу сүрөткө тарткан (аны социалдык тармактарда бөлүшөбү, жокпу, айырмасы жок) же дайым өзүн сүрөткө тарткысы келген жана ал сүрөттөрдү күнүнө 6 жолудан ашык интернетке жүктөгөндөр психикалык жактан жабыркагандар деп тапкан.

БАЛДАРЫНЫН СҮРӨТТӨРҮН ЖҮКТӨЙ БЕРСЕ...

– Ата-энелер балдарынын жетишкендиктерине сыймыктанып, достору, туугандары менен байланышта калууну каалагандыктары үчүн балдарынын сүрөттөрүн жүктөшөт. Бирок балаңыздын сүрөтүн жүктөөдөн мурун бул аракетиңиз балаңызга азыр жана келечекте зыянын тийгизбейби, ушул суроонун үстүнөн көп ойлонууңуз кажет. Биринчиден, балаңыздын сүрөтүн жүктөө менен анын конфиденциалдуулугун бузуп жатасыз. Экинчиден, бала чоңойгондо бул сүрөттөр аны шылдыңдоо, кемсинтүү үчүн колдонулушу мүмкүн. Үчүнчүдөн, бала чоңойгондо бул сүрөттөр анын жашоосуна, карьерасына зыянын тийгизиши ыктымал. Мисалы, кийин жумуш берүүчү ошол сүрөттөрдү көрсө кандай кабыл алат? Балаңыз мамлекеттик кызматка талапкер болуп же активдүү коомдук ишмер болуп калса, бул сүрөттөр кандай таасирин тийгизет. Төртүнчүдөн, социалдык тармактарда санариптик уурдоо деген түшүнүк бар. Мында социалдык тармактардагы сүрөттөр уурдалып, аны ар кандай кызыкчылыктары үчүн колдонушат. Ата-энелер соцтармактарга бөлүшкөн сүрөттөр жана видеолор айрым учурда кооптуу сайттарда, кээде балдар порнографиясы үчүн да колдонулган учурлар кездешет.

АТАКТУУЛАРДЫН СҮРӨТТӨРҮН ЖҮКТӨГӨНДӨР...

– Изилдөөлөргө таянсак, булар өзүн-өзү баалоосу төмөн адамдар. Өзү үчүн идеал болгон кумирлеринин же атактуулардын сүрөтүн коюп алуу көбүнчө өспүрүмдөр арасында кездешет. Өспүрүм куракта өзүн-өзү баалоо деңгээли тез өзгөрүп турат. Бирок бир адам мындай сүрөттөрдү дайым жүктөсө, анын комплекстери бар, ал тышкы дүйнөгө жабык адам болушу мүмкүн. Мындай жол менен алар ички дүйнөсүн көрсөтүүнү каалап жатканын билсе болот.

АТАКТУУ АДАМДАР МЕНЕН ЧОГУУ ТҮШКӨН СҮРӨТТӨР...

– Адамдар кумир тутушат. Бул нормалдуу көрүнүш. Бирок башка адамды идеал көрүп, ага окшошкусу келсе, кээде өз сүрөтүн ошол адамдыкындай жасап алса, ал адамдын өзүн-өзү баалоосу төмөн болушу мүмкүн. Кээде өзү каалагандай жашоодо жашабаган адамдар өзүнөн жана чыныгы жашоодон диссоциацияга (өзү кабылган окуяларды сырттан кароо) өтүшөт. Бул позиция аны ашыкча эмоциялардан сактап, коргоочу механизм катары кызмат кылат. Алар иллюзияда жашашат.

СҮРӨТҮН РЕДАКЦИЯЛАБАЙ ЖҮКТӨСӨ...

– Азыр мейкапсыз, фильтрсиз сүрөт жүктөө тенденциясы жүрүп жатат. Көптөр ушул тенденцияны утурлай ушундай сүрөттөрүн жүктөп жатышат. Өзүн кандай болсо ошондой көрсөтө алгандар өздөрүн кабыл алып, сүйгөндөр. Бул адамдар өзүн туура баалай алышат, көңүл бурууга муктаж эмес.

ЖЫЛАҢАЧ, ИЧ КИЙИМЧЕН СҮРӨТТӨРҮН ЖҮКТӨГӨНДӨР...

– Мындай адамдарга психологиялык портрет берүүдө абайлаш керек. Себептери ар кандай болушу мүмкүн. Айрым адамдарда, көбүнчө өспүрүмдөрдө бул ички бунт, азыр анын жашоосунда болуп жаткан абалга каршы чыгуу болушу мүмкүн. Катталуучулардын көңүлүн буруу же романтикалык, көбүнчө интимдик мамилеге чакыруу да болушу мүмкүн. Тажрыйбамдан алсам, мындай адамдар психикалык жактан жабыркаган, бала чагында зордук-зомбулукка, көбүнчө сексуалдык зомбулукка кабылгандар болушат. Бирок мотивдер ар кандай болорун, ар бир абалды өз-өзүнчө кароо туура экенин унутпайлы.

ДЕНЕСИНИН КАЙСЫ БИР МҮЧӨСҮНӨ БАСЫМ ЖАСАСА...

– Бул адамдарды “активдүү издөөдө” деген статустун алдында бириктирсек болот. Көпчүлүк учурда бул эмоционалдык абалды, көбүнчө кайгы жана жалгыздыкты көрсөтөт. Мисалга алсак, бир кыз өнөктөш издеп жүргөн болсо, анда ал көбүнчө сулуулук салондорунан түшкөн сүрөттөрүн же өзүнө жаккан дене мүчөсүн көрсөткөн сүрөттөрүн жүктөйт.

АР КАНДАЙ ЦИТАТАЛАР...

– Айрым учурда бул өзүнө ишенбөөчүлүк. Гарвард университетинин окумуштуулары жана психологдорунун айтымында, жашоосунда оор кырдаалга кабылган, өзүнө ишенбеген адамдын баракчасы мотивациялык постторго толот. Минтип алар өздөрүн өздөрү колдоп, күч бергенге аракет кылышат.

БЕТИН ЖАШЫРЫП СҮРӨТ ЖҮКТӨГӨНДӨР...

– Кээде өзүнүн сүрөтү жок, баракчасында жалаң пейзаж же бети көрүнбөгөн сүрөттөр болсо, бул аккаунттарды өзүнө такыр ишенбеген, жакшы эмес, агрессия көп чөйрөдө чоңойгон адамдар башкарат. Алар өздөрүн көрсөтүүдөн коркушат.

КҮЗГҮДӨ, ЛИФТТЕ, ДААРАТКАНАДА, СПОРТ ЗАЛДАГЫ СҮРӨТТӨР...

– Бул нарциссизм сыяктуу аң-сезимдин бузулуусунан кабар бериши мүмкүн. Нарцисстердин жакшы жашоону чагылдырган: кымбат баалуу саат, унаа, яхта, кымбат бренд кийимдерди көрсөткөн сүрөттөрү көп болот. Чыныгы жашоодо аларда мындай люкс жашоо болбошу мүмкүн. Бирок алар муну сүрөттө көрсөтүп калышы керек.

Окумуштуулар спорт залда же таңкы чуркоо учурундагы сүрөттөрдү жарыялоо олуттуу психикалык оору – нарцисстик аң-сезимдин бузулушу деп табышкан.

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАРДЫ АКТИВДҮҮ КОЛДОНУП, БИРОК ТАКЫР СҮРӨТ ЖҮКТӨБӨСӨ...

– Булар активдүү жашоо образын жүргүзгөндөр. Социалдык тармактарды керек учурда гана колдонушат.

ПСИХОЛОГДОН СОҢКУ СӨЗ:

– Унутпаңыз, аккаунттагы сүрөттөр менен гана адамды мүнөздөп, психологиялык диагноз коюу туура эмес. Ар адамдын маанайы, эмоциялык абалы өзгөрүп турат, сүрөттөр көпчүлүк учурда ушул өзгөрүүлөрдү гана чагылдырышы мүмкүн. Ар адам индивидуалдуу, ар биринин жеке мотивдери бар. Биз жалпылап гана айттык. Бирок пост чыгарып, жеке жашоону жарыялоодон мурун өзүңүздөн “муну ким үчүн жасап жатам, ким көрөт, бул маалымат келечекте мага зыянын тийгизбейби?” деп сурап көрүңүз. Социалдык тармактар жакшы, бирок бетме-бет отуруп сүйлөшүүнү эч кандай сүрөттөр же посттор алмаштыра албайт.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
nazi25
2020-09-10 17:34:01
Кошулбайм эч бирине
+4
№ 926, 3-9-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан