Табылды Актанов, Кыргыз Эл артисти: “АЙТМАТОВ ЖАЗБАГАН СҮЙҮҮ БАЯНЫН 70 ЖАШЫМДА ЖАЗЫП ЖАТАМ”

Жашоомдо Табылды аттуу эки адамдан маек алдым. Бири – Табылды Эгембердиев, бири – Табылды Актанов. Экөө тең кенч. Бул жолу Табылды Актанов менен төкмөлүккө кеч келгени, улгайып калганда дос таап, аны жоготуп алганы, жашоосундагы капилет келген ийгиликтери, сүйүү тууралуу сүйлөштүк.

“АТАМ “АТАМДАН ӨТӨ АЛБАДЫМ” ДЕГЕН ЭКЕН”

– Чоң атам Тыныбек манасчылардын атасы, устаты. Шакирттери Сагымбай Орозбаков, Тоголок Молдо, Кытайдагы манасчы Жусуп Мамайдын агасы Жусуп Акун, Чоюке, Саякбай, деги мыкты манасчынын баары чоң атамдын шакирттери болгон. 13 жашынан баштап өмүрүнүн аягына чейин 40 жыл манас айткан. Өлөрүндө арман кылып “кыргыз, казакка белгилүү болдум, бий болдум, эч арманым калбады, болгону "Манасты" аягына чейин айтып үлгүрө албай калдым” деген экен. "Манасты" төрөлгөндөн өлгөнгө чейин эч ким айтып үлгүрө элек. Үзүндү айтып жүрүшөт, бирок толук окуяны айтып бүткөнгө чоң манасчылардын өмүрү чак келбей келе жатат.

Өз атам Актан чечендик, жазуучулук, комузчулук өнөрү менен белгилүү. Филармонияны түптөгөндөрдүн бири болгон. Чоң атам “улуу балама бийлигимди бердим, ортоңку балама байлыгымды бердим. Үчүнчү балам Актанга өнөрүмдү таштадым, төртүнчү балама эч нерсе таштай албадым” деген экен. Көзү ачык кишидей эле айтыптыр. Улуусунан тараган балдар бийликте, кийинкиси чын эле бай, Актандан тараган мен мына өнөрдү алып кеттим. Атама Манастан аян берилгенде “12 урпагыңа чейин өнөр бердим” деген экен. Мен үчүнчү урпак болсом, демек, тукумубузда кылымдар бою өнөрлүүлөр болот деген кеп. Атама “сен атадан өткөн уул болдуң, атаңды казак менен кыргыз эле билсе, сен чет элге барып өнөрүңдү тартууладың” деп бирөө айткан экен. Атам “атадан уул эч качан өтпөйт. Мен атамдан ашмак түгүл, жеттим деп ойлобойм” дептир. Мен дагы аталарыма караандабасам да, алардын өнөр жолун улаганыма кубанам.

15 ЖАШЫНДА НАРЫНДЫ ДҮҢГҮРӨТКӨН

– Атам кичине кезимде каза болгон. Менин минтип Табылды болуп отурганыма апам чоң салым кошту. Эжем турмушка чыгып кетип, үйдө экөөбүз калдык. “Отур, мени бак” деп койсо деле болмок. Ата өнөрү өчүп калбасын деп сүрөп отуруп мени ушул даражага жеткирди. Бала кезимде биздин айылдын артисти элем. Кимди болсо да туурачумун. “Актанов, кел доскага” деп эле мугалимдер сабакты мага таштап кетип калышчу. Ырдап, куудулданып сабакты өтүп койчу элем. Эрке болуп жакшы окучу эмесмин. Көчпөй калчулардын бири болчумун. Бирок өнөрүм бар эле. 15 жашымда атым таанылды. Ал кезде мыктынын мыктысын тандап Москвага алып барышчу. Иргелип отуруп Бүткүл союздук жаштар фестивалында күү чертип, медаль тагынып келдим. Нарын дүңгүрөп эле жатып калды. СССРдин медалын алып келген ал кезде космостон келгендей эле болчу.

Бала кезимде композитор болом дечүмүн, театрга кокустан кирип кетип, ырчылык да, комузчулук да, башкасы да калып, актёрлукка баш-отум менен ооп кеттим. Музыкалык окуу жайга тапшыра турган болгондо апам Бишкекке кеч алып келип калыптыр. Кийинки жылы тапшырмай болдум. Ал ортодо Жумакем (ред.: композитор Жумамүдүн Шералиев) көчөдөн кармап алып театрга алып барып жатпайбы. Ошол боюнча окуу да калды, театр мени оп тартып кетти. “Арабама” обончулук, ырчылык, сценарий жазмай, төкмөлүк, манасчылык, актёрлук сыяктуу бардык өнөрдү жүктөп алып кеттим. Окубай, чокубай эле артист болдум. Сүйүнөм окубай калганыма. Анткени менде кыргыз деген нукуралык сакталып калды. Окусам, балким, орустун, башканын дүйнөсүн сиңирип алмакмын. Нарын театрында 100дөй образ жаратсам, 70и башкы роль болду. Жаш кезде эле Кыргыз Эл артисти наамын алдым.

Союз ыдыраганда театрлар да ыдырады. Баягы толуп-ташып турган дөө-шаалар жок. Башым айланып калды. Эмгек өргүүсүн алып, борборго келип концертимди берип калдым. Эң кичүү балам ошондо 3-класста окучу. Кетерде балам “Мукаш Абдраев атындагы мектепте тандоо болуп жатыптыр, мен барат элем” деп калды. “Кой” десем болчудай эмес. 200 баладан тандап 10 баланы кабыл алышат экен. “Баягы Табылдынын баласы сынактан өтпөй калыптыр” десе шагым сынып калабы деп коркуп жаткам. Кудай жалгап өтүп кетти. Балам экөөбүз сүйүнүп эле калдык. “Каргадай баланы кантип жалгыз таштап кетем?” деп өзүм да айланчыктап жүрө бердим. Бир күнү көчөдө баратсам ошол кездеги маданият министри Султан Раев жолугуп калды. “Байке, сизди ушул жактан эле көрүп калдым. Эмне кылып жүрөсүз?” деди. Абалымды айтсам, “борборго келиңиз. Кааласаңыз драма театрга, кааласаңыз филармонияга барыңыз. Толуп турганда өнөрүңүздү бөөдө жок кылып аласыз” деди. “Ой, театрыңа мени алабы?” десем, “Эл артистин албай башы экөө беле?” деди. Ошентип борборго келип калгам. Үй-бүлөм менен жатаканада 6 жыл жашадым. Үй алайын десем анда акча кайдан? Нарындагы үйдү сатайын десем, ал акчага Бишкектен тооккана да келбечүдөй. Ушул жерден Аскар Салымбеков инимди айта кетпесем болбойт. Бирөөдөн жатаканада жашап жүргөнүмдү уккан экен. 15 миң доллар жөн эле берди. Кайрымжысыз. Мына өнөрдү сыйлаган адам! Болбосо экөөбүздүн саламдан башка эч нерсебиз жок эле да. Ошол акчага үй, машинеси менен алгам. 60тан ашканда 3 кабат үй салдым. Акчаны жөн эле алып алгандан уялат экенсиң, кийин акчасынын жарымын кайтардым. Албайт, экөөбүз отурабыз акчаны ары ыргытып, бери ыргытып (күлүп).

“50 ЖАШЫМДА АЙТЫШКА КЕЛДИМ”

– Төкмөлүктү мен кеч баштадым. Сыналгыдан “алты дубандан акын келет, айтыш болот” деген жарыя көрүп калдым. Көрүп келмекчи болуп барып калдым. Айтышты укканым болбосо, өмүрү көргөн эмесмин. “Кыргызда Эстекемден, Тууганбайдан, Замирбектен башка акын барбы?” деп таң калдым. Келсем жайнаган акын жүрөт. Анда атым чыгып калган кезим эле, бирөө “сиз да катышасызбы?” деп калды. Оозума сала бергенсип “эмне, ырдай албайт деп жатасыңбы?” дедим. “Кел, билет ал” десе ала калдым. Эми көк жалдыгымды карасаң, өмүрү айтышка чыгып көргөн эмесмин. Тандоо турунда 70 акындан 14 эле акын чыкмак. Айтыштым.“Тандоодон өткөндөр эртең тизмеде болот” дешкен, келсем тизмеде бакыйып биринчи турам (күлүп). Кудай урду. Кетип калсамбы дейм, кайра намыстанам. Кетпейин дейм, уят боломбу дейм. Бир ойго келгиче кеч кирди, сахнага кырка кылып тизип койду. Мен бир акын менен бет келдим. Ал мени дароо эле жеп коёюн деди окшойт, асылып кирди. 50 жаштарда элем, кара чокчо сакалым бар болчу. Тиги киши сакалыма асылып, “сен ырларды жаттап алган экенсиң, театрдын сакалын чаптап алган экенсиң” деп эле атырылды. Анда-санда кол чаап отурган эл негедир жандана түштү. Анан “мына сага” деп мен баштадым. Сакалды мактап бир топ айтып келип “сен өңдүү такырга чыкпайт бул сакал, жакырга чыкпайт бул сакал. Кечирип койсун энелер, сага окшогон катынга чыкпайт бул сакал” деп салдым. "Баң-ң" деди зал. Опера театрынын сахнасы көтөрүлүп кайра түшкөндөй болду. Ошентип дүң эттим. Экинчи турда да, үчүнчү турда да акындарды бирден кырдым. Терилип отуруп финалга жалал-абаддык 70 жашка барып калган Тайырбек деген аксакал экөөбүз калдык. Башында облус болуп бөлүнүп кол чаап күйөрмандык кылып жатса, финалга келгенде эл түндүк-түштүк болуп бөлүнүп алышкан. Эми элдин сүрү укмуш. Уюштургандар чакырып алып “Табыке, эми сен укмуш экенсиң. Бирок элди көрүп турасың. Азыр кырылып кетчүдөй. Жакшысы, сен айтышка чыкпай эле кой. Жолу улуу экен, тиги акынга баш байгени, сага биринчиликти берели. Тайырбек аксакал макул болду” деди. Мен аябай даярданып алгам. Аргасыз сөздөн өтө албай макул болдум. Жарыя кылганда элдин нааразычылыгын көрүп ал. Бизди “биртке тыйын алып эле чыкпай коюшту” деп ойлошту. Жеп коё жаздашканда Тайырбек аксакал экөөбүздү милиция элге көргөзбөй алып чыгып кетишти. Элдин сүрү, өнөрдүн күчү кандай болорун мына ошондо сезгем.

ДОСТУК...

– Өмүрү дос күткөн жокмун. Мен чоң сүйүүдөн корккондой эле достуктан да коркчумун. Анткени ал жүрөгүңдү бирөөгө берүү. Ал ошол жүрөктү кадырлай алабы, башка бир кеп. Жакын адамыңдан жараланган жаман да. Мен жараланганды каалабадым. Бирок достук да күтүүсүздөн келди. Жашым улгайып калганда жалгыз дос таптым. Ал да буюрбады. Ушунчалык жүрөгүбүз, тилегибиз, жан дүйнөбүз окшош эле. Бир күндө бир көрүшпөсөк, сүйлөшпөсөк тура алчу эмеспиз. Эл эмес, аялдарыбыз биздин достугубузга таң калышчу. 2-3 жылга эле созулду, Кудай аны менден ажыратып салды. Ал – залкар актёр Мукамбет Токтобаев эле.

СҮЙҮҮ...

– Менин сүйүүгө болгон мамилем такыр башкача. Аяр, кылдат. Айтматов жаза элек укмуш сүйүү романын жазып жатам. Ал – 70ке чыккан чал менен жаш япон кыздын сүйүүсү тууралуу. Ушу менен жашап жүргөн кезим.

АТА...

– Төрт эркек, бир кызым бар. Орточо атамын, үзүлүп түшпөйм. Салкынмын. Же өзүмдөй өнөрдүн жолуна түшпөгөндөрү үчүн ичим бөксөрүп тургангабы же табиятым ушундайбы, билбейм. Бирок жакшы көрөм.

70 ЖЫЛДЫК...

– 70 жашка чыктым. Карантин болбосо бул датаны белгилейин деп жаткам. 70 жылдык мааракеме арнап жээним, чоң атамдын кичүү кызынан төрөлгөн Азиза Мамбетказиева жасалгаланган 70 баш боз үй белек кылды. Аябай сүйүндүм. Там үй берсе деле сүйүнмөкмүн, бирок боз үй мени башкача толкундантты. Мындан тышкары бул жылы "Манас” орденин алдым, ошол эле жээним Кажы-Сайдан 3 бөлмөлүү үй белек кылды. Эркек неберелүү болдум. Бул жыл мен үчүн берекелүү болду.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
landysh
2020-09-07 22:33:52
Маек деп ушуну айт
+1
Asel69
2020-09-08 19:15:02
Рахмат Жараткан Тенир колдосун
0
Raihan0602
2020-09-10 10:23:35
Маегиңизге рахмат Табылды ага бар болуңуз узак өмүр сүрүңүз.Сүйүү романыңызды чыдамсыздык менен күтөбүз
+1
alym21
2020-09-10 17:57:52
Сонун маек болуптур,жанында отуруп мен маектешкендей жан дуйном эс алды.Коп жашаныз,агай.
+1
№ 926, 3-9-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан