Канатбек Маматов, Кыргыз футбол союзунун президенти: “АТА-ЭНЕМ БИЗДИ ШАПАЛАК ЭМЕС, СӨЗ МЕНЕН ТАРБИЯЛАДЫ”

Балалык – адам өмүрүнүн таза, тунук, жарк эткен учкуну. Аны кийин жылмаюу, сагынуу менен эстейсиң. Эски үй, ата-энеңдин жашыраак кездеги жүзү, берген тарбиясы, ар бир көчөсүн жатка билген айылың, досторуң көз алдыга тартылат. Бул жолу биз Кыргыз футбол союзунун президенти Канатбек Маматовдун балалыгына саякатка чыктык.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Туулган жылы: 1974-жыл, 15-август

Туулган жери: Ош облусу, Өзгөн району, Мырза-Аке айылы

Билими: Жогорку

Эмгек жолу:

1998-жылы – Ош мамлекеттик университетинин Дене тарбия кафедрасынын башчысы

2003-2007-жылдары – Эл аралык долбоорлордо эксперт, аймактык директор, долбоор жетекчисинин орун басары

2007-2009-жылдары – Жогорку Кеңеште фракция лидеринин жардамчысы

2009-2019-жылдары – Ишкер, бизнес долбоорлордун негиздөөчүсү жана жетекчиси

2014-жылдан бери – Кыргыз Республикасынын Футзал ассоциациясынын президенти

2016-2019-жылдары – Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын вице-президенти

2019-жылдан бери – Кыргыз футбол союзунун президенти

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси

– Канатбек мырза, балалык кезди эстегенде көз алдыңызга биринчи эмнелер тартылат?

– Көз алдыма айылдагы үйүбүз, элеттин кең пейил тургундары, биз ойноп жүргөн көчөлөр, окуган мектебим, футбол ойноп чоңойгон стадион тартылат. Анан ата-энемдин дайыма кулагыбызга куйган акыл-насааттары, кеп-кеңештери эске түшөт.

– Элге таанымал уулду тарбиялап өстүргөн ата-энеңиз тууралуу сурагым келип жатат. Алардын мүнөзү, бала тарбиялоодогу өзгөчөлүгү тууралуу айтып берсеңиз...

– Атам Маматов Мурза деген киши эле. Көзү өтүп кеткенине 14 жыл болду. Мурдагы Мырза-Аке айылынын Алга деген совхозунда эсепчи болуп көп жыл эмгектенген. Ал жумушунан сырткары үй-бүлөдө бардык балдарын окутам, жогорку билимдүү болушсун деп көп жылдары күрүч, картошка эгип, дыйканчылык да кылган. Ошентип, ата-энебиз күнү-түнү иштеп, аракет кылганы үчүн бир туугандардын баары жогорку окуу жайларын бүтүргөнбүз. Апам Кенжекан быйыл 81 жашка чыкты, мени менен чогуу Бишкекте турат. Ата-энем бизге абдан жакшы тарбия беришти. Өзгөчөлүгү – бир да катуу сөз айтпай, урушпай, муштум-шапалагы жок тарбиялашты. Сөз менен түшүндүрүп, мисалдарды келтирип, өздөрүнүн жүрүм-туруму менен бизге үлгү болуп, туура жол көрсөтүштү.

– Алардын кандай акыл-насааты, кеп-кеңеши сиздин эсиңизден өмүр бою кетпей калды?

– Үч сөзү мээге абдан сиңип калган: уурдаба, алдаба, коркпо деген. Ушул акыл-насааттары мен үчүн девиз болуп калды.

– Айылда төрөлүп-өскөн бала чыйрак болот дешет. Баланын мүнөзүн калыптандырууда айылдын орду канчалык деп ойлойсуз?

– Айылдагы турмуш менен шаардагы турмуштун айырмасы бар. Айыл жеринде кара жумуш көп, мисалы, күндүн ысыгына карабай чөпкө чыгышат, ар кандай дыйканчылык жана башка иштерди жасашат. Бул айылда кадимки эле көрүнүш. Бала кезден кара жумушка аралашып чоңоюшат. Ушул себептүү айылда өскөн бала чыйрак болот. Кыйынчылыкты көрүп өскөн бала жашоону баалай билет, бул анын мүнөзүнө да таасир этпей койбойт.

– Мектепте кайсы сабактар сизге жакын эле? Окуучулук күндөрдү, бала кездеги досторду эскерип берсеңиз...

– Тарас Шевченко атындагы орто мектепте окугам. География, тарых, химия сабактары жакчу, ошондой эле дене тарбия сабагы абдан жакын эле. 7-класска чейин түштөн кийин, экинчи нөөмөттө окуган кезде атайын балдар менен сүйлөшүп алып мектепке бир-эки саатка эрте барып футбол ойночу элек. Ойноп бүтүп сабактарга кирип кетчүбүз. Душ деген нерсе жок, тердеп-кургап эле класстарга кирип отуруп калчубуз.

– Алгачкы сүйүүгө да мектепте окуп жүргөнүңүздө кезиктиңиз беле?

– Ал нерсени сүйүү деп айтса болобу, билбейм. Бирок бирөөнү жактырып, сезимдер пайда болуп жүргөн учурлар болгон.

– Бала кездеги кызыктуу окуяларыңыздан айтып берсеңиз...

– Көбүнчө футбол ойногон күндөр эсте калды. Кыш болобу, жай болобу машыгуулар токтобойт эле. Бул каалоонун күчтүүлүгү экен да. Жаан жаайбы, кар жаайбы, буттар былчылдап суу болуп калса деле ойной берет элек. Тай журтум Өзгөндүн Көлдүк деген жеринен болот. Жайкы каникул убагында ошол айылга барып таң үрөң-бараңда чөп чабыкка чыгып кетебиз. Ал жактан үйгө чарчап келгениме карабай кечинде кайра футбол ойногону шашып турчумун. Айтор, мендеги кызык күндөрдүн көбү футбол менен байланыштуу.

– Жашоодо эң негизги кеңешчиңиз ким?

– Апам, жубайым, бир туугандарым. Досторум, агаларым бар, алар кеңеш берип турушат.

– Сиздеги кайсы сапат бала кезиңизден бери өзгөрбөй келе жатат?

– Жоопкерчиликтүүлүк. Өтө эле жоопкерчиликтүүмүн.

– Бала кездеги кыялдар орундалат дегенге ишенесизби? Сиздин кайсы кыялыңыз орундалды же орундалбай калды?

– Ишенем, көп өлкөлөргө барсам деген кыялым бар эле. Спортто ийгилик жаратсам, өлкөгө спорт аркылуу да салым кошсом дечүмүн. Ошол кыялдар орундалды сыягы. Албетте, кыялданыш керек. Кыялдардын ишке ашарына канчалык көп ишенсеңиз, ошол нерсе ийгилик жаратууга түрткү берет.

– Спортко эрте аралашып, ийгилик жараттыңыз. Бала спортко тубаса жөндөмдүү болобу же тарбияласа деле мыкты спортчу чыгышы мүмкүнбү?

– Баланын бир эле пайыз спортко тубаса жөндөмү болсо жетет деп ойлойм. Калганы машыгуу, машыгуу жана машыгуу. Канчалык көп машыксаң, ошончолук өсөсүң, чеберчилигиң артат. Тигил же бул спорттун түрүнө такыр жөндөмү жок деген туура эмес. Ар бир мыкты спортчунун артында он жылдан ашык машыгуусу, чемпион болом деген күчтүү каалоосу, тер төккөн мээнеттери жатат. Көп нерсе каалоодон көз каранды.

– Айылда төрөлүп-өссө да, шаарга отурукташкан соң айылынан такыр кол үзгөндөр бар. Сизди жердештериңиз "айылыбыздан бат-баттан кабар алып турат" дешет. Айылга болгон мындай жакындык да жөн жерден болбосо керек?

– Ооба, тез-тезден кабар алып турам, айыл менен байланышты үзгөн эмесмин. Киндик кан тамган туулган жериң башкача болот экен, өзүнө тартып турат. Сагынам, айылда өткөргөн күндөрүмдү көп эстейм. Бишкекте турсам да айылыма колумдан келишинче жардам берип келе жатам. Элге, айылдаштарыма жардамым тийсе кубанам.

– Балдарга сизден кыскача кеңеш...

– Азыркы учурда айылдарда көп балдар спортко кызыгышат. Спортко жакын болгула, машыккыла демекчимин. Спорт аркылуу көп нерсеге жетишесиңер. Албетте, билим алуудан аксап калбаш керек. Китеп окугула, дайыма алдыга умтулгула. Ошондо комплекстүү өсүп-өнүгүп, коомдун татыктуу инсандары болосуңар.

– Маегиңизге рахмат.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 926, 3-9-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан