НААМДАР ЭЭСИН ТАПТЫ

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык алган күнүнө карата өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишмердүүлүгүндө чоң жетишкендиктери үчүн бир катар жарандарды “мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Ага ылайык, “Кыргыз Республикасынын Эл артисти” наамына Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти Шайгүл Алсеитова, ырчы Гүлмайрам Момушова жана башкалар татышты. Ал эми «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамы менен ырчылар Малик Аликеев, Токтобүбү Черикчиева, Карамолдо Орозов атындагы Эл аспаптар оркестринин артисти Дүйшөнбек Касымов жана башкалар сыйланышты.

Малик Аликеев алган наамы жана өзүнүн ден соолугу тууралуу айтып берди:

– Буга чейин менин чыгармачылык чөйрөгө келишиме апам салымын кошуп, колдогонун айтып келгем. Эл дагы дайыма колдоп, батасын берип турду. Ошондуктан наам меники эмес, апам жана элдики. Бир ирет наам алам деп документ тапшыргам. Андан кийин аракет кылган жокмун. Анын үстүнө бир жерге барып ырдап калсам, эл “наамды сага кичине кезиңде эле ыйгарып койгонбуз” деп дем берчү. Ошол дем менен жүрдүм. Эмгекти баалап, көңүл буруп койсо жакшы экен. Ыраазымын. Кыргыздын нечендеген залкарлары наам албай өтүп кетишти. Алардын жанында мен киммин?

Ден соолугум боюнча айтсам, азыр баары жакшы. Азырынча буттарыма оорчулук келтирбей турушум керек экен. Жакында басканга аракет кылып баштайм. Өзүмө басып кетчүдөй сезилип турат. Мага операция жасап, ден соолугума кам көргөн врачтарга, анын ичинен Сабырбек Жумабековго ыраазычылыгымды билдирем.

Токтобүбү Черикчиева да көптөн күткөн наамды алганы үчүн ыраазы экенин айтты:

– Наамды канчадан бери күткөнүмдү эл билет. Эмгегим азыр бааланыптыр, ыраазымын. Мен таза эмгегим менен алдым. Мурда берилсе жакшы болмок. Бирок менден улуу, менден кыйын, жаратмандар, акындар, обончулар албай жүрүшөт. Нотаны тешип окуп, кенедей айлыкка иштеп жүргөн канчалаган күчтүү музыканттар, кыйын актёр-актрисалар бар. Бирок 2 жылдан бери наамдар туура берилип жатат деп ойлойм.

Мага бул наамды эл алып берди. Былтыр күзүндө 50 жашка чыгып, юбилейлик концертимди өткөргөндө министрликтен өкүлдөр келишкен. Ошондо залдагылар “качан Эмгек сиңирген артист наамын бересиңер?” деп кыйкырышкан. Министрликтин өкүлү “эмдиги жылы” деп жооп берген. Мындан тышкары социалдык тармактарда да бул тууралуу жазып жүрүштү. Ошондон улам берилип калды окшойт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Nurbany
2020-09-08 19:56:08
Кутуу болсун бар болунуздар
0
Safiya91
2020-09-11 09:04:54
Мерген Турганга да бергилечи
0
№ 926, 3-9-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан