Саламат Садыкова: “МЫНДАЙДЫ ДУШМАНЫМА ДА КААЛАБАЙМ”
Кыргыз Республикасынын Эл артисти Саламат Садыкова элдин талкуусунда калды. Анын тар чөйрөдө “ат-башылыктар кытайлашып кетишкен. Кээ бирлеринде дунгандардын каны бар” деп сүйлөгөн видеосу тарады. Бул эл арасында ар түрдүү пикир жаратты. Окуя боюнча ырчы Super TV каналына мындай комментарий берди:
– Мен бул талкууну катуу кабыл алдым. Жараланган жүрөк айыкпайт, кара баскан көңүл агарбайт. Ошондой болсо да элдин кызы деген даражам бар. Элден кечирим сурадым. Эл турган жерде биз эч кимбиз. Эл улук. Көрөрүм, тартаарым бар экен. Соңку учурда атайын уюшулган топтордун күчү менен ушундай абалга кабылып калдым. Анын артында капчыктуу адамдар да турат. Атын айта берсек абийирибиз төгүлүп калат. Адам болгондон кийин душман болбой койбойт экен. Өзүм жаңылып сүйлөй турган кишилерден эмесмин. Бирок акыйкатты сүйлөп алып көбүнө жакпай калам. Акыйкат – ачуу, жалгыз, ал эми чындык көп болот экен. Ар кимдин өзүнүн чындыгы бар.
Пандемия учурунда 7 дубанга 12 онлайн концертти мен бердим. Эгер атак-даңкка семирген киши болсом, мен деле беймарал курсагымды тойгузуп өмүр сүрө бермекмин. Бирок элимди ашыкча сүйгөндүгүмдөн эл менен кошо түйшөлүп турдум. Кээде “назарга көп илинип кеттикпи, тил-көздөн оолак боло албай калдыкпы?” деп да ойлонот экенсиң. Коом бөпөлөп турса, бул бирөөлөргө ашык көрүнүп да кетет экен. Дагы да болсо башымды ийип, элден кечирим сурайм. Жаңылып жазып, ак-каранын ортосунда чайналып турам. Уйкусуз түндөрдү өткөрдүм. Мындайды душманыма да каалабайм. Кайсы жактан келип бирөө далыңа таш менен урарын билбейт экенсиң. Кайдан билдим? Акыркы видеодо эч оюмда жок Чуңкурчак деген керемет жерде аба жутуп жүргөм. 7-8 киши келип курчады. Адамдарга ишенем. Ызаат көрсөтүп турдум. Сүрөткө түшүштү. Өздөрү кеп башташты. Ооба, жети дубанбыз, жети башка менталитетибиз бар. Мен Баткендин кызы болом, биз бир аз өзбектешкенирээк эл болобуз. Ал элден бизге жугат. Нарын чектеш болгон үчүн кытайлашкан деген эле маселе болгон. Көп улуттуу эл болгондон кийин чындык ошол да. Сүйлөгөнүмдү бурмалап туруп, мени ат-башылык улуу элге каршы коюшту. Муну ал адамдардын абийирине койдум. Ызылдап, көчөдө өз актыгымды издеп жүрөр куракта эмесмин. Акылдуу эл өзү баам салып турат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
Мактаган кыз тойдо ушинтип оосурат!
Ойлонуп суйлошуп керек болчу, туштон кийин актанбай
Айиий акылдуусунарго баарынар,биринчи эженин баскан изин басып,даражасына жетип анан суйлосонор тобоо,жанылбас жаак болбойт
Кашыктап чогулткан сыйынды чомучтоп токтун
Мурда сыйлачы элем азыр сыйын жоготту
Столдо отуруп же жыйында сүйлөгөн жокко, тоого эс алганы чыгып эле тамаша иретинде сүйлөгөн сөз экен, күлүп жайнап эле турушатко баары ошол видеодогулар! Баарыбыз адашабыз, кечиримдүү болуш керек, сурак жообуңар жеңил болот! ( тиги дүйнөдө)
Саламат эже бар болунуз. Ушундай эле жап жаш болуп журо бериниз.
Ойноп суйлосон да ойлоп суйло дейт. Ушул жашында суйлогону ушул болсо алжып бараткан го.
Айрыкча биз кыргыздар ээрчимебиз казака жакын жашагандар казакча аралаштырып өзбеке чектеш жашагандар өзбек тилин кошуп ж.б сүйлөшөт.Ошол сыяктуу эле нерсе айтайын деген болсо керек деп ойлойм.Анчалык чычалоонун кереги жок баарыбыз түпкүлүгү бир кыргыз деген элбиз ынтымак бололу
Raihan0602,нарындыктар кытайлашып кеткен деген сөзү акылсыздык. Кии көрдү нарындыктар кытайдын тилин кошуп суйлогонун же кытайлар жеген тамак жегенин, кытай менен кыз алышып беришкенин. Таптаза кыргыздар нарындыктар. Баткендиктер таза кыргызбыз дегени кандай? Бул жерде озбектешип кеткенбиз дептир. Кечирим сурадым кыргыз элинен деп туруп акыйкат сөз үчүн элдин талкуусунда калдым дейт. Же чын эле алжып баратканбы
Негизи жаңылып сүйлөп алдыңыз,бирок кечирим сураганыңыз абдан жакшы болду...эми жаңылбас жаак болбойт да,
Эми жаңылбас жаак болбойт да,кечирим сурап койгонуңуз абдан жакшы болду...
Германияда бир студент балага жолугуп таң калгам. Немецтерге окшоп калыптыр. Ошо сыяктуу биз кайсы эл менен мамиле түзсөк да, алардын тилин, маданиятын бат өздөштүрөт экенбиз.
PeRa,туура, мен да 20жылдан бери Туркияда жашаган Кыргызстандык кыргызды коргом, биринчи кыргыз экенине ишенген да эмесмин
Пендесинен коркпонуз эжекеси,Аллахтан корксонуз болду.азыр элдерде коро албастык озунчо муноз болуп калды
Саламат айымды улуттун жузу, маданияттын кузгусу, элгу улгу адам катары кабылдап жургомун. Бир эле оз кесибинин эмес, кара создун чебери эле. Элдин каймагы, улуттун коронгосу, кылымдарга калчу легенда дечумун... Анан эми акыркы маектеринен, интернет желесинен алган маалыматтарыма таянсам албетте, эжеге «чон тан калычтуу» ой жаралды... Бул айымдын кызы европа улутуна келинчек болгон жанылбасам, анан таза кандуу кыргыз тууралуу маселе которбой эле койсо болмок беле деген ой...
Ушул жерде комментарий жазып жаткандар Саламат эжеден баарыбыз эле кичүү болсок керек. Катуу кетпейли. Эже ушунча жылдан бери элибизге кызмат кылып, канчалаган ырларды жүрөгүбүзгө жеткире ырдап, биздин сыймыгыбыз болуп жүрөт.