Минорахан Омурзакова, окурман: “АР ТАРМАКТУУ БОЛГОНУ ҮЧҮН “СУПЕР-ИНФОНУ” СҮЙҮП ОКУЙМ”

“Супер-Инфо” гезитин дайыма калтырбай окуп, бир да санын жоготпой аздектеп чогултуп келе жаткан окурманыбыз менен маектештик. Минорахан Омурзакова 63 жашта. Ал Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Чарба айылынын тургуну.


– Минорахан айым, саламатсызбы? “Супер-Инфону” калтырбай окуйт экенсиз, гезит сизге эмнеси менен жагат?

– Жакшы. “Супер-Инфону” окуганымдын себеби – гезитте бардык рубрикалар бар. Кеңештер, саясат, жылдыздардын турмушу, сканворд, маркумдарга гүлдесте, сериалдар, жарнамалар, айтор, бүт баарын таба аласың. Айрыкча балдарга арналган бөлүм жакчу. Ар тармактуу болгону үчүн бул гезитти сүйүп окуйм. Кайра-кайра окуй берчү гезит. Ар бир санын калтырбайм. Эгерде жаңы саны чыкканда өзүм алганы бара албай калсам, бирөөдөн болсо дагы алдырам. Бишкекке барып калган учурларда жаныма салып жүрүп окуйм. Дайыма сумкамда гезит жүрөт.


– Гезитти качантан бери үзбөй окуп келесиз?

– Канча жыл болгонун так билбейт экем. Гезит түптөлгөндөн бери эле окуп, чогултуп келем.

– Гезиттин бардык саны барбы? Кандай максатта чогултасыз?

– Гезитке кызыгып окуп баштагандан бери бардык санын калтырбай чогултам. Үйдөгү чоң чемоданга салып, сактап койгом. Айрым бир учурларда мурунку сандарын деле кайрадан барактап чыгам. Андагы кызыктуу маектер, кеңештерди карайм.

– Гезит колуңузга тийгенде алгач кайсы бетин ачып окуйсуз?

– Эң биринчи гезитти аларым менен биринчи беттеги анонстор менен таанышып чыгып, анан башынан көз жүгүртө баштайм. Убактым кенен болгон учурда же үйдө бош болуп калганда бир четтен барактап окуйм. Ал эми кээде убакыт тар болуп шашып жатсам, алгач жылдыз төлгөнү окуйм. Негизинен мен сериалдарга аябай кызыгып, күтүп окуйм.

– Гезит боюнча сунушуңуз барбы? Кандай рубрикаларды кошсок болот?

– Менин оюмча, гезитте рубрикалар жетиштүү эле. Муну кош, тигини ал деп айтуудан алысмын. Кыскасын айтканда, мага баары жагат.

– Кыргызстанда гезит окуу маданияты жөнүндө айтып берсеңиз...

– Элдин баары эле кызыгып гезит окуйт дегенден алысмын. Бирок мен билген көп эле адамдар бар. Алар гезиттерди окушат. Менин пикиримде телефон, интернет чыккандан бери гезит окуу маданияты солгундап кеткендей. Себеби мен гезиттин жаңы саны чыгары менен сыясы кургай электе окуйм. Мурун кээде жаңы саны биз жакка келери менен ала албай калсам, кийинки аптада мурунку санын таппай калчумун. Себеби тез эле сатылып кетчү. Азыр гезит саткан жерлерден мурунку сандарын деле көрүүгө болот. Бир тууган сиңдим да мен сыяктуу гезитти такай үзбөй окугандардын катарында болчу. Акыркы мезгилдерде көбүнчө маалыматтарды интернеттеги сайттардан окушат. Анткени азыр баарында телефон, интернет деген бар эмеспи. Телефон турса деле мен ал жактагы маалыматтарга алымсынбайм. Мен үчүн гезиттен окуган такыр башкача.

– Маек соңунда сизге эркин микрофон...

– Эң эле биринчи “Супер-Инфо” гезитинин жалпы жамаатына ийгилик каалап кетем. "Ийгиликтин эрте-кечи жок" дегендей, жеңишиңер арта берсин. Ар дайым талбай эмгектенип жүрө бергиле. Элибизде тынчтык, аманчылык болсун. Дүйнөнү каптаган аты жаман оору эми бизден алыс болсун. Эч ким оорубасын.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Aijan06
2020-09-07 16:14:05
Менин мамам да суперди калтырбай окуйт. Жума куну тан атпай алдырып, эч нерсесин калтырбай окуйт го. Даже рекламаларынан мени. Коп жылдан бери чогултат. Интернеттен окуу десек такыр конулдонбой, понедельникке чейин кутпойм деп. Карантинде газета чыкпай калганда аябай жаман болду. Кочого озу коп чыга албайт, ооруганын жараша. Жума сайын сурап, кыжалат болду. Мамамдан да интервью алып, газетанарга чыгарып коюнуздарчы, суйунуп калсын суранам.
+2
admin_superstan
2020-09-08 09:24:05
Aijan06, Саламатсызбы, номериңизди купуяга жөнөтүп коесузбу
+1
№ 926, 3-9-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан