СЕНДЕН КИЙИН...(Эки аялдын таң калычтуу тагдырын баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Жашоо өзү сынак. Эгерде бир сынакты жакшы бере албасаң, аны турмушуңда кайра өтүү керек болот. Эгерде өзүң өтө албай калсаң, аны балдарың да өтүп калуусу ыктымал. Бул жолу да ушундай болду. Бактыгүл эгерде жолунда жолуккан азгырыкка туруштук бергенде сүйүү деп үй-бүлөсү бар бирөөнү ээрчип, өзүнүн да үй-бүлөсүн бузбаганда, балким, кызынын башына бул тагдыр туш келбейт беле? Алгач көргөндө эле бул таттуу эки небересинин атасы Искендер экенин билген. Балдардын жүздөрү коёндой окшош болуп турса башканын балдары деп атоого мүмкүн эмес эле. Бир аз убакыттан кийин Искендердин башка үй-бүлөсү бар экенин билди. Ичинен сызды. Аяна менен көп убакытка чейин эне-бала боло албай коюшту. Кичүүсү Салима жайдары, жароокер, мээримдүү кыз. Аны менен тез эле тил табышып кетти. Ал эми Аянанын мүнөзү башкача эле. Ал кимдир бирөөнү өзүнүн дүйнөсүнө оңой киргизчү эмес. Өтө сезимтал жан дүйнөсү, бирок кайраттуу мүнөзү, сүрдүү турушу энесин коомайланта берчү. Атүгүл кызынын көзүнө тиктеп сүйлөй алчу эмес. Бирок бир күнү экөө тең ачылды. Ашканага коомай баш баккан Бактыгүл кызынын жалгыз отурганын көрдү. Жүрөгү ооруп кетти. Акырын жанына отурду.

– Чай ичелиби?- деди акырын.

– Мейли.

Аяна үнсүз чай демдеп жатты. Экөөнүн ортосунда кудум дубал бар сыяктуу, жарып өткөнгө экөөнүн тең кудурети жетпегендей. Чай кайнап, экөө кыям менен чай ичишти. Бир топко үнсүз отурушту.

– Мен сага жүк болуп жатсам кете берейин,- деди апасы акырын. Аяна тиктебей туруп жооп берди.

– Сен мага жүк эмессиң. Кайра жардам берип жатасың. Балдар сага жакын болуп кетишти.

– Анда эмнеге кабагың бүркөө?

– Мен ушундаймын,- деп кызы бурк этти. – Сага жиним келген жок. Өзүмдүн чечилбей турган маселелерим бар.

– Балдардын атасыбы?

– Ал дагы десе болот.

– Эмнеге бул ишке бардың?

Аяна түз суроого таң кала түштү. Катуу айтып кагып коё турган болуп барып токтоду. Бир топко үн катпай отурду.

– Сүйдүм,- деди бир убакта. – Катуу сүйдүм. Ага чейинки тутунган принциптеримдин баарына көз жума тургандай сүйдүм. Эч качан үй-бүлөлүү эркек менен жакындашмак тургай, жакындашты деген аялдарды жек көрчүмүн. Бирок өз башыма келгенде уятты да, намысты да жоготтум.

– А эмнеге мени кечире албайсың? Сүйүү баарын унуттура турганын өзүң жакшы билет экенсиң го?- деди аял.

– Сага окшоп көчөдөгү бирөөнү эле ээрчип кетип калган жокмун. Сенден айырмаланып менин үй-бүлөм жок болчу. Эки балам жок болчу менин! Сен балдарыңды таштап кеттиң, кантип кечиргенге болот? Мен бул эки бала үчүн жашоомдон деле кечип коё алам. А сен?

– Төрт балаң болсо да кээде басып кеткенге чейин жеткирет сүйүү. Оп тарткан ажыдаар сымал эч нерсени ойлондурганга мүмкүндүк бербейт кээде. Шайтандай азгырат. Бейиш ушул экен деп ойлойсуң. Бирок тозокко кабылып калганыңды билбейсиң. Мен ошондой болдум. Ал адамдын айынан тартпаган азабым калбады. Көрбөгөн күнүм калган жок. Түрмөдө таяк жеп өлүп, кайра тирилген күндөрүм болду. Ошондо да баш тарта албадым. Түрмөдөн чыгып, кайра жолубуз бирикти. Мен баарын башынан баштаганга даяр элем. Ал дагы даяр болчу. Бирок кайын атасы абройлуу неме эле. Менден баш тартканга аргасыз кылды. "Бийлик, байлык же бул катын" деди. Кайсы эркек бийликтен баш тарта алат? Айтчы, ким? Ким аброюнан баш тартат? Экинчи жолу жүз буруп кетти. Боюмда бар эле, алты айлык болуп калган. Аны алдыртты. Кайрадан жалгыз калдым. Эч кимсиз калдым. Бул жолу туруштук бере албадым. Ичип кеттим. Мага баары бир эле. Жашоомо деле кол шилтеп койгом.

Аялдын көздөрүнөн салаа-салаа жаш агып жатты.

– Атам тууралуу ойлодуңбу?

– Ойлогон жокмун. Анткени кыялданып жүргөн адамды биринчи жолу жолуктургам. Атаң жакшы адам болчу. Аябай сыйлачумун. Бирок сүйүү деген башка нерсе экен. Мен тиги азгырыкты көргөндөн кийин гана атаң менен жашаган турмушумда эмне жетпей жүргөнүн түшүндүм. Мен анын жүрөгүн оорутуп басып кетким деле келген эмес. Бирок тигинден ажырасам өлүп калам деп ойлодум. Ал мага баңгизат сымал болчу. Көрүп көңүлүм, көксөп жүрөгүм канбаган бир кумар болчу.

– Азыр кайда?

– Жогорку Кеңеште. Ал каалаганына жетти. Бирок бактылуу эмес. Менден баш тартканы үчүн жан этин жеп жашап келе жатканын да билем. Жашоосу экиге бөлүндү. Жүрөгү эки жакта.

– Искендер да ошондой,- деди. Ичинен айттым деп ойлоду, бирок угуза айтып алганын сезбеди.

– Аяна...

– Атам каза болду. Мен жаңы окууга келген жыл болчу. Атам экөөбүздө башка бир жакындык бар эле. Сен кеткенден кийин мени ал “Баку” деп сенин атыңдан чакырчу. Анан оор абалда ооруканага түштү. Искендер ага операция жасады. Атам өтүп кеткенден кийин мен дүйнөдө жапжалгыз элем. Ал мени издеп келди. Бир көргөндө ашык болдум. Көп жаш улуу экенине, үй-бүлөлүү экенине карабай меники болуусун кааладым. Бирок...

– Кызым менин!- деди аял бооруна кыскысы келип.

– Апа-а!- деди биринчи жолу Аяна. Апасынын бооруна жыгылып, өксүп жиберди. Кудум өмүр бою жыйган ызасын, сагынычын жууп жаткандай өпкө кага көпкө чейин ыйлады. Өзүнө келгенде гана көкүрөгү жеңилдеп калганын сезди.

– Экинчи кетпечи, мени таштап экинчи кетпечи, апа,- деди ал көз жашын сүртүп.

– Эми эч кайда кетпейм. Сен куусаң да кетпейм,- деди апасы да чачынан сылап.

Алар үчүн баары жаңыдан башталгандай эле. Аяна апасы менен сырдашканды үйрөндү. Кимдир бирөөгө ишенгенди, ички дүйнөсүн ачканды билди. Ал эми апасы үчүн да башка бир дүйнө ачылгандай эле. Кыздарын эркелеткенди, аларга тамак жасап, кечинде күтүп алган канчалык бакыт экенин сезди. Ыйласа көз жашын аарчып жанында туруу, кубанса кошо кубануу да бакыт тура.

ххх

Бул күндөрү Искендер өз тозогунда жашап жаткан. Балдарына болгон сүйүүсү ээ-жаа бербей калган эле. Аларды мындан ары жашырганга акысы жоктой сезди. Эң биринчи Айтурган менен сүйлөшүш керек эле.

– Мен сага азыр бир нерсе айтам. Суранам, сөзүмдү бөлбө. Ансыз да кайсы жерден баштап, кайдан бүтүрөрүмдү билбей жатам.

– Эмне болду? Тынч элеби деги?

– Муну сени менен эчак эле сүйлөшөйүн деп жүргөм. Бирок...

– Коркутпачы, Искендер.

– Бул нерсе бир топ жыл мурун болду. Мен бир студент кыз менен... Кыскасы, менин эки балам бар. Эгиз эркек балдар. Булар болбосо мен сага айтпайт болчумун. Мени кечир, жаным. Сага канчалык оор экенин билем.

– Эмне дейсиң?

– Менин студент кыз менен байланышым болгон. Ал менден эки бала төрөп... Мен кабарым жок эле, билгениме үч жылдай эле болду. Бул кудум кинодогудай болду.

Айтургандын ар дайым күлүп турган жүзү бар эле. Бул күлүп турган көздөр жашоосунда биринчи жолу томсоро тиктегендир. Ишене албагандай башын чайкады.

– Бул тамашабы?

– Жок. Чындык бул.

Суу жээгинде отурушкан эле. Башы айлана сууга түшүп кете жаздады. Искендер кармап калды. Айтурган кармап турган күйөөсүн күч менен түртүп жиберди. Кыйкыра да албады. Ыйлай да албады. Көздөрү тоңуп калгандай эле.

ххх

– "Мен Айтурганга айттым",- деген СМС келди Аянага. Эмне дейт эле, жооп бере албады. Канчалык экөөнө тең оор болгонун сезип турушту...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 926, 3-9-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан