ЧОЧКОНУН МЭЭСИНЕ ЧИП ОРНОТУЛДУ

“Tesla” жана “SpaceX” компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск 28-августта “Neuralink” компаниясынын штаб-квартирасында өткөн маалымат жыйында чочконун мээсине чип орнотконун көрсөттү. Бул ыкма кийин адамдарга да колдонулушу мүмкүн экенин билдирди. Бул имплантты ал “баш сөөгүндөгү фитнес билерик” деп атады. Илон Масктын айтымында, чиптин жардамы менен мээнин сигналдарын гана байкоого мүмкүн болбостон, келечекте бир нече неврологиялык ооруларды, мисалы, шал, Альцгеймер, кем акылдыкты дарылоого мүмкүндүк жаралат. Ошондой эле жакында бул тестирлөөгө жаныбарлар гана эмес, адамдар да катышат дейт. Тыйындын көлөмүндөй (диаметри 8 миллиметр) болгон чип нейрондук импульстарды каттайт жана жаныбарлардын организмине эч кандай зыян келтирбейт. Бул чип баш сөөк менен сыйлыгышып кетип, күнү бою кубаттандырууну талап кылбайт. Ойлоп табуучунун пикиринде, адамдар чиптердин жардамы аркылуу жасалма интеллект менен гармониялуу бириге алышат.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 926, 3-9-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан