ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 7-СЕНТЯБРДАН 13-СЕНТЯБРГА ЧЕЙИН


КОЙ (21.03-20.04)

Маанилүү иштерди токтото туруңуз. Планеталардын жайгашуусунан улам сиздин активдүү аракет башка багытка бурулуп кетиши мүмкүн. Эмгектер текке кетет. Кесиптешиңиз менен мамилени жакшыртууга умтуласыз. Үй иштерине убакыт аз болот. Бир түрдүү жашоодон тажап, жаратылыш коюнуна чыгып эс алуу муктаждыгы жаралат.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Кийин эстеп жүргөнгө жакшы иштерди бүтүрүүгө ылайыктуу апта. Иште болгон тажрыйбаны пайдаланып көп акча табууга болот. Сүйүктүүңүздөн башкага “көз кысуу” ызы-чуу менен аяктаарын эске алыңыз. Карьера жасайм дегендер керектүү адамды керектүү учурда колдонууну билүүсү керек. Оюңузду ачык айтуудан карманыңыз, жашыруун душмандар бар.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Жумушта иштерди аз убакыт жана аз күч коротуп бүтүрүүгө аракет кылуу керек. Ошондо жеке чарба жумуштарын бүткөрүүгө жетишесиз. Каржы кыйынчылыгы бир топ алдастатат. Маселени банктан насыя албай чечүү сунушталат. Туугандарыңыздын бири келип убактылуу сиздикинде жашоосу ыктымал. Чакырган жерге кечикпей барыңыз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Материалдык жактан ийгилик коштойт. Мүмкүн, белек аласыз же кошумча киреше кирет. Баарлашуулар көп болуп, үйдөгү маселелерди талкуулап, ички букту чыгарасыз. Кызыктуу маалыматтарга ээ болосуз. Жумушуңузда ойлонуп демилге көтөрбөсөңүз, сынга кабыласыз. Жакын тааныштар керектүү адам менен тааныштырат. Пайдаланып калыңыз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Апта үмүтүңүздүн баарын актай бербейт. Мамилелерди териштирүү, жакындардын маселесин чечишүү, жардам берүү керек болот. Күтүлбөгөн сунуш түшөт. Макул болсоңуз материалдык абалды оңдоп аласыз. Уккан имиштерге ишенбей, баарына реалдуу кароого аракет кылуу зарыл. Короо-сарайга байланыштуу курулуш иштери бир топ чыгымды талап кылат.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Урушуп кеткен адам менен жарашууну, эски таарынычты унутууну каалайсыз. Достор майда иштерде жардам беришкени менен, олуттуу ишке келгенде өзүңүзгө гана таянууга туура келет. Документтерге кол коюуга шашылбаңыз, өкүнүп калчу жагдайлар чыгат. Каржылык абал турукташмайын кымбат буюм сатып албай туруңуз. Жумуш издегендер сүйлөшүүгө чакырылат.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Чөйрөдөгүлөр менен мамиле туруктуу болбойт. Бойдокторго мамиле түзүүгө же баш кошууга сунуш түшөт. Шашылыш чечим кабыл алуунун кереги жок. Жумушта эки адамдын ордуна иштөөгө туура келет. Бирок тапканыңыз көп болот. Жакындарыңыз чакан белек менен кубантат. Айрымдардын иши текшерүүгө алынып, бир топ нерв коротушат.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Аптада жаман адаттардан арылууга, мүнөздү оңдоого киришесиз. Романтикадан да куру калбайсыз. Сиз менен сырын бөлүшкөн адам чыгат. Энергия толук болбогону үчүн сапарга чыкпай туруңуз. Ишиңиздин үзүрүн көрүп, колуңузга акча тийиши ыктымал. Атагын чыгарууга, даңкка умтулгандар абайлабаса аброюн төмөндөтүп алышат.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Сатып алуулардан жолуңуз болуп, сапаттуу буюмга жолугасыз. Көз, кулак-мурун оорулары козголушу ыктымал. Баалуу документтер менен кагаздарды чоочундардан бекем катыңыз. Достордун саны артат. Жумуш издеп, керектүү жерлерге резюме таштап койгондордун айрымдарына чакыруу түшөт. Айрымдар кошумча билимге ээ болуу үчүн атайын курска жазылышат.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Максатка умтулуп, активдүү болсоңуз ар тараптуу ийгилик сиздики. Кирешенин жаңы булагы табылат. Жакшылыкты белгилөөгө чакыруу алышыңыз мүмкүн. Бири-биринен жадай баштаган жубайларга жаңы бир нерсе менен алектенүү сунушталат. Көргөн түшкө маани берүү керек. Айрымдар тажрыйба алмашуу үчүн кызматтык сапарларга чыгышат.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Маалыматтардын туура экендигин тактаган соң колдонуңуз. Достор менен жолугушуу, эсте каларлык окуя болуп өтөт. Энергия жана акчаны талап кылчу иштер чыгат. Айрымдар жашаган ордун алмаштырышат. Балдарды туура эмес бир нерсе жасап жиберүүдөн сактоо керек. Жолго чыгууну чечкендер керектүү дарыларын ала жүрбөсө жолдо кыйналышы мүмкүн.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Үй-бүлөнүн жыргалчылыгы үчүн ашыкча иштөө чарчатат. Сиз билбеген кайсы бир сырдын бети ачылат. Сиз күтпөгөн адам жардамга кол сунат, ортодо мамиле түзүлүшү мүмкүн. Өз тарабына тарткысы келген адамдар чыгат, ойлонуп иш кылыңыз. Сапатына кейип калбоо үчүн шашылып буюм сатып албоо керек. Кышкыга даярдык көрүү маселеси ойлондурат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 926, 3-9-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан