Кичинемден машинеге отуруп алып жол жүргөн жагат. Өзгөчө алыска сапарга чыксаң сонун да. Терезени карап, ойлоруңду иреттеп, кыялданып, алдыга максат коюп кете бересиң. Шаардан айылга чейинки жолдо ар бир тал-терек, тоо-таш, суу, талаа, үйлөр баары көзүмө жылуу учурай берет. Өтүп баратып ичимден алар менен саламдашып-коштошуп да коймой жайым бар. Бирок мектепти бүтүп, Бишкекте окуй баштагандан бери унааны жактырган сапатым өзгөргөн. Өзүм “Аламүдүн” базары жакта жашайм, БГУга чейин жеткиче автобуста эмне гана болбойт. 1-курста окуп жүргөндө автобуска жулунуп жаткан адамдарды алдыга өткөрө берип өзүм батпай калчумун. Таң атпай туруп жасаган чач жасалгам автобустан түшкөндөн кийин чымчыктын уясын элестетип уйпаланып калар эле. Боюм да кичине, кармагычтарга боюм жетпей калат, адамдар ары жөөлөп, бери жөөлөп айламды кетиришет... Айтор, шаардын унаасына болгон сүйүүм ошентип бүткөн.
Азыр 2-курстамын, бир аз тажрыйба топтоп, шыпылдаган жүргүнчүгө айлангам. Биринчилерден болуп кирем да, “кечиресиз” деген бойдон автобустун төрүнө жөөлөп жөнөйм. Кээде бош орун да болуп калат, мурдагыдай оозумду ачып уйпаланбай калгам. Бүгүн маанайым жакшы, анткени туулган күнүм. Апамдан “эмнеге мени кыштын кыраан чилдесинде төрөйсүз?” десем, “кышында төрөлгөндөр кыйын, чыдамкай болушат” деп күлүп калат. Эшик суук болсо да туулган күнүм эмеспи деп жасанымыш болуп жукараак кызыл пальтомду кийип алдым. Эки жылдан бери чогуу жүрүп 118-автобус менен кастыктан достук мамилеге өттүк окшойт. Кирип эле төргө шыпылдап өттүм, бош орун жок, ошол эле учурда тыгылган адам да жок экен. Бир маалда орун бошоду, отурдум да, терезени карап ойго кирип кетиптирмин. 1 сааттан ашык убакытта жетем, убакыт кенен эле. Бир маалда алдымда кепкачан бир балага көзүм түштү. Өзүм кыска болгонум менен, узун бойлуу балдар жагат. Тиги баланын бою узун экен, кулагында кулакчын, колунда телефон. Эриндеринин формасы жакшы, мурду кырдач, көзү... Эк, кепка тоскоол болуп жатат көзүн жакшылап карайын десем. Башымды эңкейтип карасамчы дегиче каректер чагылыша түштү. Негизи, каректер чагылышты дегенди чыгармалардан эле окучу элем. Көрсө, чын эле чагылышат экен... 3-4 секунд кыймылсыз тиктемей, качан бала жылмайганда гана эмне кылып жатканым мээме жетип кулагымдын учуна чейин кызардым окшойт. Терезени караганым менен, оюм балада. Эмне деп ойлоду экен? Мени карабай эле турабы? Ошондо көзү кандай болуп калды? Акыры чыдабадым, карадым. Мени карабай эле туруптур, бирок сезгендей мен тарапка башын бурду. Бул ирет мен да көзүмдү ала качкан жокмун, ушунча уят болгондон кийин эмнеси калды, карай берейинчи. Сериалдагы “краштарга” окшошкон жок, бирок өзүнө тарткан бир нерсеси бар экен. Дагы жылмайды, мен да... Маал-маалы менен бири-бирибизди карап жылмайып коюп кете бердик. Манас проспектисине жеткенде ал түшүп калды, кайсы университетте окуйт болду экен? Бир күн бою ошол жигит оюмдан кеткен жок, эстеген сайын бетим албырат.
Эми күндө 118-автобуска түшкөндө көзүм ошол баланы издейт. Бир-эки жолу көрдүм, бирок бири-бирибизден алыс болуп калдык. Жылмайганга кол булгалаган кошулган. Эми кийинки жолугушууда жанына барып таанышсамбы деп ойлонуп жатам. Биринчи кадам кылсам эмнеге болбосун, ээ? Балким, бактымды табаттырмын. Балким, жакшы дос же тааныш болобуз. Дароо таанысын деп баягы кызыл пальтону да үстүмдөн түшүрбөй кийип жүрөм. Ырас, аба ырайы да жылып калды. Чоң жигит, эгер азыр менин жазганымды окуп жатсаң, мен сени 118-автобустан күтөм. Таанышып албайлыбы? Менин атым Нурчолпон.