(Башы өткөн сандарда)
– Жаагыңды бас! – деп корс этти күйөөсү. – Мен эмне десем ошол. Азырынча бул балдарды багып турабыз, кийин балдар үйүнө өткөрүп беребиз. Бирок азыр дымыңды чыгарба. Тилиңди сууруп алам.
Бермет шаша-буша көз жашын аарчый калды. Мээсине башка ойлор келе баштады. Эгерде ата-энесине бербей турган болсок, эмнеге алып калганга болбойт? Демек, балдарды алып кала тургандай, күйөөсүн макул кыла тургандай бир аргумент табыш керек.
– Тиги... Бизден кайдан таап алдыңар деп сурайт да балдар үйүнө өткөрүп берсек...
– Эч ким көрбөгөн, билбеген учурда эшигине таштап кетебиз.
– Ой, жок, азыр бардык жерде камера деген бар. Болбойт андай. Байкалып калсак, даана сени күнөөлөшөт, – деди күйөөсүнө күйгөн киши болуп.
– Анда кандай кылалы дейсиң?
– Балдарды өзүбүзгө калтыралы. Бул айылдан көчүп кетели. Менин төркүнүмө кетели. Канчадан бери өзүң суранып жүргөнсүң го, көчүп кетели. Агамдын үйүн сурайм. Сурансам мага каттатып берет. Билесиң го ал мени жанындай жакшы көрөт.
Болот эбактан эле кайнагасынын үйүнө көзү түшүп жүргөн. Бирок Бермет башында макул болбой жаткан эле. Агасы Москвага иштеп кетип, бала-чакасы менен биротоло ошол жакта калып калган.
– Хе, сен макул болбой койбодуң беле? Эми эмне болуп кетти?
– Агам менин сөзүмдү артка кайтарбайт. 8 бөлмөлүү үйлүү болгуң келеби? Чарбагы да бар.
– Ооба, билем, сурасаң жок дебейт. Анан?
– Балдар биз менен калат. Биротоло.
– Эмне-е?
– Менин шартым ушул. Төрөй албай турганымды билдик. Ушул балдарды көкүрөгүмө басып уул, кыз кылып алам. Тагдыр бизге өзү айдап келди.
– Көк мээ го бу, эки баланы тең алабызбы? Кантип багабыз буларды?
– Сен шартымды кабыл ал, болду. Калганын мага кой, кандай болсо да экөөнү багам. Эмне жумуш болсо да иштейм.
– Жок, болбойт, берки балдарымдын ызы-чуусун уккум келбейт менин.
– Анда үй да жок!
Бермет мисирейди. Көнсөң ушуга көнөсүң дегендей. Айтканынан кайра кайтпайт. Бермет ушул мүнөттөрдө Жаратканга жалынып жатты. Эптеп бул адамды көндүрүп, балдарды алып калса эле болду. Андан ары башына эмне сыноо келсе да ыраазы. Акыры талашып-тартышып отуруп Болот көнүп берди. Өмүрүн кумар ойноо, уруш-талаш, алдамчылык кылуу менен өткөргөн бул адам бекер үй дегенде баарына көндү. Ошентип дароо башка районго көчүп кетишти. Ал жактагылар балдарды Болот менен Берметтин балдары деп кабыл алышты. Айрымдары гана “ботом, ушул зөөкүр, жарым эс Болоттон татынакай балдар төрөлгөн экен, ээ?” деп шектенип калышканын Бермет угуп жүрдү. “Балдарым тайларын тарткан” деп басса-турса ошол үчүн айта берчү. Кыскасы, балдар кичине болгондуктан көнүп кетишти. Айдардын атын өзгөртүп Ариет деп жасалма документ алышты. Айсулуу болсо такыр эле жаңы атка көнбөй койду. Аргасыз ага өз атын калтырышты. Ошентип “кар жаады, из басты болуп” эки бала Бермет менен Болоттун карамагында калды. Бермет жашоосундагы болгон сезимдеринин баарын ушул эки чүрпөгө берди. Ким билет, балким, балдар уурдалбаганда мындай энелик мээрим алышат беле же жок беле?.. Бермет күрп тооктой болуп балдарынын жанынан чыкчу эмес. Ал тургай балдарды бала бакчага бергенде ошол жакка тарбиячы болуп ишке кирди, кайра мектеп жашына барганда мектепке которулду. Танаписте чуркап барып балдарын көрүп келчү. Ар дайым балдары менен эле. Аз убакытка да балдарды жалгыз калтыра алчу эмес. Анткени ичинде бир коркунуч бар эле. Эртеби-кечпи балдарын өз ата-энеси таап алышабы деген ой келгенде жаны көзүнө көрүнүп кетчү. Балдарды телевизордон, уюлдук телефондон алыс чоңойтту. Китеп окута берчү, өзү да мугалим болгондуктан кимиси эмнеге жөндөмдүү экенин эрте билип, ошого карата багыттап жүрүп отурду. Бала гүл сымал, аны бапестеп караса ачылып кете берет эмеспи. Акылдуу, мээримдүү, таланттуу балдар болуп чоңоюшту. Балким, жашоолорунда бир окуя болбогондо эч нерсе билинбей ошол боюнча жашап кете беришмек. Балдар 13-12 жашка чыгып калышканда Болот менен Бермет жол кырсыгына кабылышты. Коңшу айылга баратышкан учурда кырсыктап, Болот каза болду. Берметтин болсо буту баспай, майыптардын арабасына отуруп калды. Бермет ооруканада көзүн ачары менен балдарын сурады. Алардын амандыгын укканда кубанганынан шолоктоп ыйлады.
ххх
Айылдагы үйдү сатып, агасынын жардамы менен Бишкекке келип бир бөлмөлүү үй алышкан. Жашоо токтоп калбайт эмеспи. Өзүнүн майыптыгы үчүн алган азыраак пенсиясы жетпей, уулу Ариет иштегенге мажбур болду. Кабыргасы кайышып жатып апасы макулдук берди. Анткени акылдуу бала эле. Мектепке да, иштегенге да жетишем деген менен, окуусун мурдагыдай алып кете албай жатканына кейичү. Ошол күндөрдө Ариет өз атасы Али Акай менен унаа жууган жайда жолугушканын Бермет сураштырып отуруп билди. Бармагын тиштеди. Башында эле анын борборго эч келгиси жок эле. Бирок балдарынын билим алышына, өзүнүн ден соолугуна карап аргасыз бул чечимге келген. Куду азыр келип балдарын бирөө колунан жулуп кетчүдөй алдастады. Бирок окуунун ортосунда балдарды алып кайра кайта албайт эле. Эптеп ушул окуу жылды бүтүрүшсүн, анан кайра айылыбызга кетебиз деп акырындап даярдап жатты балдарды. Борбордо жүрсө эч ким билбеген сыры бир күнү шарт этип чыгып кетчүдөй кыйнала берди. “Булар менин балдарым, Жараткан өзү белек кылган мага. Мени эне кылды. Тирүү туруп балдарымдан ажырай албайм” деп жатты эне ичинен.
ххх
Элес Алинин үйүнөн апасын алып кеткен. Акыркы убактарда алар ушунчалык бактылуу учурларды баштан кечиришти. Эне-кыз сырдашып сыры, ыйлашып ыры бүтпөй жатышты. Ушунча жылдар бою ичке катылган буктар чыкты. Элес бул күндөрү кадимкидей өзгөрдү. Мурункудай кайдыгер, муздак карабай калды жашоого. Апасы экөө үчүн тең кыйын болгон суроону берди бир күнү.
– Апа, атама кийин эч жолуккан жоксузбу?
Апасы башын чайкады. Көпкө ойлонуп турду да, акырын үн катты.
– Түрмөдө жатканда мага бир кат жазыптыр. Ошол катты мага алып келген киши анын каза болгонун айтты.
Элес селт чочуду. Ал “тирүү болсо атама бир жолуксам” деген көксөөсү бар экенин биринчи жолу билди. Атасына болгон сүйүүсү башкача эле. Ушундан кийин ойлуу болуп бир топ күн унчукпай жүрдү. Аны байкаган апасы кызын жанына чакырды. Дарыларды көп ичкендин айынан такыр алсыз болуп калган эле, араң энтигип сүйлөп жатты.
– Кызым, биз атаң экөөбүз тең сенин алдыңда күнөөлүүбүз. Жакшы ата-эне боло албадык, жакшы инсан да боло алган жокпуз. Бирок сезимдерибиз акыйкат болчу, бири-бирибизди сүйгөнүбүз чын. Жаш кезибизде жолуктук, ээ-жаа бербеген сезимдерибиз бар эле. Атаң... Сүйүү деле аны барктаган адамдарда сакталып калат тура. Биз талкаладык. Тагдырыбызды, сени, сүйүүбүздү талкаладык. Атаңдын каты тиги текчеде турат. Бирок азыр окуба, кийин окуурсуң. Сен бизди кечир, буюрса, сенин балдарың табылып калса, биздин катабызды кайталаба. Алар табылат! Мен ишенем.
Ушул сөздү айткан соң аял өзүн жоготуп, ошол бойдон эсине келбеди. Эки күндөн кийин ооруканада кызынын колунан үзүлүп кете берди. Элес апасын кучактап боздоп ыйлап кала берди. Аз гана убакыт чогуу болушту. Бирок бири-бирин түшүнүүгө жана кечиргенге жетишишти...
(Уландысы кийинки санда)