Баланын алгачкы 1000 күнү же эне сүтүнүн касиети  

Эне сүтү – табияттын адамзатка берген эң улуу белектеринин бири. Ал жөн гана азык эмес, баланын ден соолугунун, иммундук системинин жана интеллектуалдык өнүгүүсүнүн негизги фактору болуп эсептелет. Дүйнөлүк илимпоздор жана медицина адистери эне сүтүнүн теңдешсиз касиеттерин ар тараптан изилдеп, анын пайдасын улам жаңы ачылыштар менен тастыктап келишет. Бул макалада эне сүтүнүн уникалдуу курамы, балага тийгизген таасири жана эмизүүнүн идеалдуу мөөнөтү тууралуу сөз кылабыз. 

Эне сүтүнүн уникалдуу курамы

Эне сүтү наристенин өсүшү жана өнүгүшү үчүн керектүү болгон май, белок, углеводдор, витаминдер жана минералдар менен гана чектелбестен, иммуноглобулиндер, ферменттер, гормондор жана пайдалуу бактериялар менен да байытылган. Айрыкча, төрөттөн кийинки алгачкы күндөрдө бөлүнүп чыккан колострум (ууз сүт) өзгөчө баалуу. Австралиянын Батыс университетинин окумуштуусу Фотини Хассиоту жүргүзгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, колострум иммуноглобулиндердин жогорку концентрациясына ээ болуп, баланын алгачкы иммундук коргоосун камсыздайт. Андагы лактоферрин белогу ичеги микрофлорасын колдоого алып, зыяндуу бактериялардын өсүшүн басаңдатат.

Эне сүтүнүн балага тийгизген таасири

1. Иммундук коргоо

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, эне сүтү менен азыктанган балдар инфекциялык ооруларга азыраак чалдыгышат. Латын Америкасында жүргүзүлгөн көп жылдык изилдөөлөр көрсөткөндөй, эмчек эмген балдар арасында дем алуу жолдорунун инфекциялары, ич өткөк жана ортоңку кулак сезгенүүсү 50 пайызга аз кездешет.

2. Акыл-эс жана когнитивдик өнүгүү

Америкалык педиатрия академиясынын изилдөөлөрү эне сүтүндө DHA (Докозагексан кычкылы) бар экенин аныктап, анын баланын мээсинин өнүгүүсүндө негизги ролду ойноорун белгилеген. Британиялык окумуштуулар жүргүзгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, эне сүтү менен азыктанган балдардын орточо IQ деңгээли жасалма сүт менен чоңойгон балдарга салыштырмалуу жогору болору аныкталган.

3. Аллергия жана өнөкөт оорулардан коргоо

Бразилиянын Пелотас университетинин окумуштуусу Сезар Виктора жетектеген көп жылдык изилдөөлөр эне сүтү менен азыктанган балдар астма, кант диабети жана семирүү сыяктуу өнөкөт ооруларга азыраак чалдыгышарын көрсөткөн.

4. Психологиялык байланыш жана эмоционалдык стабилдүүлүк

Швециялык физиолог Керстин Увнэс-Моберг эмчек эмүү учурунда эненин организминде окситоцин гормону бөлүнүп чыгып, анын наристеси менен эмоционалдык байланышын бекемдей турганын аныктаган. Бул гормон энеге да, балага да тынчтык жана ишеним сезимин тартуулайт.

Канча убакыт эмизүү керек?

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму төмөнкүдөй сунуштарды берет:

 • Биринчи 6 айда – балага эне сүтүнөн башка эч нерсе бербөө (эксклюзивдүү эмизүү)

 • 2 жашка чейин же андан өткөндө – кошумча тамак-аш менен кошо эмизүүнү улантуу

Өлкөбүздөгү жана чет элдик педиатрлар баланы жок дегенде 6 ай эмизүү минималдуу мөөнөт деп эсептешет, ал эми 2 жылга чейин эмизүү идеалдуу мөөнөт катары кабыл алынган. 

Эне сүтү боюнча медицинадагы жаңы ачылыштар

1. Stamm клеткаларынын булагы

Австралиянын Батыс университетинин окумуштуулары жүргүзгөн изилдөөлөр эне сүтүндө Stamm клеткалары бар экенин аныкташкан. Бул клеткалар организмдин ар кандай ткандарын жана органдарын калыбына келтирүүгө жөндөмдүү. Изилдөөлөр эмчек сүтүнүн Stamm клеткалары баланын денесинде жашап, анын өнүгүүсүнө салым кошорун көрсөттү.

2. Рак клеткаларына каршы касиеттери

Швециянын Лунд университетинин окумуштуусу Катарина Хаканссон жана анын командасы эне сүтүндө HAMLET (Human Alpha-lactalbumin Made Lethal to Tumor cells) деп аталган белок бар экенин аныктады. Бул белок рак клеткаларын жок кылууга жөндөмдүү болуп, ошол эле учурда дени сак клеткаларга зыян келтирбейт. Учурда бул ачылыш ракка каршы дарылардын жаңы муунун иштеп чыгууда колдонулуп жатат.

3. Кишинин микробиомуна
тийгизген таасири

Калифорния университетинин микробиологдору эне сүтү ичегидеги пайдалуу бактериялардын өсүшүнө түрткү боло турган атайын олигоcахариддерди камтый турганын аныкташты. Бул заттар баланын иммундук системинин калыптанышын кубаттап, анын келечектеги жалпы ден соолугуна таасирин тийгизет.

“Эмчек эмизүү ымыркайлар арасындагы өлүмдү 40 пайызга чейин азайтат”

Белгилүү дарыгер, Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун мурдагы директору Камчыбек Узакбаев да баланы эң аз дегенде жарым жыл эмизүү зарылдыгын айтат. “6 айга чейин эмчек эмизүү ымыркайлардын өлүмүн 40 пайызга чейин азайтат” деген ал Бишкектеги маалымат жыйынында.  

Эмчек эмизүү эне үчүн да пайдалуу

Эмчек эмизүү эне организмине да оң таасирин тийгизет. Америкалык акушер-гинекологдор ассоциациясы жүргүзгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, эмизүү:

 • төрөттөн кийинки кан келүүнү азайтат

 • жатындын калыбына келүүсүн тездетет

 • сүт безинин жана жатындын рак оорусунун тобокелдигин төмөндөтөт

 • төрөттөн кийинки депрессиянын алдын алат

Ошондуктан медицина адистери энелерге баласын жок дегенде 6 ай, ал эми мүмкүн болсо 2 жашка чейин эмизүүнү сунушташат. Медицинада гана эмес, Ислам дининде да баланы 2 жашка чейин эмизүү зарыл деп эсептелет, эгер эмчек эмизүү эненин ден соолугуна зыян келтирбесе. Бирок азыркы учурда ар кандай турмуштук жагдайларды шылтоолоп, мисалы, "фигурам бузулат", "иштеп акча табышым керек" жана башка деп баласын эрте эле эмчектен чыгарып салгандар жок эмес. Бул туура эмес экенин, бала ден соолугу чың болуп чоңоюшу үчүн 24 ай бою эмизүү керектигин, жогоруда айткандай, жаңы илимий изилдөөлөр дагы бир жолу бекемдеп жатышат. Бириккен улуттар уюмунун Балдар фонду 2017-жылы Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен биргеликте жүргүзгөн изилдөөсүндө Кыргызстанда 6 айга чейинки ымыркайлардын жарымынан көбү туруктуу эмизилбей турганын ачыктаган. Тагыраагы, жарым жашка чейинки балдардын 41 пайызы гана эне сүтү менен багылары белгилүү болгон. 

Эмчек эмизүү жумалыгы

Жыл сайын 1-7-август аралыгында Бүткүл дүйнөлүк эмчек эмизүү жумалыгы белгиленет. Ага дүйнөнүн 170 өлкөсү катышып, эне сүтүнүн мааниси даңазаланат. Жумалыктын максаты – эмчек эмизүүнү стимулдаштыруу жана балдардын ден соолугун жакшыртуу. Жумалыкта адистер бала эмизген энелерге жана болочок энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Жашоонун алгачкы 1000 күнү – баланын бойго бүткөндөн баштап экинчи туулган күнүнө чейинки убакыт – баланын өнүгүүсүнүн жана узак мөөнөттүү ден соолугун чыңдоо үчүн уникалдуу терезе дешет адистер. Биринчи жолу эмчек эмизүү жумалыгы 1991-жылы өткөрүлгөн. 

Адина Муктар      

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1162, 21-27-март, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан