“Чыгармачылыкта өз киндигимди өзүм кескен адаммын. Эр ортону 50гө келгенде алды-артыңды карап, өзүңө отчёт берип калат экенсиң”, – дейт белгилүү ырчы, обончу, күүчү Айбек Карымов. Ыр сүйгөн жан дүйнө, талантты таптоо, аян берүүлөр, маданият казынасына кошкон салымы, айтор, кеңири форматта пикир алыштык.
«Таякемдин комузун сурай албай жүрдүм»
– Мага эч ким жанына же алдына отургузуп алып комуз черткенди үйрөткөн эмес. Жараткан талант берген экен кантип үйрөнгөнүмдү өзүм деле билбей калдым, чынында. Эсимде, 4-5 жашымда кошуна-колоңдор комуз чертишсе алардын жанынан чыкпай, ынтызарлык менен үңүлө тиктеп отура берер элем. Комузду жерге коюшса ала салып, окшошсо-окшошпосо да чертип, ошого сүйүнчүмүн. Ошентип жүрүп 1-класска чейин эле үйрөнүп алдым. Кары деген таякемдин үйүндө капкагы жок, кулактары сынык бир эски комуз чаң басып илинип турчу. Аныкына барган сайын ошол комуздан көзүм өтөт. Бирок таякемден “мага бериңиз” деп сурай албай көпкө жүрүп, акыры бир күнү чыгынып туруп сурадым. “Балам экөөң бир боо табылгы отун жыйнап келгиле, ошондо берем” деди. Таякемдин баласынын ой-боюна койбой сүйрөп барып, экөөбүз отун жыйнап келсек таякем боору эзиле күлүп, “мурдуңду урайындар, тамашалап койсо чындап эле отунга барып келдиңерби?” деп комузду берди. Эртеси комузду ийине жеткире черткен Орок деген кишиге алып барып “капкактап бериңиз” деп сурандым. Ал менин шыктуу экенимди билет эле. 1 жумага жеткирбей капкактап, кылын, кулактарын тагып берди. Алгачкы комузум ошол болду.
«Көзүмө Токтогул акындын өзү көрүнүп...»
– Күү жарата баштаганыма 4-5 жыл болду. Комузду колго алсам эле белгисиз бир кайрыктар келе берчү. Ичимден “күү жаратып калышым мүмкүнбү” деп ойлонуп жүрдүм. 2014-жылы Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракесине карата Токтогулдун күүлөрүн, ыр, терме, айтыш, насаат ырларын, чыгармаларына жазылган симфонияларды топтоп, аудиокитеп чыгардым. Бул чоң эмгекке 1,5 жыл короттум. Ошол маалда “Токтогулдун насыйкаты” деген күү-терме жараттым. Текстин акын Бактыгүл Чотурова жазып берди. 150 жылдык мааракеде аудиокитептин бет ачарын жасап, күү-термени аткардым. Эл жакшы кабыл алды. Кызыгы, ошол түнү уктап жатып чочуп ойгондум, карасам этек жагымда Токтогул акын өзү турат. Көзүбүзгө сиңип калган сүрөтү бар го, тебетей кийип колуна комуз кармап турган. Дал ошол сүрөттөгүдөй кийимчен экен. Болгону колунда комузу барбы, жокпу байкай албадым. Көз алдымда бир аз турду да жок болуп кетти. Шак отура калып куран окудум. Сыртты карасам, таңга жуук болуп калыптыр, бул сырдуу көрүнүштү эч кимге айткан жокмун. Кийин гана Бактыгүл Чотурова эжеге айтсам “ал кишинин 150 жылдыгына көп эмгек кылдың, ошого арбагы ыраазы болду окшойт” деди.
«Күүлөрүмө катуу сын айтышса сынып калбаймынбы деп чочуладым»
– 2018-жылы сахна менен коштошуп, 2023-жылы кайра кайттым. Анан “Каганат” деген күү жараттым, аны ийлеп, бышырганга 3 жылдай убакыт кетти. Композитор Азамат Отунчиев оркестрге ылайыктап иштеп чыкты. Бир аз тыныгуудан кийин аян берилип, “Алтайдан аян” деген да күү жараттым. Бул күүнү нотага түшүрүп койгом, эми концерт берсем ушунун, анан “Кетмен-Төбө кең өрөөн” деген күүмдүн да бет ачарын кылам деп турам, буюрса. Чоң комузчу, күүчүлөр менин күүлөрүмө кандай баа беришти? Биринчи күүмдүн бет ачарын кыларда чочуладым бир аз. Катуу сын айтышса шагым сынып калып, андан ары күү жарата албай калбаймынбы деген ойлор келди. Бирок баары күүнү угуп көрүп, мени таң калуу менен карашты. Мени обончу, ырчы катары билишкени менен, күү чыгарган адам катары билишпейт болчу да. Жакшы пикирлер айтылды. Себеби “Каганаттын” ичинде кыргыздын өтмүшү, кайгысы, тилектери, анан эгемендүүлүктү алгандагы кубанычы, кыскасы, баары камтылган. Анын баарын жиликтеп түшүнгөндөр түшүнүштү, түшүнбөгөндөр “жакшы күү экен” деп тим болушту. Ошентип өнөр ааламындагы чыйырым баягы комуздан башталды. Күү, комуз дүйнөсүнүн эшигин мага ошол капкагы жок эски комуз ачып берди.
«Түгөлбай Казаков агайга таасирленгем»
– Обончулук деле Кудай берген өнөр тура. Жаманбы, жакшыбы, элге обончу аталдым. Мени обондору менен таасирленткен Асанкалый Керимбаев жана Түгөлбай Казаков агайлар болушту. Бирок башында менде ошол агайлардай болуп обон жаратып калам деген ой болгон эмес. Студент кезимде сынык гитарам бар эле. Бир күнү каникул мезгилинде Мырзакан деген классташымдын:
"Алтыным, берегирээк келчи мындай,
Отурчу жан эргите ырдай-ырдай, – деп айтып калчу ыр саптары эсиме түштү. Ага улап текст жаздым. Анан тез эле обону да чыгып калса болобу?! Ошентип алгачкы “Сүйүү керемети” ырым жаралды. Күн сайын ошону ырдайм. Апам угуп, “бул жаңы жакшы ыр го” деп калды. “Билбейм” деп койдум ачык айта албай. Каникул бүтүп, окуу башталды. Кадыр деген тайпалашым аккордеон бөлүмүндө окучу. Ага айтсам, мени ырдатып көрүп аябай мактады. Ал арада бизди айыл чарба жумушуна, жүзүм терүүгө алып кетишти. Кадыр экөөбүз баягы ырды студенттерге ырдап бердик. Суранып, сүрөп, кайра-кайра ырдатышты. Ыр кимдики дешсе, “меники” деп айткандан уялам. Анан Кадыр “Айбектики” деп айтып салды. Жүзүмзарда ушул ырым жаңырды да калды. Эки аптанын ичинде элге жайылып кетти. Ал ырдын артынан кийинкы ырларым жаралып, хит болуп жатты.
«Чоң атам атактуу болгонумду көрбөй калды»
– Чоң атамдын мен жөнүндө жакшы түш көргөнүн айтып, кубанып отурганы алигиче көз алдымда турат. Ошондо 4-5 жашар бала элем. Чоң атам эртең менен туруп эле мени алдына отургузуп алып “менин балам жөнөкөй адам болбойт” деп абдан мактап, кубанып жатат. Түшүндө менин маңдайымда жылдыз жанып турганын көрүптүр. Эми ошону эстесем, кийин менин жаманбы-жакшыбы элге таанылып, элдин кызматында жүрөрүмдү ошол түшүндө көргөнбү деп калам. Бирок ал киши менин атактуу болгонумду көрбөй кетти. Чоң атамдын көзү өткөндө мен болгону 7-класста элем.
«Дагы 15-20 жыл чыгармачылыкта жүрсөм дейм»
– Азыркыга чейин өзүмө жакпаган начар текстке обон чыгарып алуудан корком. Бир акындын көңүлү деп да обон чыгаруудан чочулайм. Музыка дүйнөсүнө, күү казынасына аз болсо да өз салымымды кошуп келем. 50дөй обонум бар. Акын жакшы ыр жазса, аны обончу жүрөгүнөн өткөрө алса гана жакшы обон жаралат деп айтат элем. 4-5 жашында комуз кармаган бир кездеги сары бала учурда 56 жашка чыкты. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти аталдым. Буюрса, Эл артисти наамын дагы аларбыз. Ага чейин дагы 15-20 жыл чыгармалыктын чыйырынан чыкпай эмгек кыла берсем деген тилегим бар.
Канымжан Усупбекова