Элестетиңиз, сиздин телефонуңузга белгисиз бирөө чалып:
– Саламатсызбы? Биз сиздин банктагы эсебиңизди текшерип жатабыз. Картаңыз жабылып калбашы үчүн сизге келген SMS-кодду айтып коюңуз, – дейт.
Сиз ишенип, кодду бересиз. Бир нече мүнөттөн кийин банктык эсебиңиздеги акчаңыз жок болуп кеткенин көрөсүз...
Же болбосо, Инстаграмдан “Куттуктайбыз! Сиз белек утуп алдыңыз!” деген билдирүү аласыз. Сүйүнүп, шилтемени басасыз, тийиштүү маалыматтарыңызды киргизесиз. Бир аздан кийин аккаунтуңуз хакерлердин колуна өтүп, досторуңузга сиздин атыңыздан “Мага тез арада 5000 сом салып жибергиле” деген билдирүүлөр кетет.
Мунун баары – киберчабуул деп аталган заманбап алдамчылыктын түрлөрү. Бүгүнкү күндө адамдар телефон, компьютер жана интернетти активдүү колдонгондуктан, киберчабуулдар эң чоң коопсуздук маселесине айланды. Бул макалада "киберчабуул деген эмне, ал кимдерге кооптуу жана өзүбүздү кантип коргой алабыз?" деген суроолорго жооп беребиз.
Киберчабуул деген эмне?
Киберчабуул – бул интернет аркылуу адамдардын жеке маалыматтарын уурдоо, акчасын алуу же компьютерлерин иштен чыгаруу максатында жасалган кылмыш. Эгер сиз эшигиңизди ачык калтырсаңыз, уурулар кирип кетиши мүмкүн. Ошол сыяктуу эле компьютериңизге вирус жүктөсөңүз же белгисиз шилтемелерди бассаңыз, хакерлер сиздин жеке маалыматтарыңызды тартып алышы мүмкүн. Киберчабуулчу (хакер) – интернет аркылуу адамдарга зыян келтирген киши. Киберчабуул жасаган адамдардын ар кандай максаты болот:
Акча уурдоо – банк карталарынын сырсөзүн билип, эсептерден акча алышат.
Маалымат уурдоо – адамдардын же ишканалардын жашыруун документтерин тартып алышат.
Чагымчылдык (саботаж) – өлкөлөр же уюмдар бири-бирине зыян келтирүү үчүн жасашат.
Көңүл ачуу – кээ бир жаш хакерлер жөн эле “күч сынап көрүү” максатында веб-сайттарды бузушат.
Жеке адамдарга:
Банк картасынын маалыматын берип, акчасынан айрылышы мүмкүн.
Социалдык тармактардагы аккаунту уурдалышы ыктымал.
Телефонуна вирус кирип, жеке сүрөттөрү жана маалыматтары башкаларга жайылып кетиши мүмкүн.
Компанияларга:
Хакерлер алардын купуя маалыматтарын уурдап, акча талап кылышы мүмкүн.
Онлайн дүкөндөрдүн веб-сайттарын бузуп, ишин токтотушу ыктымал.
Өкмөттөргө:
Мамлекеттик системдер бузулуп, шайлоо же башка саясий процесстерге таасир этилиши мүмкүн.
Чек арадагы коопсуздукка байланыштуу жашыруун маалыматтар уурдалышы ыктымал.
Киберчабуул качан башталган?
Интернет жаңы чыкканда адамдар аны коопсуз деп ойлошкон. Бирок 1980-жылдары эле алгачкы вирустар пайда боло баштаган.
Биринчи вирус “Brain” деп аталат. Бул вирус Пакистанда 1986-жылы пайда болгон. Компьютер ээлери ал вирус алардын системине киргенин билсин деп жазылган эле.
1999-жылы “Melissa” вирусу электрондук почталар аркылуу тарап, миңдеген компьютерлерди иштен чыгарган.
2000-жылдары банк карталарын бузуу башталган.
2010-жылы “Stuxnet” вирусу Ирандын өзөктүк программасын жок кылуу үчүн атайын жасалган.
Бүгүнкү күндө банктарга, өкмөттөргө, компанияларга жана жеке адамдарга багытталган киберчабуулдар күч алып, андан сактануу абзел болуп калды. Киберчабуулдар кимдерге кандай коркунуч жаратат?
Киберчабуулдардан коргонуу үчүн жөнөкөй эрежелер
1. Күчтүү сырсөз (пароль) коюңуз – бул эшикти бекиткендей маанилүү!
Эгер үйүңүздүн эшигин бекитпестен ачык калтырсаңыз, уурулар оңой эле кире алышат. Интернетте да ушундай. Кантип коопсуз болуу керек?
– Күчтүү сырсөз коюңуз. Мисалы, Bishkek2024!_@
– Бир эле сырсөздү бардык жерде колдонбоңуз!
– Эки факторлуу коргоону (2FA) жандырыңыз.
2. Банк кызматкеримин деген адамдарга ишенбеңиз!
Хакерлер сизге телефон чалып, банк кызматкерибиз деп өздөрүн тааныштырышы мүмкүн. Эсиңизде болсун, банк кызматкерлери сизге телефон чалып же онлайн режимде байланышып сырсөз, карта номери же SMS-код сурабайт! Белгисиз номерлерден келген шилтемелерди баспаңыз!
3. Коомдук Wi-Fi – коркунучтуу тор!
Кафеде, сейил бактарда, автобекеттерде акысыз Wi-Fi колдонуп жатасызбы? Эсиңизде болсун, ал тармакка хакерлер кошулуп, сиздин жеке маалыматтарыңызды уурдашы мүмкүн. Эмне кылуу керек?
• Коомдук Wi-Fi аркылуу банктык операция жасабаңыз!
• Виртуалдык коргоо кызматы (VPN) колдонуп, маалыматтарыңызды шифрлеңиз
• Телефонуңузга вируска каршы программа (антивирус) орнотуңуз!
4. Фейсбук, Инстаграм, Вотсаптагы алдамчылар
Айназик деген кыз Инстаграмдан белек утуп алганын айтып, жеке маалыматтарын бирөө менен бөлүшкөн. Бирок анын аккаунтун уурдап, досторунан акча сурап башташкан. Мындай абалга түшпөш үчүн эмне кылуу керек?
• Өзүңүз тууралуу маалыматты (телефон номери, үйдүн дареги, паспорт сүрөтү) социалдык тармактарга чыгарбаңыз.
• Белгисиз адамдар менен маалымат бөлүшүүдөн мурун ойлонуңуз.
• Досторуңуздан акча сураган билдирүү келсе, биринчи алардын үнүн угуп, чыныгы досуңузбу же башкабы, текшериңиз.
Интернет – пайдалуу курал, бирок коопсуздук сакталбаса, алдамчылыктын курмандыгы болуп калышыңыз мүмкүн! Өзүңүздү жана жакындарыңызды киберчабуулдан коргоо үчүн бүгүндөн тарта коопсуздук чараларын колдонуңуз же күчөтүңүз, окурман!
Адина Муктар